Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:21

БШК тизме чырын сотко түрттү


БШК «Бүтүн Кыргызстанга» каршы арызды карады
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:32 0:00

БШК «Бүтүн Кыргызстанга» каршы арызды карады

Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерликтен чыгып калган Турсунбай Бакир уулунун партиянын жыйынында бекитилген тизменин өзгөртүлүшүнө байланыштуу «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясына карата арызын карады.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясын парламенттик шайлоого каттоодон баш тартуу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобунун сунушу колдоо тапкан жок.

Аталган партияга каршы Турсунбай Бакир уулу жазган арызды караган жумушчу топтун жыйыны 2-сентябрда болду.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого баратканын айткан Бакир уулу талапкерликтен чыгып калганын билдирген. Ал партиянын эң жогорку органы болгон жыйындын чечимин өз алдынча бурмалоого жол берген деген негиз менен партия лидери Адахан Мадумаровго кине койгон.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү эч кандай эреже бузулбаганын айтып, конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин 10-бөлүкчөсүндө тизмени өзгөртүү шарттары каралганын жүйө келтиришүүдө.

Жумушчу топтун жыйынына Мадумаров да, Бакир уулу да катышты.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова түшүндүрмөдө бул жолку чечим жалпы шайлоонун жүрүшүнө таасир этерин айтып, партия ичиндеги талаштарды сот аркылуу чечүү сунушталды.

Турсунбай Бакир уулунун арызын караган БШК жыйыны. 2-сентябрь, 2020-жыл.

Артка жылдырылган саясатчынын ич күптүсү

Турсунбай Бакир уулу партиянын эң жогорку органы болгон съезддин чечимин өз алдынча бурмалоого жол берген деген негиз менен партия лидери Адахан Мадумаровго кине койгон. Ал эми "Бүтүн Кыргызстан" Бакир уулунун айыптоосун негизсиз деп эсептейт.

Турсунбай Бакир уулу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров партиянын жогорку органы - Курултай бекиткен талапкерлердин тизмесин өзгөртүп, аны БШКга тапшыруунун астында талапкерлердин катар орундарын алмаштырууга жол берген деп эсептейт.

«Адахан Мадумаров курултайда тизменин алдыңкы жыйырмалыгын окуду. Анда менин аты-жөнүм аталды. Ал жазууда мен 18-орунда элем. Тизмени бекитүү үчүн добуш бергенбиз. 84ү макул, бирөө каршы добуш берген. Бирок эртеси эле аталган тизмени төрт-беш киши менен бирге өзгөртүп салды. Мени 22-орунга жылдырып, алдыма олигархтардын ысымдарын коюп коюптур. Мени Адахан Мадумаров чакырганда, кабинетте тизмени өзгөрткөн беш адамдын бири Муратбек Малабаев турган экен. Мен аларга "Мыйзамды сактап, курултайдын чечимин бузбагыла" деген талап койдум. Курултайдын чечимин курултай гана өзгөртө алат. Анткени ар бир партиянын эң жогорку органы - Курултай. Ал анын төрагасынан, саясий кеңешинен дагы жогору турат. Анда бекитилген чечим кынтыксыз аткарылууга тийиш болчу».

Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамдын 60-беренесинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибинде алардын курамын жана жайгашуу катарын өзгөртүүгө тыюу салган ченем киргизилген.

Бирок бул ченем партиялык тизме БШКга тапшырылгандан кийинки мезгилди ичине камтыйт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов талапкер тизмеден чыккан учурду эске албаганда анын курамы өзгөртүлбөй турганын айтты:

«Мисалы, талапкер өз эрки менен тизмеден чыгабы же аны партия чыгарабы, мына ошол учурдан башка мезгилде бирөөнүн ордуна башка бирөөнү тизмеге киргизип, анын курамын алмаштырууга эч кимдин акысы жок. Бул тууралуу 60-берененин 5-бөлүкчөсүнүн эң соңку сабында көрсөтүлгөн. Анда талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин, талапкерлердин чыгып кетүүлөрүнөн улам боло турган өзгөрүүлөрдү кошпогондо анын курамы жана ага талапкерлерди жайгаштыруу тартиби өзгөртүлүшү мүмкүн эмес экени жазылган».

"Бүтүн Кыргызстандын" жүйөсү

Ошол эле кезде "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын өкүлдөрү конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин 10-бөлүкчөсүн жетекчиликке алуу менен партиялык тизменин курамын өзгөртүү талапкерди тизмеден чыгарып салууга мүмкүнчүлүк берген ченемдин негизинде жүргөнүн жүйө келтирүүдө.

Анткени "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын өкүлү Айданбек Акмат уулунун айтымында, бул ченем партияга талапкерди тизмеден чыгарууга мүмкүнчүлүк берет:

«Курултайда жалпы тизме бекитилет. Бүттү. Бирок анда кимдир-бирөөнүн канчанчы катарда турганына кепилдик берилбейт. Кимдин канчанчы болуп бара турганы боюнча катуу сакталган эреже жок. Аны аныктай турган мыйзамда дагы кандайдыр бир ченем киргизилген эмес. Турсунбай Бакир уулу тизмеде 22-орунда экенин тактоо боюнча партиянын лидери менен сүйлөшүп жатканда ага ыраазы эмес экенин айткандан кийин тизмеден чыгып калдыбы же жокпу анысы мага белгисиз. Бирок 61-берененин 10-бөлүмүндө саясий партия добуш берүүгө беш күн калганга чейин айрым бир талапкерлерди тизмеден алып салууга акысы бары көрсөтүлгөн. Бул деген сөз партия бир эле курултайда бекитилген тизме эмес, БШКга тапшырылган тизмеден дагы айрым бир талапкерлерди чыгарып салууга укугу бар дегенди түшүндүрөт»​.

Саясат талдоочулар менен юристтер мындагы укуктук чалкештиктин себептерин аталган шайлоо мыйзамынын өзүнүн ичиндеги карама-каршылык жана алардагы ченемдердин "саясий партиялар тууралуу" мыйзамга каршы келген жагдайлары менен байланыштырды.

Мыйзамдардагы чалкештик

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Жаркын Бапанова талапкерлердин тизмесин бекитүү тартиби жана ага өзгөртүү киргизүү учурлары боюнча кошумча укуктук ченемдердин жоктугун айтып, мыйзамдын талаптары ар башкача чечмеленип жатканын белгиледи:

«​Партиялар съездин өткөрүп, тизмени бекиткен соң, аны БШКга тапшыргандан кийин анын курамын алмаштырууга укугу жок. Бирок кээ бир партиялар мына ошол талапкерлердин тизмесин өзгөртүп эле келе жатат. Бул жерде негизи мыйзамда дагы эки ача пикир болуп калган. Муну мыйзамды жазгандар эске алып, ал ченемдердин бири-бирине каршы келишин алдын алышы керек болчу. Ошондуктан бул жерде укуктук чалкештиктин негизги себеби аны туура чечмелей турган ички жоболордун жана кошумча укуктук ченемдер кирбей, так эместиктерге жол берилип калган».


БШК тизменин өзгөрүшү боюнча арыз түшкөн учурда гана партиянын шайлоо эрежелерин бузуу тартиби карала турганын эскертти. Тизме боюнча арыздарды кароо мөөнөтү мыйзам боюнча ал тапшырылгандан кийин үч күн ичинде каралышы кажет.

Буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, милициянын генерал-майору Өмүрбек Суваналиев, экс-премьер-министр Темир Сариев, экс-депутаттар Исхак Масалиев, Мурадыл Мадаминов, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу, парламенттин мурдагы аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушев жана коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков сыяктуу саясатчылар "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын шайлоо тизмесинин курамына киришкен.

Бирок курултайдан кийин белгисиз себептер менен Темир Сариев, Мурадыл Мадаминов, Абдыманап Кутушев жана Турсунбай Бакир уулу сыяктуу саясатчылар кайра бул партия менен шайлоого барбай турганын жарыялашкан. Алардын арасынан Турсунбай Бакир уулу партиялык тизмени түзүүгө каршы болуп, Боршайкомго арыз менен кайрылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубанычбек Жолдошев

    "Азаттыктын" иликтөө журналисти. Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG