Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

«Кыргызстан» партиясы шайлоого катышууга расмий уруксат алды


«Кыргызстан» партиясынын желеги.
«Кыргызстан» партиясынын желеги.

Документ чырына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) менен соттошуп, утуп алган «Кыргызстан» партиясы 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо ат салышуу үчүн расмий каттоодон өттү.

3-сентябрдагы жыйында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул партияны каттоого каршы жалгыз добуш берди.

БШК 24-августта парламенттик шайлоого аттанган партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок документ тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган.

«Кыргызстан» партиясы БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылып, утуп алган. БШК кассациялык арыз менен Жогорку сотко арызданып, ал жакта да партиянын пайдасына чечим чыккан.

БШК партиялардын документин тактап, шайлоого катышууга расмий уруксат берүү жараянын 3-сентябрда аяктап, 4-сентябрда үгүт башталат.

120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттары беш жыл сайын шайланат. (SE)

XS
SM
MD
LG