Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00
Жогорку соттун алдына митингге чыккандар. 1-сентябрь.
Жогорку соттун алдына митингге чыккандар. 1-сентябрь.

Жогорку сот «Кыргызстандын» пайдасына чечим чыгарды

БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок документ тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган.

«Кыргызстан» БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылып, 27-августта судья Чолпон Досмамбетова партиянын арызын канааттандырган. Бул чечимге каршы болгон БШК Жогорку сотко арызданган. Боршайкомдун арызын кароо боюнча сот жараяны 1-сентябрда саат 16:00дө башталды.

19:47 1.9.2020

Жогорку сот 1-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) «Кыргызстан» партиясы боюнча Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы кассациялык арызын карап, күчүндө калтырды. Чечим дароо күчүнө кирет, үстүнөн арызданууга болбойт.

Мындан улам сыртта чечимди күтүп тургандар БШКнын имаратынын астына келип, "БШК "Кыргызстандын" документтерин кабыл албасын", "БШК азамат", "БШК коркпосун", "БШКнын артында эл турат", "Милиция эл менен" деп кыйкырып жатышат.

19:45 1.9.2020

Жогорку сот 1-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) «Кыргызстан» партиясы боюнча Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы кассациялык арызын карап, күчүндө калтырды. Чечим дароо күчүнө кирет, үстүнөн арызданууга болбойт.

БШК 24-августта парламенттик шайлоого аттанган партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок документ тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган.

«Кыргызстан» БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылып, 27-августта судья Чолпон Досмамбетова партиянын арызын канааттандырган. Бул чечимге каршы болгон БШК Жогорку сотко арызданган.

Отурум маалында Жогорку соттун алдында «Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүүнү талап кылган жарандык активисттер менен шайлоого бараткан айрым партиялардын мүчөлөрү нааразылык акциясын өткөрүштү.

Ошол эле жерде «Кыргызстан» партиясынын да бир нече тарапташтары акцияга чыгып, «таза шайлоо» деп кыйкырып турушту.

19:01 1.9.2020

"Бир Бол" партиясынан депутаттыкка талапкер Руслан Акматбек: Бүгүн сот адилетсиз чечим чыгарса, ээрге кыйшык отурат. Бул шайлоодон кийин биз оңолобуз же туңгуюкка кетебиз. Биз партияга каршы чыккан жокпуз, биз мыйзамдуулук сакталсын деп чыгып атабыз.

18:54 1.9.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG