Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 22-январь, 2020 Бишкек убактысы 06:13

Мыкаачы күйөөлөр жети баланы томсортту


Иллюстрациялык сүрөт.

Өткөн аптада эки аял күйөөлөрүнүн колунан каза тапты. Бул чуулгандуу эки окуя үй-бүлөдөгү зомбулук маселесин күн тартибине кайрадан чыгарды.

Адистер зомбулукка кабылып, анын торунан чыга албай жүргөн аялдар ондоп саналарын айтып, муну токтотуу боюнча чукул чара көрүүгө бийликти чакырып жатышат.

Кыргыз өкмөтү үй-бүлөдөгү зомбулук өлкөдөгү актуалдуу маселелерден экенин, аны коомчулук менен чогуу күрөшмөйүнчө жеңиш мүмкүн эмес экенин эске салып келатат.

Бир аптадагы эки өлүм

Кочкор районунда 37 жаштагы аял жаңы жыл түнү күйөөсүнүн токмогунан каза тапты.

Нарын облустук ишки иштер башкармалыгын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова билдиргендей, окуяга үй-булөлүк чатак себеп болгон.

Кундуз Эсенгулова.
Кундуз Эсенгулова.

- Мындай факт 1-январда Кочкор районунун ички иштер бөлүмүндө катталган, - деди милиция өкүлү. - Окуя түнкү саат 12:30 чамасында болгон. Ыкчам тергөө тобу Кочкор районунун Жаңы-Жол айылынын жашоочусу, 1983-жылы туулган С.Ж. аттуу жарандын сөөгүнө сыртынан кароо жүргүзгөн учурда өлүктүн оң көзү жана чыкыйы көгөрүп калганын байкашкан.

Бул окуяга байланыштуу киши өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары маркумдун 34 жаштагы күйөөсү кармалды. Милицияга берген маалыматында ал аялын эки жолу жаакка муштап, андан соң каракушка бир жолу тээп жибергенин айткан.

Буга чейин Баткенде да ушундай үрөй учурган окуя катталган. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, 26 жаштагы үч балалуу келин күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгон. Маркумдун денесинде көк ала тактар, бутунда күйүктүн тагы бар экени аныкталган. Туугандарынын айтымында ал мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Башы жанчылган, денесине кайнак суу куюлган.

Бул эки окуядан соң эки аялдын тең күйөөлөрү кылмышка шектүү катары камакка алынды. Чиедей жети бала энесиз калды. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Зөөкүр күйөөлөр көп

Акыркы жылдары кызыл камчы күйөөсүнөн таяк жеген аялдар көбөйүп баратат. Убактылуу баш калка издеп, юридикалык жана психологиялык жардам издеген аялдар ондоп саналат.

Алардын бири, Бишкек шаарынын атын атагысы келбеген 26 жаштагы тургуну ушул тапта «Сезим» кризистик борборунда чиедей эки кызы менен жашап жатат. Күйөөсү көрсөткөн зомбулукка чыдабай эки ай мурда ажырашып кеткен. Бирок ага карабай күйөөсү аркасынан түшүп, көргөн жерден ур-токмокко алып жаткан экен.

Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы акцияда тартылган сүрөт. 2013-жыл.
Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы акцияда тартылган сүрөт. 2013-жыл.

- Ортобузда келишпестик болду, - дейт маектешибиз. - Анткени акча жок, күйөөмдүн туруктуу жумушу жок болчу. Жокчулуктун айынан уруш чыкчу. Андан кийин боюмда болду. Ошол кезде эле ал мага кол көтөрө баштаган. Ал курсагымдагы балага таасир этиптир. Ошентип оорукчан бала төрөдүм. Ага мени күнөөлөдү. «Сен оорулуу бала төрөйсүң» деп айыптады. Акыры чыдабай калдым. «Ажырашам» деп өзүм чечим чыгарып сот аркылуу ажыраштык. Бирок ошондо да тынчымды алганын токтоткон жок. Аркамдан таап келет. Көргөн жерден сабайт, зордуктайт. Биз сүйлөшүп жүрүп эле үйлөнгөнбүз. Бирок күйөөмдөн көңүлүм калды. Азыр милицияга арыз жаздым. Анткени анын жазага тартылышын каалайм.

Бишкектеги «Сезим» кризистик борбору 20 орундуу. Ушул тапта зомбулуктан качкан аялдар борборго батпай турат. Бирок зомбулукка кабылган аялдардын баары эле кризистик борборго кайрылат дешке болбойт. Борбордун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова мамлекет аялдарды коргоого алышы керек деп эсептейт.

Бүбүсара Рыскулова.
Бүбүсара Рыскулова.

- Бизден башка да кризистик борборлор Нарында, Таласта иштеп жатат, - деди ал. - Бирок мамлекеттик деңгээлде, кризистик акыбалга кабылгандарга «Тез жардамдай» кызмат кылган уюмдар болушу керек. Азыр акырындык менен ачып жатышат. Бирок психологдор бардык жерде жетишсиз. Ошондой эле коомчулукка маалымат берүүдөн артта калып жатабыз. «Феминалле» деп чыккандарга эле каршы кыйкырып чыккандан көрө ушундай көрүнүштөргө каршы турууда жигердүүлүгүбүздү көрсөтпөй жатабыз.

Укук коргоочулар аялдардын көбү токмок жеген учурда эч жакка кайрылбай, «оңолуп кетер, экинчи кайталабастыр» деген үмүттө же күйөөсүнүн «экинчи кол көтөрбөйм» деген сөзүнө ишенип кала беришерин айтып келишет.

Катаал жаза керек

Кыргызстанда кабыл алынган мыйзамга ылайык кимдир-бирөө үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгон учурда жабырлануучу эле эмес, ага күбө болгон кошуналары, туугандары да арыз жазса болот. Үй-бүлө зомбулугуна байланышкан маселелерде адатта укук коргоо органдары сынга алынып, тартип коргоо органдарынын кызматкерлери атайын окуудан да өтүшкөн. Бирок андан натыйжа чыга элек.

Ушундай улам «Демократиялык процесстерди изилдөө борбору» коомдук фондунун эксперти Гүлбарчын Жумабаева зомбулук көрсөткөндөргө катаал жаза болушу керек деп эсептейт.

Гүлбарчын Жумабаева.
Гүлбарчын Жумабаева.

- Бул маселени болтурбоонун бирден бир жолу катары катаал мыйзамдар кабыл алынышы керек деп эсептейм. Милиция, сот органдары өзгөчө сезимтал болушу керек. Зомбулук көрсөткөрдү катуу жазалаш керек. Ошондо гана биз жыйынтык көрө алабыз, - деди ал.

2018-жылы «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы үй-бүлөдөгү зомбулук көйгөйүн, анын себептерин, жайылган түрлөрүн жана ага көбүнчө кимдер кабыларын изилдөө максатында телефон аркылуу жалпы улуттук социологиялык сурамжылоо жүргүзгөн. Ага катышкан 738 адамдын 96,3% үй-бүлөлөрдө «таш боор мамиле, зомбулук бар экенин» белгилешкен.

Алар үй-бүлөдөгү зомбулукка жумушсуздук жана материалдык кыйынчылыктар, аракечтик жана баңгилик, калктын билими менен маданиятынын төмөндүгү себеп болуп жатканын көрсөтүшкөн.

2019-жылдын он айында 5185 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (15)

XS
SM
MD
LG