Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:41

Суваналиев: «Бүтүн Кыргызстан» партиясы атайын буйруктун негизинде катталган жок


Өмүрбек Суваналиев.
Өмүрбек Суваналиев.

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы атайын буйруктун негизинде катталбай калды. Мындай пикирин аталган партиянын тизмеси менен шайлоого бараткан Өмүрбек Суваналиев бүгүн, 4-сентябрда басма сөз жыйынында билдирди:

«Бизге маалым, атайын буйрук бар. «Төрт гана партия өтүшү керек, «Бүтүн Кыргызстан» өтпөсүн» деген. Ошонун негизинде биздин партияны каттаган жок. Себеби биз канча жылдан бери бийликке, парламентке криминал аралашпасын деген талап менен келе жатабыз. Бул жолу да ошол талапты койгонбуз. Тилекке каршы, мафияга бул жакпайт, ошондуктан, бизди бийликке жолотпоонун аракети болуп жатат», - деди Суваналиев.

«Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан Мадумаров да партиянын парламенттик шайлоодон четтетилишин «саясий чечим» деп сыпаттап, сотко кайрыларын айтты. Партия азырынча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимин колуна ала элек. Чечим колго тиери менен сотко кайрылмакчы.

БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» партиясы талапкерлерди аныктоодо эреже бузган деп таап, аны каттоодон баш тарткан.(TSh/ZKo)

XS
SM
MD
LG