Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Абдирасулова: Чыныгы чагымчылар жазасыз калды


8-март, 2020-жыл.
8-март, 2020-жыл.

Бүгүн Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтмөк. Бирок жүрүшкө чыккандарды милиция кармап кетти.

Алгач белгисиз кишилер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармай баштаган.

«Азаттык» «Кылым шамы» уюмунун төрайымы, укук коргоочу Азиза Абдирасулованы кепке тартты.

«Азаттык»: Тынч жүрүшкө чыккан аялдарды кармап кетүүнүн укуктук ченемин кандай түшүнсө болот?

Азиза Абдирасулова: Кыргыз Республикасынын «Тынч жыйындарды өткөрүү жөнүндө» мыйзамы боюнча милиция кызматкерлери жүрүштүн катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылышы керек эле.

Бирок беткап кийип алышып, аялдарга кол салгандар, күч колдонгондор кармалбастан, тынч митингге чыккан аялдарды кармап кетишкени таң калтырды. Бул - мыйзамды өтө одоно бузуу. Мыйзамга да, адам укуктарына да туура келбейт.

Аялдардын майрамында кандай болгон күндө да милиция кызматкерлери аялдардын укугун, коопсуздугун сакташы керек эле. Тилекке каршы, андай болбоду.

Азыр биздин уюмдан адвокат жиберип, кармалган аялдардын укугун коргойбуз. Адвокатыбыз ички иштер бөлүмүнө кетти. Ошол эле маалда аялдарга кол салган эркектердин, «Кырк чоронун» да кармалып, мыйзам алдында жооп беришин талап кылабыз. Себеби, «Кырк чоронун» бул кылганы биринчи жолу эмес, ар дайым аялдарга күчүн көрсөтүп келет. Кыргызда бир макал бар «жаман айгыр өз үйүрүнө тап» деген. «Кырк чоронун» күчү жеткени аялдар болуп калды. Булардын бир да мыйзамдуу аракетин көрө элекмин. Булар ОБОНдордун милдетин аткарып жатышат. Аларды милиция, бийлик өз максатында пайдаланууда. Буларды сөзсүз жазага тартыш керек.


«Азаттык»: Социалдык тармактарда бул марш тууралуу өтө көп пикирлер жазылып, соттор да маршты өткөрүүгө тыюу салган. Маршка каршы терс маанайдагы пикирлер көп болуп, «сексуалдык азчылыктардын маршы» дегендей көз караштар айтылды. Ушунун баарын билип турган милиция эмнеге уюштуруучуларды гана жазалады?

Азиза Абдирасулова: Сексуалдык азчылыктар болобу, феминисттерби, баары Кыргызстандын жараны да. Арабызда жүргөн эле адамдар. Алар коомго чыгып, өз оюн билдирип, укугун коргоого укуктуу. Алар бирөөгө кол салбаса, Кыргызстандын конституциялык түзүлүшүүнө каршы чакырык жасабаса, таш ыргытпаса, тынч эле чыгып, оюн билдирген укугу бар да. Марштан кийин алар жөн эле таркап кетмек. Сөзсүз эле аларга кол салыш керек беле?


«Азаттык»: Мындай тынч жыйындарды күч менен таркатып, бийлик элдин каршы маанайын күчөтүп албайбы, же кандайдыр бир чоң кыймылдардын алдын алуу болуп жатабы?

Азиза Абдирасулова: Бул жерде коркутуу болуп жатат десе туура. 2-мартта да милиция кызматкерлери чогулган элдин арасында кызуу болуп жүргөндөрдү көргөн. Ошолорду элдин арасынан алып чыгып, коопсуздукту камсыздаганга аракет болбостон, тескерисинче, качан гана өкмөт үйүнө жеткени калганда ызы-чууну башташты. Чагым кылгандарды, мастарды кармаган жок. Кайра эле эл алдына чыгып сүйлөгөндөрдү, Садыр Жапаровдун туугандарын кармап кетишти.

Чагым салгандар кармалбай жатат. Бул жагдай мындан ары адам укугунун начарлашына, ким күчтүү, чагымчы болсо ошолор жазасыз кала берет деген түшүнүктүн калыптанышына шарт түзүп жатат. Чагымчылар менен милиция кызматкерлери достошкондой болуп жатпайбы. Бул өтө өкүнүчтүү көрүнүш.


Бизде абдан жакшы мыйзамдар бар. Ошолорду колдонбой жатышат. Жергиликтүү бийлик майрам күнүндө тынч жүрүшкө тыюу салбаш керек эле. Ар ким чыгып, өз пикирин билдиргенге ар бир кыргызстандыктын укугу бар. Ошол эле «Кырк чоронун» да тынч митинг өткөрүү укугу бар. Качан болсо чагым кылышат.

Мына, 29-январда тегерек үстөлгө кол салышты. Былтыр Чуңкурчакка чейин барып, укук коргоочуларды ур-токмокко алышты. Мен таң калып жатам да, бизде мыйзам барбы, бийлик барбы? Же болбосо ошол «Кырк чоро» бийликти расмий алып, элди башкарсын анда!

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG