Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-октябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 22:14

Тең укуктуу үй-бүлөнүн телегейи тегиз


Максат Курманалиев.

Максат Курманалиев жана Элиза Койлубаева элет жергесинде тең укуктуу үй-бүлө түшүнүгүн жайылткысы келген жубайлар.

Жубайлар Максат Курманалиев жана Элиза Койлубаева он жылдан бери түтүн булатып, үч баланы тарбиялап келатышат. Алар Ысык-Көл облусунун чыгышында жайгашкан чакан Кытай айылынын тургундары. Бул айылда деле өлкөдөгү башка аймактардагыдай жубайлардын ар биринин милдети, өзгөчө аялдардын орду тууралуу стереотиптер арбын. Үй-бүлөдө каражат табуу милдети эркек кишиге жүктөлсө, баланы тарбиялоо жана үй оокаты аялдын мойнуна артылган.

Бирок Максат үйдөгү түйшүктү үй-бүлөнүн ар бир мүчөcү тең бөлүшүп, аткарууга тийиш деп эсептейт:

«Күнүмдүк аткарылчу иштер бар, мисалы, уй сааш керек же үй жыйнап, тамак жасаш керек. Муну кимибиз бош болсок эле жасай беребиз. Кээде келинчегим ишинен кеч келет же жумушка байланыштуу башка жакка кетет. Андай учурда уйду мен деле саап, тамак жасап коём. Кызым мага жардам берет. Чынында, бул иштерди көбүнчө кызым же аялым жасайт. Бирок эркектин деле милдети деп эсептейм. Аны баарыбыз тең бөлүштүрүп аткарууга эмнеге болбосун?».

Максат Курманалиев жана Элиза Койлубаева.
Максат Курманалиев жана Элиза Койлубаева.

Максат "өзгөчө айыл жергесинде аялыңа жардам берүүнү өөн кабыл алышат" дейт. Тааныштарынан терс маанайдагы пикирлерди көп уккан экен:

«Башкалар кээде туура эмес кабыл алат экен. Мисалы, досторум, тааныштарым же кошуналарым уй сааганымды көрүп, «Желекти алдырып ийдиңби?» деп шылдыңдап жатышты. Мен биринчи жолу уйду келинчегим окууга он күнгө кеткенде саай баштагам. Ага чейин анын түйшүгүн деле билген эмес экенмин. Уй сааган деле машакаттуу иш турбайбы. Колуң сыйрылып, бир топ жүдөйт экенсиң. Аялым уйду деле саап, үйдөгү ишти жасап, балдар менен алек болуп, баарына жетишип жатса оңой көрүп жүрө бериптирмин. Кийин бул иш уят эместигин окуулардан үйрөндүм. Көрсө, мен уй саагандан уялып, бирок анын акчасын болушунча колдончу экенмин. Сүттүн акчасынан машинеме май куйганга же телефонго бирдик салганга ала берчүмүн. Эми мен уйду эркек же аял саайбы - айырмасы жок жана мунун уяты жок деген тыянакка келдим. Муну ошол эле шылдыңдаган ага-инилерге түшүндүрүүгө аракет кыла баштадым».

Эки жыл мурун Бириккен Улуттар Уюмунун атайын долбоорунун алкагында аймактардагы бир катар активисттер аялдардын укугун коргоого, үй-бүлөлүк зомбулукка, эрте никеге, ала качууга байланышкан атайын окуудан өтүшкөн. Алардын арасында Максат жана Элиза да болгон.


Элиза Койлубаева ​бул окуудан кийин үй-бүлөнүн ичиндеги эрежелер жана бири-бирине кылган мамилеси кыйла өзгөргөнүн белгиледи:

«Эки жыл мурун биздин аймакта да муундар аралык окуулар өтөрүн билип, ага катышып калдым. Мен ушуга жолдошум да келсе деп ойлодум. Ошондуктан аны да чакырып, бирге окуй баштадык. Тренингге чейин биздин үй-бүлөдө деле башкалардай куру намыстануу бар эле. Мисалы, бул аялдын иши, бул эркектики деп бөлүнүп, ал тургай чыр чыккан учурлар болчу. Окуулардан кийин жолдошум экөөбүз бири-бирибизге туура мамиле жасаганды да үйрөнө баштадык. Көрсө, уруш, чыр-чатакты туура мамиле менен токтотсо болот экен. Жубайлар ортосунда муктаждыктарды аткаруу башкы жетишкендик эмес экен. Мисалы, аял "кийимин үтүктөп, тамак-ашын жасаганым жетиштүү" деп ойлошу мүмкүн. Башкысы бири-бириңе туура түшүндүрүп берүү, кайтарым байланышты жасай билүү маанилүү экен».

GALS - бул гендердик сезимталдык иш-аракеттер системасы. Аны БУУнун Аялдар түзүмү Евробиримдиктин колдоосу менен бирге 2016-жылы ишке ашыра баштаган.

2018-жылдан баштап бул ыкма менен Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Талас облустарынын активисттери эки жыл окуудан өтүшкөн. Окууга ар бир аймактан ондон ашык ар кандай курактагы адамдар тандалып алынган. Муундар ажырымын жоюу жана зомбулуктун алдын-алуу максатын көздөшкөн.

Максат Курманалиев жана Элиза Койлубаева.
Максат Курманалиев жана Элиза Койлубаева.

«Өзгөчө жаш үй-бүлөлөр ушундай окууга барышы керек экен. Алар бири-бирин сыйлаганды үйрөнүшөт. Бул өз учурунда үй-бүлө зомбулугун алдын алат. Биздин бири-бирибизге түшүндүрүп бере алганыбыз бул чоң курал. Мисалы, биздин окууда "Үй-бүлө дарагы" деген компонент бар болчу. Биз үй-бүлөлүк бюджетти туура пайдалануудан баштап, үй жумуштарын бөлүштүргөндү да үйрөнгөнбүз. Ушундай жөнөкөй эрежелерди аткаруу менен бактылуу үй-бүлө курсак болот. Башкысы зомбулуксуз үй-бүлөдө жашаса болот. Жолдошум үйдөгү тиричиликти жана балдарды тарбиялоо боюнча милдеттерди бөлүштүрө баштагандан тартып мен өзүмө кам көрө баштадым. Көрсө, менде өзүмө убакыт калчу эмес экен».

Расмий маалыматтарга караганда, элеттеги кыз-келиндер шаардык аялдарга караганда акы төлөнбөгөн үй ишин төрт эсе көп аткарышат.

Мындан улам Максат Курманалиев аялдардын түйшүгүн түшүнүп, колдоо көрсөтүүнү, муну башка эркектерге жеткирүүнү өзүнүн социалдык жоопкерчилиги катары көрөт.

«"Эл эмне дейт, башкалар эмне деп ойлоп калат?" деген ойлордон качуу керек. Башкысы - үй-бүлөңдөгү ынтымак. "Аялдын же эркектин милдети" деген түшүнүк болбошу керек. Бирок ошол эле кезде үй ишинин оорчулугуна карап бөлүп алса болот. Көп күчтү талап кылган ишти эркек аткарышы керек. Ошол эле кезде аял да эркекке жардам берсе болот. Мисалы, мен чөп чаап жатсам аялым кол кабыш кылып, жанымда болот. Ал уй саап атса мен жардам берем. Кошуналар андай учурда мактап калышат. Үй-бүлөдөгү ушундай мамилени балдар да көрүп чоңоёт. Мисалы, кечээ биз үйдү ремонттодук. Кызым да, балам да, баарыбыз чогуу иштедик. Кафелди балам экөөбүз койсок, кызым менен келинченим ташып берип жатты. Муну көргөн балдар кийин үй-бүлөсүндө да ишти, милдетти тең бөлүп калат деп ойлойм».

Максат жана Элиза үч баланын ата-энеси.
Максат жана Элиза үч баланын ата-энеси.

Жубайлар Максат жана Элиза үй-бүлөдөгү зомбулук, чыр-чатакты алдын алуу боюнча айылында окууларды өткөрүшөт. Элизанын айтымында, алар өзгөчө жаш жубайларга жана ата-энелерге таржымалы менен бөлүшүп, арачылык кызматты аткарып келишет. Жакынкы күндөрү мындай окууларды эми социалдык тармактарда блог аркылуу өтүүнү пландап жатышыптыр:

«Бизге кеңеш, жардам сурап, кайрылгандар көп болот. Өзүбүз да айылдагы үй-бүлөлөр менен алдын алуу иштерди аткарууга аракет кылып жатабыз. Өзгөчө үйүндө ынтымак кеткен жубайлар көп кайрылышат. Алардын ортосунда арачылык кызматты да аткарып калдык. Андан тышкары ата-энелер менен иштейбиз. Бардык түшүнүк тарбиядан берилет жана бала кезден калыптанат. Ошондуктан туура багыт берүүдө ата-эненин ролу чоң. Мунун баарын акырындан жеткиребиз деген үмүттөбүз».

Серепчилер Кыргызстанда үй-бүлөлүк чыр-чатак ар бир үчүнчү үйдө кездешерин белгилеп, мындан айрыкча аялдар, балдар жабыр тартарын айтышат. Чыр-чатакка жубайлар ортосундагы түшүнбөстүк, экономикалык абал себеп болот.

Адистер мындай учурларды алдын алуу үчүн үлгүлүү мисалдарды жайылтуу керектигин белгилешет. Басмырлоо жана кордук менен зордук-зомбулуктун ар кандай түрлөрү болот: материалдык, физикалык, психикалык жактан басмырлоо.

2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5 миңден ашык факты катталган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG