Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:05

Жалал-Абадда милиция имамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө


Иллюстрациялык сүрөт. Кабардагы маалыматка тиешеси жок.
Иллюстрациялык сүрөт. Кабардагы маалыматка тиешеси жок.

Жалал-Абад облусунда милиция кызматкерлери пандемияга байланыштуу мечиттерде түшүндүрүү иштерин жүргүздү. 2-3-сентябрь күндөрү Сузак жана Ноокен райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, участкалык милиционерлер мечиттерди кыдырып, жума намазга эл чогулганда санитардык эрежелерди сактоо талаптарын сүйлөшүштү.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев «Азаттыкка» билдиргендей, имамдарга жашы жете электерге нике кыюунун жоопкерчилиги тууралуу да эскертилүүдө.

Облуста 650 мечит, 12 медресе бар.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда мечиттерде жума намазга тыюу салынып, август айынын акыркы аптасында уруксат берилген. (TB)

XS
SM
MD
LG