Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 14:49

«Кремль Атамбаевдин тагдырына кайдыгер эмес»


Орус президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. 16-март, 2015-жыл.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин соңку билдирүүсү, кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушунун чоо-жайы, Кремлдин Атамбаевге азыркы мамилеси тууралуу Орусиядагы КМШ өлкөлөрүнүн институтунун Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн жетекчиси, саясат таануучу Андрей Грозин маек курду.

- Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев кылмыш төбөлү Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча билдирүү таратты. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевди Кыргызстанга алып келиш үчүн Батукаевди бошотуу операциясына макулдук бергенин ишарат кылды. Мындай жоромолдор буга чейин да айтылган. Сиз Атамбаевдин соңку билдирүүсүн канчалык жүйөлүү же негиздүү деп эсептейсиз?

- Так айтыш кыйын. Биринчиден, Алмазбек Шаршенович Атамбаев көп темада сүйлөчү. Болгондо да уккан адамды дендароо кылып койчу. Андыктан Атамбаев азыр кандай абалда экенин эске алганда анын сөзүнө 100% ишенбейт элем. Ал үчүн Атамбаев маселенин чоо-жайын толугураак түшүндүрүп бериши керек.

Себеби, азыр анын айткандарын ар башкача талдай берсе болот. Маселен, Жаныш Бакиевди Беларустан Кыргызстанга кандайдыр бир жол менен алып келиш үчүн бейформал же кадыр-барктуу чечен өкүлдөрүнө үмүт артылган деп жоромолдосо болот.

Орусиялык саясат таануучу Андрей Грозин.
Орусиялык саясат таануучу Андрей Грозин.

Мындай маалыматты толугу менен четке кага албайбыз. Себеби, экстрадиция кылуу же мыйзамсыз жолдор менен уурдап кетүү сыяктуу иш-аракеттер башка өлкөлөрдө боло келген көрүнүш.

Дүйнөлүк тарыхта атайын кызматтар же бейформал топтор же мыйзамсыз иштер менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтор мындай кадамдарга барган учурлар көп.

Балким Алмазбек Атамбаевдин өзүн же бул операцияны уюштурган адамдарды адаштырып коюшкандыр же колдонуп кетишкен чыгар? Балким Атамбаев өзүнө коюлган айыпты четке кагыш үчүн ушундай катуу билдирүү жасап жаткандыр? Себеби, Атамбаев дал ушул маселе боюнча түрмөгө кесилбедиби. Башкача айтканда, Батукаевдин маселеси - ага коюлган башкы айыптардын бири. Эгер кандайдыр бир күмөн жаралса, ишти кайра кароого, Атамбаевди бошотууга негиз түзүлүшү мүмкүн. Ал бул үчүн ар кандай билдирүүлөрдү жасашы ыктымал.

- Бирок Атамбаев айткан версиялар буга чейин да ачыкка чыккан. Маселен, 2019-жылы «Атамбаев менен УКМКнын мурдагы жетекчиси Шамил Атахановду беттештирүүдөгү протокол» деп аталган документ Интернетке тарап кеткен. Анда Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун үзөңгүлөшү, Мамдуманын депутаты Адам Делимханов Бишкекке келгени, кийин ал «Бакиевди экстрадициялайбыз» деп убада бергени айтылган. Сиз Орусиядагы, Чеченстандагы кырдаалды жакшы билесиз. Чеченстандын лидерлери же таасирдүү адамдары мындай операцияны уюштура алат беле?

- Азырынча алардын мындай жөндөмүн ырастай турган далилдер жок. Бирок Чеченстандын азыркы жетекчилигинин дарегине дооматтар айтылып келет. Маселен, «Рамзан Кадыров атасы Ахмад Кадыровдун өлүмү үчүн күнөөлөп келген адамдардын көзү тазаланган» деген дооматтар бар. Бирок алар сот чечими менен бышыкталган эмес. Мен билгенден, жогорудагы адамдардын Европанын аймагында киши колдуу болушу боюнча сот чечимдери чыккан эмес.

Андыктан бир жагынан Чеченстандын жетекчилигинин укуругу узун деп айтсак болот. Ошол эле учурда карама-каршы пикирди кармангандар муну жалган жалаа деп мүнөздөшөт. Азырынча сөздөрдүн эле кармашы жүрүп жатат. Ал үчүн кайсы бирөөгө кандайдыр бир айып коюш кыйын.

Орусиянын курамындагы Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров. 25-октябрь, 2017-жыл.
Орусиянын курамындагы Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров. 25-октябрь, 2017-жыл.

Азыр Атамбаевдин жогото турган эч нерсеси жок. Ал бир нерсе болуп кетмейинче түрмөдөн чыгышы керек. Ден соолугу начарлаганын, дагы бир нерселер болгонун угуп калып жатабыз. Ал иштин кайра каралышына жетишиши керек.

Эсиңиздерде болсо, жакында ал «сасык тумоонун оор формасына» чалдыкканы кабарланбады беле. Айрымдар ал коронавирус жугузуп алганын, кайсы бири пневмония болуп жатканын айтышкан. Ошондо эксперттер арасында «аны Кыргызстандан башка жерге дарыланууга жөнөтүшү мүмкүн» деген ойлор айтылган. Андай болгон жок.

Андыктан ал абактан чыгышы үчүн ар кандай версияларды айтышы мүмкүн. Алмазбек Шаршеновичти президент боло элек учурунан бери билген адам катары айтсам, ал маселени бир аз көбүртүп-жабыртышы мүмкүн деген ойду четке какпайм. Ал калп сүйлөп жатат деп айткан жокмун, бирок фантазияга жол бериши мүмкүн. Бул мурда ага мүнөздүү көрүнүш болчу. Президент болгондо аны менен сүйлөшө албай калдым. Андан бери мүнөзү өзгөрүп кетти деп ойлобойм.

- Кантсе да Батукаев кимдир-бирөөгө керек болгону анык го. Себеби, чечен тарап Батукаевди кабыл албадыбы. Ал Чеченстанга эмне үчүн зарыл болгон? Анын азыркы абалы тууралуу эмне билесиз?

- Айың кептер боюнча ал өтө деле оор эмес кылмыштар боюнча Чечен Республикасында жазасын өтөп жатат. Ага «курал-жарак сактаган» деген айып коюлса керек эле. Түрмө жазасы деле анчалык узак эмес болчу. Ал тууралуу маалымат 2019-жылы жарыяланган. Башка бир жагдайлар пайда болуп кетпесе эле, ал түрмөдөн чыккан болушу мүмкүн же акыркы айларын өтөп жатышы ыктымал.

Ал кандай шартта жашап жатканы, түрмөдө отуруп же отурбаганы эч кимге белгисиз. Анын Чеченстандагы жана Кыргызстандагы таасирин эксперттер бир жактуу айта албайт. Айрымдар аны «көбүртүп-жабыртылган авторитет» десе, кайсы бири аны чоң маселелерди чече алган кримтөбөл катары баалашат. Аны бир эле учурда «мафиянын төбөлү» жана «майда кылмышкер» деп да атап жүрүшөт.

Кримтөбөл Азиз Батукаев Нарындагы түрмөдө.
Кримтөбөл Азиз Батукаев Нарындагы түрмөдө.

Логика боюнча Атамбаевдин соңку билдирүүсүнө кандайдыр бир жоопту күтсөк болот. Кимдир-бирөөдөн жок дегенде оозеки бир жооп болсо керек. Сөзсүз Рамзан Ахмадович жооп бериши керек деп айткан жокмун, бирок чечен бийлигинин расмий өкүлдөрү бул маселеге ачыктык киргизиши зарыл.

Албетте, Атамбаев Чеченстан үчүн эч ким эмес. Керек болсо Орусия үчүн да эч ким эмес. Кыргызстандын катардагы жараны гана. Бирок Орусияга достук мамиледеги өлкөнү жакынкы мезгилге чейин башкарып келген адамдын мындай сөзү жоопсуз калбашы керек. Кандайдыр бир комментарий зарыл.

- Чеченстан Батукаевге эмне үчүн муктаж болгон?

- Чынында иш жүзүндө эмне болгонун, кандай негизде ишке ашырылганын биз так билбейбиз да. Мен эч кимди таарынткым келбейт. Бирок адатта мындай иштердин артында эң жөнөкөй эле паракорлук же акча турушу мүмкүн. Кыргызстанда чемоданга салынган долларлар «саясий оппоненттерди уурдап келүү» сыяктуу татаал конспирологиялык версияларга салыштырмалуу көп нерсени чечиши мүмкүн.

- Кандай болсо да Батукаев Чеченстанда кимдир-бирөөгө керек болду да?

- Айтылган сөздөр боюнча ал жакыр киши эмес. Кыргызстанда «ал уюшкан кылмыштуу топтордун орчундуу бир бөлүгүн көзөмөлдөп турган» деген ой кеңири жайылган. Андыктан анда акча бар эле. Өзү деле төлөп коюшу мүмкүн. Кыргызстанда Азиз Батукаев үчүн бир нече аткаминерди сатып алууга жетиштүү акча топтоо чоң деле маселе эмес. Бул ишке сөзсүз эле расмий Грозныйды аралаштыруунун кажети жок.

Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен орус лидери Владимир Путин.
Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен орус лидери Владимир Путин.

- Айтор, Батукаевдин бошотулганына жети жыл болду. Атамбаев УКМКнын операциясы ийгиликсиз болгонун айтып жатат. Кандай ойлойсуз, Батукаевдин бошотулушу тууралуу Кремль алдын-ала билгенби?

- Теориялык жактан, Кремль билген да болушу мүмкүн, билбеген да болушу мүмкүн. Бул жерде жоромол же спекуляциялар жөнүндө гана сөз болуп жатат. Аларды ырастап же четке кага албайбыз. «Бул Кремль ойлоп тапкан атайын операция» деп деле жоромолдоп койсо болот. Бул сыяктуу түрдүү божомолдорду айтса болот. Болгону аларды ырастай албайбыз.

- Батукаевдин иши боюнча Алмазбек Атамбаев 11 жыл эки айга түрмөгө кесилгени белгилүү. Атамбаев ошондой эле Кой-Таш окуялары боюнча да айыпталып жатат. Мурдагы президент дайыма орус лидери менен достук мамилеси бар экенин айтып келген. Кремль Атамбаевдин азыр абалына, тагдырына канчалык кызыгат? Канчалык көңүлкош?

Атамбаев транзиттик базаны “Манастан” чыгарган, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулушуна өбөлгө түзгөн, Кремл үчүн кыйла достук мамиледеги саясат жүргүзгөн.

- Кандайдыр бир мамилеси бар деп айта алам. Менин укканым боюнча, Алмазбек Шаршеновичтин айланасындагы талкууларды Кремлдегилер өтө деле жакшы кабыл алышкан эмес. Бул маалымат так деп кепилдик бере албайм. Бирок ушундай ойлор кеңири тараган.

Биринчиден, бул – жаман прецедент. Президенттин мындай оор беренелер менен, узак убакытка түрмөгө отургузулушу Кремлде деле, Акордодо деле бирдей, жаман кабыл алынган деп ойлойм. Себеби постсоветтик чөлкөмдө президентти, Орусиянын алдында кандайдыр бир кызмат кылган адамды түрмөгө отургузуу, өзгөчө узак убакытка эркинен ажыратуу кеңири жайылган көрүнүш эмес.

Атамбаев транзиттик базаны «Манастан» чыгарган, Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине кошулушуна өбөлгө түзгөн, Кремль үчүн кыйла достук мамиледеги саясат жүргүзгөн. Андыктан аны отургузуп коюу жакшы мисал эмес.

Ушундан улам Кремлдегилер «Атамбаев түрмөдө отурабы же отурган жокпу» деген маселеге көңүлкош мамиле кылат деп ойлобойм. Ошондуктан «Орусия мурдагы президентке кескин мамиле жасалганына анчейин канааттанбайт» деген сөздөрдүн негизи болсо керек.

Ошол эле учурда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков расмий позицияны айтып, «бул Кыргызстандын ички иши» деп билдирген. Андыктан Москва бул ишке түз кийлигише албайбыз деп ойлойт. Бирок Бишкек же азыркы кыргыз бийлиги Атамбаевге карата, менин оюмча, өтө кескин позицияны оңдоп-түзөй турган болсо, буга Кремлдегилер кубанычта эле болушат. Бирок Песковдун айтканын кайталасак, анда бул «Кыргызстандын ички иши».

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Пикирлерди көрүңүз (20)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG