Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-ноябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:32

Кастыктын тили шайлоодо күчөйт


“Касташуу тили жана бөлүп-жаруу көрүнүштөрү” изилдөөсүнүн презентациясы

“Полис Азия” аналитикалык борбору жана “Эсимде” талкуулоо аянтчасы “Касташуу тили жана бөлүп-жаруу көрүнүштөрү” аттуу изилдөөнүн бет ачарын өткөрдү.

«Полис Азиянын» адистери соңку бир нече айдын ичинде маданият тармагында, жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМК) жана саясатта кездешкен касташуу тилине анализ жүргүзгөн.

Тарыхчы Назикбек Кыдырмышев кээ бир саясий күчтөр улуттук деңгээлде саясат жасоо максатында элди экиге бөлө турганын билдирүүдө. Ал талапкерлердин көпчүлүгү бир райондо жашаган элди жерине, уруусуна карата өз-өзүнчө чогултуу менен бөлүнүп-жарылууга шарт түзүп жатканын кошумчалады. Тарыхчы Кыргызстанга түндүк жана түштүк деген түшүнүк кийин эле келгенин айтты:

Назикбек Кыдырмышев
Назикбек Кыдырмышев

«Тарых китептеринде «түндүк Кыргызстанды багындыруу, түштүк Кыргызстан Орус империясынын катарына кошулду» деген сөздөр жазылып калган. Ал китептер мектептерге тарап кеткен. Андан кийин бул сөздөр этнографияда да көп колдонула баштады. Акыры көпчүлүктүн кулагына сиңип калды. Мындан тышкары түндүк диалектиси, түштүк диалектиси деген түшүнүк пайда болду. Бул сөздөр илимде колдонула баштагандыктан жөнөкөй жарандар туура кабыл алып жатат. Биз кээ бир учурда бири-бирибиздин 99 окшош жагыбызды көрбөй туруп, бир айырмачылыгыбыз үчүн бөлүнө беребиз».

Уюштуруучулар изилдөөнүн жыйынтыгын парламенттик шайлоонун үгүт иштери башталып жаткан учурда атайын жарыялашканын айтышат. Себеби шайлоо курчуган маалда кастыктын тили болгон «алар», «биз», «өзүбүз» жана «жаттар» деген сөздөр көп кездеше баштайт.

Саясат таануу илимдеринин доктору Медет Түлөгөнов шайлоочулар партиялардын программасына эмес, талапкерлердин жердигине карап тандай турганын айтып жатат.

«Саясатчылар эл алдында абайлап сүйлөгөнгө аракет кылышат. Анткени сүйлөгөн сөзүнөн жабыркап калган учурлар бар. Бирок талапкерлер добуш алуу максатында тар чөйрөдө аймакчылык тилин колдонуп, бөлүп-жарууга алып келе турган сөздөрдү айтышы толук мүмкүн. Өзгөчө мындай көрүнүш президенттик шайлоо маалында күчөй турганына күбө болдук».

Мелис Эржигитов Кыргызстанда жарык көргөн төрт гезиттин соңку эки жылдагы 72 макаласын анализдеп, басылмаларда аймакчылык жана касташуу тили колдонулуп жатканына кызыккан. Эржигитов көпчүлүк гезиттердин бетинен элди бөлүп-жарууга үндөй турган темаларды кездештирүүгө боло турганын айтты:

Мелис Эржигитов
Мелис Эржигитов

«Мен «Дело №», «Азия news», «Ачык саясат плюс» жана «Кыргыз Туусу» гезиттерине анализ жасадым. Биздин гезиттер аймакчылык тилин саясатты түшүндүрүүнүн формуласына айландырыптыр. «Кыргыз туусу» аймакчылык темасын өз демилгеси менен эмес, бийликтин көрсөтмөсү менен жазат экен. Мисалы, президент Сооронбай Жээнбековдун «Кайсы аймактан чиновниктер менен депутаттар көп болсо, капитал ошол жакка карай агылган лобби күчөдү» деген цитатасын келтирип, бул теманы андан ары өнүктүргөн. Биз элди ынтымакка чакырып жатабыз. Ошол эле маалда сөзүбүз башка болуп, жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) аймакчылык тили менен сүйлөп жатат».

Аналитиктердин сынына маданият тармагы да кабылып, кыргыз куудулдары жана жаштар көп көргөн кыска тамашалардын авторлору аймакчылык темасы менен элди күлдүрүп жатканы айтылды. Мындан тышкары бир топ кыргыз кинолорунда ар бир региондун салтына же ошол жакка гана мүнөздүү болгон көрүнүштөргө басым жасалары кошумчаланды.

«Касташуу тили жана бөлүп-жаруу көрүнүштөрү» иш-чарасы буга чейин Ош шаарында өткөн. Алар изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын коомго жарыялап, шайлоого аттанган партияларга да бере турганын айтышты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG