Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:59

Жээнбеков: Өлкөдөгү бүгүнкү оор абал оппозициялык партиялардын жеңишин шарттайт


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Учурда абакта отурган оппозиционер Равшан Жээнбеков акыркы үч жылда Кыргызстанда социалдык-экономикалык абал оорлоп, саясий кырдаал курчуду деген мааниде билдирүү таратты.

«Бийлик пандемия менен күрөштө шалаакылыгын көргөздү. Үч жыл ичинде бир да реформа жасалган жок. Экономика 10% төмөндөдү. Тышкы карыз беш млрд. долларга жетти. Ар бир бешинчи кыргыз жараны жумушсуз. Жакырчылыктын деңгээли 35% көтөрүлдү. Орточо айлык акы дүйнөдө эң төмөн деңгээлде. Чек ара маселеси чечилген жок. Элдин бийликке болгон ишеними төмөн экенин социалдык изилдөөлөр көргөздү. Нааразылык күчөп, каяшачыл маанайдагы күчтүү электорат жаралды. Мындай абалда сөзсүз түрдө оппозициялык жана эгемендүү партиялар келет. Ал үчүн таза шайлоо болушу керек», деп жазылган Жээнбековдун билдирүүсүндө.

Саясатчы ошол эле учурда бийлик жана бийликчил-олигархиялык партиялар буга жол бербегенге бардык аракеттерин жумшай турганын белгилеп, алар добуш сатып алууга, административдик ресурсту колдонууга бара турганын кошумчалаган.

«30 жыл ичинде өткөн бардык шайлоолор эч кандай маанилүү өзгөрүү алып келген жок. Бардык келген президенттер өздөрүнүн гана партияларынын кызыкчылыгы үчүн шайлоолорду өткөрүштү. Азыр да бийликчил партияларга жана талапкерлерге түзүлгөн өзгөчө ыңгайлуу шарттарды көпчүлүк байкап, көрүп эле турат. Административдик ресурс, коррупциялык каражаттар, укук коргоо органдары жана соттор кайсы партияларга кызмат кылып жатканын бийлик жашырып коё албайт. Оор социалдык-экономикалык абал, элдин нааразылыгы, күчтүү каяшачыл электорат, керек болсо Беларустагы толкундоолор да түрткү болууда» , деп билдирген Равшан Жээнбеков.

Саясатчы шайлоого аттанган оппозициялык партиялар биригип, жалпы таза жана адилеттүү шайлоо үчүн күрөшүү старатегиясын иштеп чыгышы керек деген пикирде.

Равшан Жээнбеков былтыр 12-декабрда Кой-Таш окуясына байланыштуу кармалып, ага Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнча айып коюлган. 14-декабрда айыптоого 309-берене («Бийликти күч менен басып алуу») кошулган. Ал буга чейин «тергөөдө жалган көрсөтмө берүү жөнүндө сунуш болгонун, бирок андан баш тартып түрмөнү тандаганын» билдирген.

Жээнбеков өзүнө тагылган айыптардын баары «саясий буйрук» экенин билдирип келет.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 3-сентябрь күнү шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттады. Шайлоого катышуу укугунан «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары ажыратылды. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы БШКнын чечимин «саясий чечим» деп атап, сотко кайрыларын маалымдады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG