Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Партиялардын бюллетендеги орду 4-сентябрда аныкталат


Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын бюллетендеги орду 4-сентябрда чүчүкулак аркылуу аныкталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

БШК 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышууга документ тапшырган 17 партиянын 15ин расмий каттоодон өткөрдү.

Партиялар 24-августта документтерин тапшырып, БШК бир апта бою талапкерлер тууралуу маалыматтарды текшерди. Аларды расмий каттоодон өткөрүү боюнча жыйын 2-3-сентябрда өттү. 4-сентябрда үгүт башталат.

120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттары беш жыл сайын шайланат. Парламенттин депутаттыгына 21 жаштан өткөн кыргыз жарандары талапкер боло алышат. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG