Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Турсунбай Бакир уулу БШКны сотко берет


Турсунбай Бакир уулу.
Турсунбай Бакир уулу.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынан шайлоого аттанып, бирок жыйындан кийин тизмеден алынган Турсунбай Бакир уулу Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) сотко бере турганын «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, арыз 4-сентябрда Бишкектин административдик сотуна берилет.

«БШКнын менин «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын үстүнөн жазган арызыма карата чыгарган чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, сотко кайрылып жатам. 2-сентябрда БШК менин арызымды карап, «сотко кайрылсын» деген чечим чыгарды. Алар менин маселемди чечиштин ордуна сотко түртүп коюшту», - деди ал.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого баратканын айткан Бакир уулу партиянын отурумунан кийин талапкерликтен чыгып калганын билдирген. Ал «жыйындын чечимин өз алдынча бурмалоого жол берген» деп партия лидери Адахан Мадумаровду айыптап, Боршайкомдон жыйында кабыл алынган тизмени калыбына келтирүүсүн талап кылууну өтүнгөн.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери эч кандай эреже бузулбаганын айтып, конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин 10-бөлүкчөсүндө тизмени өзгөртүү шарттары каралганын жүйө келтирүүдө. БШК бул маселени 2-сентябрдагы отурумда карап, партия ичиндеги талаштарды сот аркылуу чечүүнү сунуш кылган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Саясий жарышка катышууга 17 партия 24-августта документ тапшырган. 3-сентябрга карата алардын ичинен төрт партия шайлоого талапкер катары катталды.

БШК партиялардын документин тактап, шайлоого катышууга расмий уруксат берүү жараянын 3-сентябрда аякташы керек. 4-сентябрда үгүт иши башталат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG