Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 26-январь, 2020 Бишкек убактысы 15:28

Башка динге өткөндөрдү жектөө күч


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бир динден экинчи динге өткөндөргө карата коомдо сабырсыз мамиле курч бойдон калууда.

Кыргызстан көп диндүү өлкө катары калыптанып, расмий каттоодон өткөн диний уюмдардын саны отуздан ашты. Андан тышкары, жүздөгөн диний бирикмелер ишмердик жүргүзөт.

Кыргызстандын Конституциясы дин тандоого, каалаган ишенимди карманууга же атеисттик көз карашта болууга кепилдик берет. Ага карабай бул маселеде адамдардын ортосунда чыр-чатак катталып келет.

Эксперт Канатбек Мурзахалилов “Биз жана дин” түрмөгүндө ушул маселеге сереп салды.

Бир динден экинчи динге өтүү жараяны илимий тилде прозелитизм деп да аталат. Теологдордун айтымында, бул эки ыкмада ишке ашат. Биринчиси - адамдын өзүнүн жеке ишенимине таянган тандоосу. Экинчиси - диний уюмдардын миссионерлеринин сунушу, кеңеши айрым учурларда азгыруу жолдору роль ойнойт.

Диний ишенимин өзгөрткөндөргө коомдогу сабырсыз мамиле, аларды жектөө 1990-жылдын ортосунан бери Кыргызстандын түрдүү аймактарында болуп келет. Башка динге өтүп кеткен кишилер менен бир динди карманган элдин ортосунда жаңжал чыккан фактылар да катталган.

Айрыкча башка динге өткөн адам каза тапкан учурда анын сөөгүн жерге берүү чыр-чатак менен коштолуп келет.

Мисалы, 2016-жылдын октябрь айында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылында протестантизмдин баптист агымынын өкүлү Каныгүл Сатыбалдиеванын жасатын үч жолу кайра казып алуу фактысы коомдо бул көйгөй өтө курч экенин дагы бир жолу көрсөттү.

Кыргызстанда “Жарандарды жерге берүү жөнүндө” мыйзам жок болгондуктан, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эксперттер менен юристтерден турган жумушчу топ атайын жобо иштеп чыккан.

Документ бардык диндердин өкүлдөрүнө карата жалпы эрежелерди камтып, учурда өкмөт тарабынан каралып жатканын айта кетүү абзел.

Түрдүү диний көз карашты карманган кишилердин ортосундагы агрессивдүү мүнөздөгү талаш-тартыштар социалдык тармактарда да байкалууда. Бул жараян “кыргыз коомчулугунда диний сабырдуулуктун азайып бара жатканынан кабар береби же диний көп түрдүүлүккө коом даяр эмеспи?” деген суроонун күн тартибинде пайда болушуна өбөлгө түздү.

Дин тутуу эркиндигине Конституцияда кепилдик берилген.

Бир динден экинчи динге өтүү жараяны “коомду бөлүп-жарат, ал тургай куралдуу кагылыштарга алып келиши мүмкүн” деген пикирдегилер да бар. Бирок Кыргызстан жарандарга дин тутуу эркиндигине Конституция менен кепилдик берген мамлекет экенин унутпоо зарыл.

Баш мыйзам абийир жана дин тутуу эркиндигине, өз алдынча же башка адамдар менен чогуу дин тутуу же тутпоо укугун, диний көз караштарын билдирүүдөн баш тартуу укугун кепилдейт. Ошондой эле диний топторго диний жек көрүүчүлүктү пайда кылган иш-аракеттерди жүргүзүүгө тыюу салат. Конституция мамлекет менен динди ажыратат жана кандайдыр бир динди мамлекеттик же милдеттүү деп орнотууга тыюу салат.

Ал эми “Кыргыз Республикасындагы дин эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзамдын нормаларына ылайык бардык диндер жана диний топтор барабар. Мыйзам диний уюмдар менен топтордун эсептик катталуусун талап кылат. Каттоодон өтпөгөн диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө Кыргызстандын аймагында тыюу салынат. Мындан сырткары, бир динден экинчи динге мажбурлоо менен өткөрүүгө аракет жасаган “прозелитизмге”, чет өлкөдөн диний ишмердүүлүк кылуу максатында келген жарандардын “мыйзамсыз миссионердик иш- аракеттерине” да жол бербейт.

Толеранттуулук менен касташуунун чеги

Эксперттин айтымында, өз динине чакыруунун негизги түрү бул - аңгемелешүү ыкмасы. Ал даават, евангелизация, прозелитизм сыяктуу аталыштарга ээ.

Жаңы кишилерди өз катарына тартуу өз динин жайылтуучулар, башка айтканда миссионерлер тарабынан диний табынуу жайларында – мечиттерде, чиркөөлөрдө, сыйынуу үйлөрүндө көбүнчө өзүнүн тааныштарынын жана айланасындагы адамдардын арасында жүргүзүлөт. Мындай чакыруулар диний майрамдар учурунда үйлөрдү кыдыруу же болбосо коомдук жайларда да жүзөгө ашат.

Диний уюмдун ишине катышуу же катышпоо ар бир адамдын жеке тандоосу. Мажбурлап диний уюмдарга тартуу же үгүттөө иштерин жүргүзүүгө дин жаатындагы мыйзамдарга ылайык тыюу салынган. Ошону менен бирге мыйзамдар бардык диний уюмдарга сыйынуу жайларында диний үгүттөө укугуна тыюу салбайт.

Биздин коом көп диндүүлүккө көнүп, аны үйрөнүшү керек, башка диний ишенимдерди, ага катар жергиликтүү маданиятты жана тилди сыйлашы керек.
Назира Курбанова.


Тарых илимдеринин доктору, профессор Назира Курбанованын пикирин угалы:

- Эгерде кайсы бир жаран башка динге өз каалоосу менен эч ким мажбур кылбай өткөн болсо, ал өзүнүн укугу. Исламда деле “ар бир пенде Кудайдын астында өзүнүн кылган ишине өзү жооп берет” деген эреже бар. Бөлөк динге өтүп кеткен биздин жарандарды алсак, алар деле патриот, алар деле Кыргызстандын жараны. Тагдыры ушундай экен башка динге өтүп кетишти. Биз аларды учакка салып же вагонго жүктөп бөлөк жакка жөнөтө албайбыз. Биздин коом көп диндүүлүккө көнүп, аны үйрөнүшү керек, башка диний ишенимдерди, ага катар жергиликтүү маданиятты жана тилди сыйлашы керек. Биз толеранттуу коомду түзүшүбүз зарыл.

Өз динин башка бир динге алмаштыруу маселеси кыргыз коомун ажырымга алып келе турган жана радикалдык чакырыктарга жем таштай турган жагдай деген көз карашты кармангандар да бар.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев прозелитизм – илимий термин болгону менен дин саясатында абдан чоң мааниге ээ түшүнүк деген пикирде.

Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

- ​ Дин эркиндиги сөз эркиндиги сыяктуу эле адам төрөлгөндөн баштап ага энчиленген баалуулук. Дин эркиндигин Конституцияга киргизип, атайын мыйзам менен жолго салгандан кийин, аны эч кандай жасалма саясий жолго кое бербестен, болгонун болгондой алып барышыбыз керек. Чындыгында, биринчи прозелиттер XVI кылымда эле католик чиркөөсүнө Мартин Лютер каршы чыккан “Улуу Реформация” убагында пайда болгон. Ал эми Советтер Союзу учурунда биз толугу менен атеисттик коомду курууга аракет кылдык. Анын аягы эмне болгону баарыбызга белгилүү. Кыргызстан атеизм доорунан өткөндөн кийин дароо эле “дин эркиндиги” деген тосмону, шлюзду ачып жиберди. Натыйжада, дүйнөдөгү диндердин полигону, тажрыйба жүргүзө турган аянтчасы болуп калды. Айрыкча христиан дининин протестант көз карашын жактаган уюмдар келип, өздөрүнүн түшүнүктөрүн, баалуулуктарын бизге таңуулай баштады. Ага алгачкы учурда кыргыздын кылымдык каада-салтын өзүнө туу туткандар солгун мамиле кылышты. Ал эми бүгүнкү күндө активдүү аракеттер болуп жатат. Ушул жерде калктын сексен пайздан көп бөлүгүн түзгөн исламдын ханафий-мазхабын карманган мусулмандардын башын бириктирген муфтият башка иштерге алагды болуп кетти. Анын натыйжасында прозелитизм көйгөйү курчуду. Бул жерде улутту деле бөлүүгө болбой калды. Мисалы үчүн, кыргыз эле жаштары протестанттардын көптөгөн агымдарына макул болуп, кирип кетишти.

Бардык диндердин, анын ичинен диний азчылыкты түзгөн топтордун укуктары Кыргызстанда мыйзам тарабынан корголуп, ишмердүүлүгүнө эч бир чектөө же тыюу салуу жок. Бирок динди күчтөп таңуулоо, башка ишенимдеги адамдарды өз катарына кандайдыр бир материалдык жардамдар аркылуу же аң-сезимди манипуляциялоо жолу менен тартуу маселеси дагы эле ачык бойдон калууда.

Дин таануучулар бул жараян дин тутуу ишмердүүлүгү менен байланышпаган түрдүү программалардын алкагында ишке ашарын белгилешет. Аларга түрдүү багыттагы кайрымдуулук иш-чаралары, диний имарттарды куруу, ден соолук кербендери менен чет мамлекеттерден дарыгерлердин иш-сапарларын уюштуруу, социалдык жактан аялуу калктын катмарына чет өлкөдөн келген гуманитардык жардамды бөлүштүрүү сыяктуу иш-чаралар.

Бул маселеде “Бурана” илим – изилдөө институтунун Байкоочу кеңешинин мүчөсү Дайырбек Ашырбек уулунун пикири төмөнкүчө:

Дайырбек Ашырбай.
Дайырбек Ашырбай.

- Кыргызстанда прозелитизм демократиялык принциптерге таянып жүргүзүлүшү шарт. “Менин укугум башка бирөөнүн укугу башталган жерде бүтөт” деген эрежени ар бир жаран кармашы керек. Бирөөнүн эшигин каккылап же көчөдөн жолун тороп динин жайылтууга болгон аракеттер туура эмес. Алар эскирди. Биринчиден, бул жерде коопсуздук маселеси бар. Эшикти каккан адам динди жамынган кылмышкер, диний радикал же фанат болушу мүмкүн. Экинчиден, жарандардын эркин жашоого болгон укугу кандайдыр бир деңгээлде чектелет. Дин жайылтуу жараяны ачык, демократиялык жолдор аркылуу, ачык атандашуу жолу менен жүрүшү керек. Албетте, мамлекет текшерип, уруксат берген дин өкүлдөрүнүн арасында гана. Ачык атандашуу деген эмне? Бул жеткиликтүү болгон жолдор. Мисалы, акыркы технологиялар, социалдык түйүндөр, китептер. Ошондо гана баарына өзүнүн динин артыкчылыгын толук жеткирүүгө бирдей шарттар жаралат. Бул жерде дагы мамлекеттин көзөмөлү сөзсүз керек. Таралып жаткан материалдарда экстремисттик, радикалдык же улуттук баалуулуктарга каршы келген чакырыктарга бөгөт коюлушу абзел.

Кыргыз коомундагы бир динден экинчи бир динге өтүү тенденциясы учурдагы өнүгүүсү, прозелиттердин болжолдуу саны менен улут өзгөчөлүгү тууралуу дагы коомдо түрдүү кайчы пикирлер бар. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын басма сөз кызматы бул жаатта соңку жылдардагы так статистика жоктугун билдирди.

Ал эми профессор Назира Курбанованын байкоосу төмөнкүчө:

- Дин иштери боюнча комиссиянын беш-алты жыл мурдагы маалыматы боюнча башка динге өткөн Кыргызстандын жарандарынын саны 30 миңге чамалуу экени айтылып келет. Азыркы күндө аларды эсепке алып санаган маалыматтардын бар же жок экени белгисиз. Көбүнчө кыргыздар протестанттык диндерге өтүп кеткен. Себеби, Кыргызстанга келген жаңы агымдардын жамааттары жок болгондуктан, алар калкты өздөрүнө тартуу иштерин жүргүзүшкөн. Алар кыргыз, өзбек, уйгур жана башка улуттардан турган жааматтарды түзүшкөн.

Ал эми профессор Каныбек Осмоналиев маселеге олуттуу көңүл бурулушу керек деген ойду айтты:

Дин агымдары менен ойногондун өзү Кыргызстандын келечегине чоң коркунуч алып келет.
Каныбек Осмоналиев.


- Бүгүнкү күндө, диндер аралык гана эмес, бир дин ичинде бөлүнүү, чыр-чатак болуп жатканына күбөбүз. Менин түшүнүгүм боюнча прозелитизм көйгөйү бүгүнкү күндөгү Кыргызстандын абалына дестабилдүү таасирин тийгизген фактор болуп турат. 2008-жылы кабыл алынган дин мыйзамына прозелитизмди тыюу боюнча нормаларды киргизгенбиз. Аны аткаруунун жоболорун катуу кармагандын ордуна биздин өкмөт, керек болсо расмий бийлик прозелиттер менен ойноп туруп алышты. Натыйжада, бүгүнкү күндө абдан бир оор коркунучтуу кырдаал болуп жатат. Менимче, бул маселе боюнча абдан катуу мамлекеттик саясатты жүргүзүү керек. Бул жерде дин агымдары менен ойногондун өзү Кыргызстандын келечегине чоң коркунуч алып келет.

Бирок Дайырбек Ашырбек уулу кыргыз коомундагы бир динден экинчи бир динге өтүү жараяны жайлап калды деген байкоосу менен бөлүштү:

- 1990-2000-жылдардагы башка динге өтүү тенденциясы көбүнчө диний маалыматтын жоктугунан, диний билимдин жетишсиздигинен келип чыккан. Бир нече жылдан бери сырттан диний билим алып, окуп келген ислам аалымдарынын көбөйүшү менен ислам дининин таасири күчөп бара жатат. Ислам аябай тездик жайылууда. Ошол эле учурда христиан дининин агымдары азайып, кээ бирлери жабылуу алдында, айрымдары жабылганын байкап жатабыз. Цифраларга таяна турган болсок, башка динге өткөндөрдүн саны анча деле көп эмес. Менимче коомубузга алар өтө деле чоң коркунуч туудура албайт.

  • Кыргызстандын Конституциясынын 7-беренеси:

1. Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес.

2. Дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылган.

3. Диний бирикмелердин жана дин кызматчылардын мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (21)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG