Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 11:31

Кызыл камчы жазасыз калбашы керек


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз коомунда аялды кор туткан адат катуу тамыр алганын Сузактагы окуя ашкере кылды. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту жоюу талабы менен митинг, пикетке чыккан кыз-келиндерди жазалабай, талабын аткаруу керектигин бийликтин эсине салды.

Үй-бүлөдөгү зомбулукту жоюу үчүн эмне кылуу керек? Атасы энесин кордогон же энеси атасын сыйлабаган үй-бүлөдөгү баланын көз карашын өзгөртүү мүмкүнбү? Зомбулукту жоюу үчүн жазаны күчөтүү керекпи же укуктук сабаттуулук менен жоопкерчиликти көтөрүү зарылбы?

«Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова жана Кыргызстан аялдарынын демократиялык тармагынын Жалал-Абад облусу боюнча координатору Майя Багышева катышты.

«Азаттык»: - Майя айым, сиздердин уюм Сузакта кордолгон аялдын үйүнө барып, үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын-алуу боюнча долбоорду баштаган экенсиздер. Бизге адегенде маалымат берсеңиз, аялын кордогон киши эмне үчүн ушунча ачууга алдырган экен же бул үй-бүлөдө мурда эле ушундай зордук-зомбулук болчу бекен?

Майя Багышева: - Кордолгон Дилрабо 7-июнь күнү Ошто турган Динара аттуу эжесинин неберелеринин сүннөт тоюна барган. Тойго келген конокторду узатканча кеч кирип кеткен. Анан эжеси "конок болуп, түнөп кет" деп суранган. Эжесинен башка туугандарынын баары Орусияда экен.

Эжеси күйөө баласына телефон чалып, "конок болуп кетсин, эртең менен эрте жездеси таксиге салып жиберет" деп эскерткен. Бирок күйөөсү макул болбой, кечки саат тогузга жетпей «бир жарым сааттын ичинде келип калсын, эгер келбесе сиңдиңди сага белекке берем» деген шарт койгон. Кеч болуп кеткендигине байланыштуу эжеси анчалык катуу кетпесе керек деп алып калган.

Эртеси саат жети жарымда жездеси таксиге отургузуп, үйүнө тогуз жарымдарда жеткен. Келгенден баштап күйөөсү ур-токмокко алып, видеого тартканга чейин катуу сабаган. Анан видеого тарткан келинди чакыртып келген. Ал келин бир тууган байкесинин келини экен. Ал келгенден кийин мойнуна таш салынган дөңгөлөктөрдү байлап, үстүнө суу куюп, аябай кыйнаган.


«Азаттык»: Аида айым, 8-мартта үй-бүлөдө ушундай зомбулукту жоюу талабы менен пикетке чыккан кыз-келиндер кармалып, алды сот жазасын алып жатат. Алардын талабы орундуу экендигин бул окуя дагы бир жолу бийликке эскерткендей болду го. Бирок парламенттик башкаруу башында турган, эл өкүлүбүз деп убада берип келген депутаттардын чоң тобу бул окуя тууралуу эмне үчүн үн катпай турушат?

Аида Касымалиева: - Бүгүн үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жасагандарга карата жазаны катаалдантуу боюнча мыйзам долбоору Коопсуздук боюнча комитеттин жыйынында каралганы жатат. Көп депутаттар комментарий берип жаткандай сезилди. Коомчулук да кескин сындаган ойлорун айтып жатат, депутаттар деле ошондой пикирде деген ойдомун.

Буга чейин деле ушундай окуялар "Фейсбукта" же башка тармактарда катуу талкууланып, кийин унутулуп калат. Зомбулукка каршы мыйзамдар да кагаз жүзүндө гана калып, жашоодо ишке ашпай жатат. Андан тышкары биздин коомдо мындай окуялар аял депутаттардын гана маселеси деген натуура көз караш калыптанып, ошондой мамиле жасалат. Бул абдан аянычтуу. Мисалы, аялды өлтүрүп койгондо же аялдын укугун коргоого келгенде эркектер үн катпай, бул аялдардын маселеси дегендей каралат. Бирок жаңы мыйзам долбоорунун автору - депутат Исхак Пирматов. Бул бизди сүйүнтөт.

Мындай көрүнүштү үй-бүлөдөгү кордоонун жеткен чеги деп эсептешибиз керек. Бул ойдон бир карыш да артка кайтпастан мыйзам жагынан болобу, укуктук жактан болобу, кыздарга жардам көрсөтүү жагынан болобу, ушундай бардык көрүнүштөрдү акырына чейин көзөмөлдөшүбүз керек. Адамга адам мындай мамиле жасабашы керек, кыйноо беренеси менен жазаланышы керек.

Коомчулуктун бардык өкүлдөрү кескин сындады, эми тез эле унутулуп калбас үчүн мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөшүбүз керек. 2017-жылы кабыл алынган мыйзамдын жакшы жактары бар. Анын негизинде үй-бүлөдөгү зомбулукту каттоо аябай өстү, жабырлануучу гана арыз бере алат дегенден чыктык. Бирок сотко жетпей калган иштердин саны абдан көп жана тосмо арыз жазуу процесси мыйзамдын аткарылышына бөгөт болуп жатат


«Азаттык»: - Ализа айым, сиз иштеген министрликтин жер-жерлердеги өкүлдөрүнүн үй-бүлөдөгү ушундай зомбулуктардын алдын-алуу боюнча иштерди жүргүзүүгө чамасы жетеби же кыргыздын менталитетине салып унчукпай атып ушундай шумдуктуу кордоо болуп жатабы?

Ализа Солтонбекова: - Кыргызстанда ушул жылдын башында аянычтуу эки окуя болуп, үй-бүлөдөгү зомбулуктан эки аял каза болгон. Ошондон кийин өкмөттөгү гендердик маселе боюнча Улуттук кеңештин жыйыны болуп, тез арада аткарылчу алты айлык бекитилген. Ал план боюнча мындай окуялардын алдын-алып иштөө милдети жергиликтүү бийликке жүктөлүп, тапшырмалар берилген.

Ушундай көрүнүштөрдүн алдын алып иштөө үчүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине беш кызматтык орун берилди. Жергиликтүү кызматкерлер министрликтин социалдык кызматкерлери, тартип коргоо кызматкерлери менен бирге иштеп, зордук-зомбулуктун кандай түрлөрү бар экендигин, себеби эмне экендигин жакшы билишет. Бирок ага карабастан ушундай окуя болду. Дегеле Сузак районунда балдарга, карыларга, аялдарга карата зордук-зомбулук күчтүү.


«Азаттык»: - Жергиликтүү кызматкелердин ушундай окуялардын алдын-алууга, эгер болсо коңгуроо кагууга чамалары жетип атабы?

Ализа Солтонбекова: - Ооба, жетип атат. Анткени, бул райондогулар 22 пункттан турган атайын иш-чара планын кабыл алышкан. Ушул окуя болор замат биринчи болуп аксакалдар барышты. Жалал-Абад облусунда аксакалдар, жаштар институттары жакшы иштейт. Алар жыйындарды өткөрүп талкуулап, жергиликтүү телеканалдарга чыгып сүйлөштү.

Жергиликтүү өкүлдүн биринчи орун басары ошол айымга барып жолугуп, кандай жардам керек экендигин сурап келди. Анын айтымында, аял азыр эч ким менен жолуккусу келбей жатат, бетинин баары көгала болуп, биринчи кезекте медициналык жардамга муктаж экен. Андан кийин аял менен психологдор иштешет.

Эң башкысы коомчулук өтө терс кабыл алды, жергиликтүү элдин баары намыстанып, "Эмне үчүн бизде ушундай болду?" деп, терс кабыл алышты. Бирок бул үй-бүлөнүн шарты жакшы экен, буга чейин зордук-зомбулук болду деп кайрылган эмес, кошуналары да жакшы үй-бүлө деген мүнөздөмө берип жатышат. Кытай компаниясында котормочу болуп иштеген билимдүү уулу бар экен.

«Азаттык»: - Майя айым, биздин алган маалыматтар боюнча окуяны тасмага тартып жаткан келиндин жакындары айыл өкмөтүндөгү жетекчилердин бири, ошон үчүн тосмо арыз жаздырып, бара-бара жаап салуу аракети болуп жатыптыр. Ушул чынбы? Тиги аял туугандарынын кыстоосу менен барып тосмо арыз жазды деген чын бекен? Эгер ушундай аракеттер болсо иш акырындап жабылып калышы мүмкүнбү?

Майя Багышева: - Биздин маалымат боюнча тасмага тарткан келин айыл өкмөт башчысынын орун басарынын агасынын кызы экен. Жергиликтүү активисттердин айтуусуна караганда, айыл өкмөт башчысынын орун басары иштин тез жабылып калышына кызыкдар болуп жатыптыр, андай аракетин билдирбей жатат, бирок тез жабылышына кызыгып жатканы байкалууда деп айтып атышат. Аялдын кайын-журтундагы туугандары чалып да жатышыптыр.

Биздеги менталитет боюнча аялдар өз өмүрүнө караганда куру намысты жогору койгонго көнүшкөн. Кайын- журту менен 25 жыл жашаган бул аялды да күйөөсүнүн туугандары коркутуп, "күйөөңдү кечирбесең кайда барып жашайсың?" деп, ошол абалга алып келишсе керек. Аялдын өзүндө да "Эгер күйөөм камалып кетсе эртеңки жашоом кандай болот, кайда барам, ансыз кантип жашайм, кайсы бир тууганыма жүк болом?" деген коркунуч күчтүү болуп жатса керек.

Аида Касымалиева: - Азыркы мыйзам боюнча үй-бүлөдөгү зомбулук жасагандарга айыппул салынат. Тилекке каршы, ушуга чейин тартип коргоо органдарынан же сот системасынан жакшы аналитиканы жана чечүү жолдору тууралуу сунушту ала албай жатабыз. Баары жөн эле цифралар.

Зомбулук боюнча канча окуя катталды, канчасы соттолду, канчасы сотко жетпей калды, соттон кийин канча киши айыппул төлөдү, аны кимдер төлөдү деген суроого жооп ала элекпиз. Анткен менен жакында зомбулук жасаган адамды 48 саатка камаганга негиз бере турган мыйзамды кабыл алдык, ага президент кол коюп, күчүнө кирди. Буга чейин 48 саат камаганга да негиз жок болчу. Азыр тосмо арызга карабастан зомбулук көрсөткөн окуя сотто каралып жатканда үй-бүлөлүк гана жеке иш эмес, коомдук иш катары каралсын деген жобону жаңы мыйзам долбооруна киргизген жатабыз. Тосмо арыз ишти токтотууга негиз болбошу керек.


«Азаттык»: - Ализа айым, үй-бүлөдөгү кордуктун, зордук-зомбулуктун башкы себеби социалдык жактан жетишпегендик, жакырчылык жана үй-бүлө куруудан муун ушул адам менен өмүр бою жашай аламбы деген суроого жоопсуз эле баш кошуп алып, бири-бирин түшүнбөй өтүү экендигин карантин учуру далилдегендей болду. Демек, өкмөт биринчи планга социалдык өнүгүү менен психологиялык кызматты күчөтүшү керек эмеспи?

Ализа Солтонбекова: - Бул маселени жергиликтүү менталитеттин негизинде кароо керек. Анткени айылдардын өзүнө гана таандык өзгөчөлүктөрү бар, биринде миграция күчтүү болсо, биринде аялдар же аксакалдардын таасири күчтүү, кээ бир жерде каада-салт күчтүү. Ошон үчүн мындай иштерди жүргүзүү жергиликтүү бийликке берилген, бир жерде иштей турган ыкма башка айылда кабыл алынбай калышы толук мүмкүн. Ошон үчүн коомдо үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук кылмыш, эч ким бирөөнү кордоого укугу жок деген көз карашты терең калыптандыруу керек.

Аида Касымалиева: - Ушундай окуя болгондон кийин бир-эки күн катуу талкуулап, кийин унутта калтырбай кордук көргөн каармандардын тагдыры аркылуу элге көбүрөөк маалымат жеткирүү керек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG