Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 25-январь, 2020 Бишкек убактысы 06:17

Фернан де Варен: Аз улуттарга өз тилиндеги билим жетишпейт


Фернан де Варен (ортодо)

Бириккен Улуттар Уюмунун азчылыктар маселеси боюнча атайын баяндамачысы Фернан де Варен Кыргызстанга келип, баяндамасын жарыялады.

Баяндамачы журналисттер үчүн өткөргөн басма сөз жыйында Акыйкатчы институту Кыргызстанда көз каранды бойдон калып жатканын, улуттук азчылыктардын өз тилинде билим алууга болгон мүмкүнчүлүктөрү азайып баратканын айтты.

«Азаттык»: - Варен мырза, баяндамаңыз учурда толукталып жаткан экен. Бирок сиз анын өзөктүү маңызын ачык айтып берүүгө даяр экенсиз. Кыргызстандагы азчылыктарга жана алардын укуктарына байланышкан кандай көйгөйлөрдү тизмектей аласыз?

Фернан де Варен: - Менин баяндамам көбүнчө байкоолорду жана көңүл бура турган нерселерди камтыган. Ал эми сунуштарды мен кийин даярдап, жарыялайм. Ошондуктан азыр журналисттерге берип жаткан маалымат буга чейин топтолгон маалыматка жана Кыргызстанда өткөн талкууларга негизделген жана негизги көйгөйлөрдү камтыйт.

Эң көп көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн бири - бул аз улуттардын өз тилинде билим алууга болгон мүмкүнчүлүгүнүн азайышы. Кыргызстандагы 12 күндүк сапарым учурунда бул - эң көп көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн бири болду. Азчылыктардын өз тилиндеги мектептердин, жада калса өз тилиндеги сабактардын сааттарынын кыскарып кетиши тынчсыздануу жаратат.

Экинчи маанилүү көйгөй – бул азчылыктардын өлкөнүн коомдук жашоосуна катышууга тартылбаганы жана көрсөтүлбөгөнү. Буга алардын саясатка аралашпаганын жана социалдык кызмат өтөөгө тартылбаганын кошуп айтса болот.

Мен ошондой эле өлкөдөгү адам укуктарын сактоого олуттуу түрдө көңүл бурууга чакырат элем. Аны Обмудсмен институту сыяктуу механизмдерди жакшыртуу аркылуу жетишиш керек дегим келет. Кыргызстандын Акыйкатчы институту балким мындан да көз карандысыз болушу керектир.

Ошондой эле азчылык кылган диний уюмдарды каттоого алуудагы тоскоолдуктар да биротоло жоюлса жакшы болмок деген каалоо бар.

Адам укуктарын коргоодо мамлекеттик мыйзамдарды ишке ашыруу процесси дагы да дурус болушун каалайт элем. Муну менен мен балким өлкө дискриминацияга каршы бир мыйзам долбоорун кабыл алса, диний азчылыктардын укуктарын коргоого жакшы шарт түзүлмөк деп эсептейм.

Дагы бир айта кетүүчү нерсе - коомдогу сабырдуулук жана анын жоктугунан келип чыккан кастыктын тили.

Дүлөйлөрдүн жана дудуктардын тили тууралуу айта турган болсом, алардын “колун жаңсап сүйлөгөн” тили да тил катары эсептелгендиктен, аларды лингвистикалык азчылыктарга киргизсек болот.

Дүйнөдө Акыйкатчы институттарынын түйүнү жана өзүнүн рейтинги бар. Алар омбудсмендердин ишине баа бергенде эки категорияга бөлөт. Алар: «А» (эй) жана «B» (би) категориялары. Эгер Омбудсмен институтунун иши «B» (би) категориясында турса, анда анын ресурстары чектелгенин жана ал көз каранды болгонун билдирет.

«Азаттык»: - Сиз диний азчылыктар тууралуу айттыңыз. Кайсыл диний азчылыктарды айтып жатасыз?

Фернан де Варен: - Бул жерде өтө кичинекей, жаңы түзүлгөн диний топтор жана диний уюмдар жөнүндө сөз болуп жатат. Алар үчүн каттоого алуу жараяны оор болгону аларга тоскоолдук жаратууда. Мен өзүмдүн кенен баяндамамда абалды жакшыртуу жолдорун сунуштайм.

«Азаттык»: - Сиз кастык тили тууралуу айттыңыз. Кастык тили социалдык медиада эле байкалабы же бул сын жалпыга маалымдоо каражаттарына да тиешелүүбү?

Фернан де Варен: - Мен муну социалдык медиада да, жалпы эле медиада да болуп жаткан көрүнүш катары айттым. Азчылыктар медиада бутага алынып жаткан көрүнүш өсүп бараткандай көрүнөт. Айрым учурда аларды мындай өңүттө көрсөтүү - аларга карата кастык тилин колдонуп жатканга барабар болуп калат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG