Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

Дөңгөлөк асылган аял - коомдун кейиштүү жүзү


Сузак райондук соту 13-июнда аялына зомбулук көрсөткөн адамды камакка алуу чечимин чыгарды.

"Аялын сабаган күйөө камалды"

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда аялына зомбулук көрсөткөн 51 жаштагы адам 15 күнгө камалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Мындай чечимди Сузак райондук соту 13-июнда чыгарганын Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

12-июнда социалдык тармактарда тараган видеодо моюнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялды күйөөсү башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чапкылап жатканы тартылган.

Бул окуядан кийин кордук көргөн 47 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылып, күйөөсү кармалган.

Облустук милициянын басма сөз кызматынын өкүлү Шеркул Тургамбаев Жазык кодексинин уруп-согуу жана кыйноо беренеси менен катталган иштин алкагында 11-июнда кармалган шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин маалымдады:

«Сузак районунун 1969-жылы туулган тургуну Б.З. үйүндө 1973-жылы туулган М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачкан. Окуя боюнча М.Д. 11-июнда Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө арызданган. Бул окуя Сузак РИИБнүн Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине үй-бүлөдөгү зомбулук катары катталып (Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси), тиешелүү материалдар топтолгон соң Жазык кодексинин 144-беренесине (Уруп-согуп, кыйноо) өзгөртүлгөн. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат».

Жалал-Абад облусунда зомбулукка кабылгандарга колдоо көрсөткөн "Каниет" реабилитациялык борборунун жетекчиси Гүлмайрам Аттокурова видеодогу аял тосмо арыз жазып, күйөөсүн камактан бошотууну суранганын билдирди:

Гүлмайрам Аттокурова.
Гүлмайрам Аттокурова.

«Биз бул аялдын ишин тактап, жардам берүү үчүн өзүнө жолуга албай жатабыз. Милициядан анын тосмо арыз жазганын уктук. Алардын айтымында, аял "күйөөмдү каматпайм, балам бар" деп айткан имиш. Чыр аял бир тууган эжесиникинде бир күн түнөп, эртеси келгенде чыккан экен. Күйөөсү аялын кантип жазалаганын туугандарына көрсөтүү үчүн тасманы тарттырыптыр. Аялдын төркүндөрү да "үй-бүлөнүн ишине кийлигишпейбиз, өздөрү чечет" деп жатышат».

Аталган борборго акыркы эки ай ичинде мыкаачылык менен сабалган төрт аял жардам сурап кайрылган.

Укук коргоочу Гүлмайрам Аттокурова бул окуя жазасыз калбашы керек деген пикирде. Ал зордук-зомбулук бир үй-бүлөнүн эле иши эмес, жалпы коомчулуктун жана өлкөнүн көйгөйү экенин белгиледи:

«Ал жерде аялды мыкаачылык менен сабаганын көрүп жатабыз. Ошол эле учурда тасма туугандарынын арасына тарап, аларга да психологиялык басым көрсөтүлдү. Аялды урган эркекке бир нече берене менен иш козголууга тийиш. Анын үстүнө коомчулук реакция кылгандан кийин жазасын тартууга тийиш. Элде тосмо арыз жазылса, аялды урсаң деле жазасыз калат турбайсыңбы деген ой калбашы керек. Башкаларга да сабак болсун. Бул окуя бир эле үй-бүлөнүн эмес, жалпы элдин көйгөйү. Ошондуктан соттук отурумдарга укук коргоочуларды, социалдык кызматкерлерди катыштырса жакшы болмок».

Аялынын моюнуна дөңгөлөк илип, кыйнаган кишинин окуясы коомчулукта катуу сынга кабылды. Интернет колдонуучулар камакка алынган адамдын жазага тартылышын талап кылышууда.

Алардын билдирүүлөрү сүрөтчү Татьяна Зеленскаянын иллюстрациясы жана "Кечир бизди, аялзат" деген сөздөр менен коштолуп жатат.

Сузактагы кордук көргөн аялдын окуясынан кийин Татьяна Зеленская тарткан сүрөт.
Сузактагы кордук көргөн аялдын окуясынан кийин Татьяна Зеленская тарткан сүрөт.

Окуяга өкмөт да көз салып турганын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди:

«Биз ушул тапта Жалал-Абаддагы социалдык кызматкерлер менен байланыштабыз. Алар таяк жеген аялдын окуясына көз салып турушат. Аялга психологиялык жардам көрсөтүлүшү керек».

Окуя боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран да "Азаттык" радиосуна комментарий берди. Ал соңку учурда зомбулукка кабылган аялдар көбөйүп жатканына тынчсыздануусун жашырган жок:

Улзийсурен Жамсран.
Улзийсурен Жамсран.

«Аянычтуу учурлар бийликтин көңүл чордонунда болушу абзел. Негизгиси, алар адам укугун коргогон органдардын башкы иши болушу шарт. Кыргызстандагы БУУнун Аялдар түзүмү соңку учурда зордук-зомбулуктун саны өсүп жатканына абдан тынчсызданып жатат. Биз гендердик теңсиздиктин кесепети менен эмес, анын алдын-алуу үчүн бүт аракетибизди жумшоого тийишпиз».

Кыргыз соту зомбулук көргөн кыздарды айыпка жыкты

Ошол эле учурда, Бишкектин Свердлов райондук соту 12-июнда быйыл 8-мартта ​«Аялдардын шериктештик маршын» уюштурууга аракет кылгандардын ишин карап, катышуучуларды күнөөлүү деп тапты.

Ал күнү Жеңиш аянтына маршка чыккандардын бири Бермет Кудайбергенова өзүнө коюлган айыпты четке какты:

«Мени "мыйзамдык эрежелерге баш ийген жок" деп айыпташты. "Көрсөтмө берип жатканда ыплас сөздөрдү сүйлөп, тоскоолдук жараткан" дешти. Мен ал күнү аялдардын укугун коргоо үчүн маршка чыккам. Милицияга эч кандай каршылык кылбаганым видеодо деле көрүнүп турат».

Маршта кармалгандардын бири, адвокат Евгения Крапивина соттун чечими боюнча буларды билдирди:

«Сот Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын чечимин күчүндө калтырды. Бизди күнөөлүү деп таап, 3 миң сом өлчөмүндө айып төлөөгө милдеттендирди. Бүгүн милиция марш мыйзамсыз экенин жана катышуучулар тарап кетүүнү эскерткени тууралуу видео далилин алып келди. Видеодо жөн эле турганыбыз көрүнүп турат. Калпак кийген белгисиз адамдар келген учурда да башка жакты карап жатканым тартылган экен. Милиция кызматкери артымдан келип колумду кайрып, алып кеткенин да көрүүгө болот. Сот алардын кыймыл-аракетин мыйзамдуу деп таап, түздөн-түз милдетин аткарышканын билдирди. Биздин кайрылуубузду канааттандырган жок».

Сот Аялдар маршына чыккандар айыпка жыгылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:49 0:00


Крапивина соттун чечимине макул эместигин айтып, 10 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна апелляция бере турганын кошумчалады. Быйыл 8-мартта Бишкекте Жеңиш аянтына чыккан кыз-келиндердин митинги үзүлтүккө учураган. Милиция анда жалпысынан 11 адамды кармап кеткен.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Свердлов райондук милициясында аларга карата протокол түзүлгөнүн, кармалгандар айыппул төлөөгө милдеттендирилгенин жана 8-марттагы митинг уруксатсыз уюштурулганын белгилеген.

«Аялдардын шериктештик маршын» өткөрүү пландалып жаткан учурда ал жерге беткап, калпак кийген белгисиз адамдар барып, акцияны үзгүлтүккө учураткан. Укук коргоочулар, эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташкан.

Рыскулова: Жазасыз калуу зомбулукту күчөтөт

"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова жогорудагы окуялар боюнча "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Сузактагы күйөөсүнөн таяк жеген аял тосмо арыз жазганы белгилүү болду. Ага карабай иш сотко жетеби, тергөө кандай жүрүшү керек деп ойлойсуз?

- Сузак райондук милициясы тосмо арыз жазганына карабай, бул ишти жөн калтырбашы керек. Үй-бүлө зомбулугуна жазаны мыйзам өзү да жеңилдетип койду. Аны азыр жорук деп каттап жатышат. Колу-буту сынып, өлүмгө чейин жеткирген зомбулукка эл деле көнүп калды.

Тосмо арыз жазганына карабай, ал адамды жоопко тартуу абзел. Эгер чара көрүлбөсө, эртең ал эркек аялдын моюнуна эки эмес, төрт дөңгөлөктү илет. Коркутуп, тосмо арызын жаздырып алат да ур-токмогун уланта берет.

- Коомчулукта аялдын өзүн "эмнеге унчукпайт?" деп айыптагандар болду. Психолог катары айтсаңыз, аял зомбулукка эмнеге чыдайт, эмнеге күйөөсүн кечире берет?

- Туугандары, жакындары да аялга "бул сенин күйөөң, чыда" деп айтышат. Бирок аялдын моралдык, психологиялык абалын, укуктарын ойлошпойт. Эгер күйөөсү камалса, "эл эмне дейт же балдарын андан ары ким каралашып, багат?" деп чочулашат. Менин тажрыйбамда бир учур болгон. Кызы күйөөсү урганы тууралуу апасына айтып берген экен. Бирок апасы "чыда" деп көңүл бурган эмес. Акыр-аягы кызы өзүнө кол салат. Себеби, күйөөсүнүн кордугуна чыдай албай калган экен. Апасы кийин өкүнүп, ыйлаган эле.

- Ошол эле кезде, "Аялдардын тилектештик маршына" чыккандарды сот "айыптуу" деп тапты. Бул эмнеден кабар берет?

- Мен да соттун кыздарды айыптуу деп тапканына таң калдым. Аларга карата калпакчан эркектер күч колдонуп жатса, милиция кызматкерлери четте карап турбады беле. Эми кайра кыздарга "милициянын ишине тоскоолдук жаратты" деп айып тагылганы өкүнүчтүү.

- Адатта, ушул сыяктуу видеолор коомчулукта талкуу жаратып, бирок бат эле унутулат. Коомчулук, бийлик эмнеге зомбулукка кайдыгер мамиле кыла баштады?

- Бийлик ал эмес, башка маселелерге деле кайдыгер карап жатат да. Зордук-зомбулук күндө эле болуп жатпайбы. Бирок бул маселе экинчи орунга жылып, көңүл бурулбай жатат. Дагы мыйзамды жумшартып коюшту. Былтыр сотто кызыл камчы эркек аялына муштум кезеп, "колуңдан эч нерсе келбейт" деп айтканы эсимде. Чынында көп учурда аял байкуш колдоо таппай, жалгыз калат. Зөөкүр болсо жазадан оңой эле кутулуп кетет. Жазасыз калуу зомбулукту күчөтөт да. Ошондуктан, бул окуяда да сөзсүз ал адамга чара көрүлүшү кажет.

Маектин аудиосун бул жерден уксаңыз болот:

ИИМдин маалыматында быйыл жыл башынан бери өлкөдө 2019 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 65% көп. 2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5 миңден ашуун факты катталган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG