Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 20:16

АКШда Түркмөнстандын Конституциясын өзгөртүүгө каршы акция уюштурулду


Түркмөнстандын АКШдагы элчилигинин алдындагы акция. 1-сентябрь, 2020-жыл, Вашингтон.

АКШда жашаган түркмөнстандыктар президент Гурбангулы Бердимухамедовдун Конституцияны өзгөртүү боюнча планына каршылык билдиришти.

1-сентябрда ондогон түркмөндөр Вашингтон, Хьюстон жана Питтсбруг шаарларында митингге кылышты.

Өлкөнүн АКШдагы элчилигинин алдында уюштурулган акцияда «Түркмөнстандын демократиялык тандоосу» тобунун лидери Мурат Гурбанов Баш мыйзам референдум аркылуу гана өзгөртүлүүгө тийиш экенин билдирди.

Президент Бердимухамедов Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү бир жыл мурун сунуш кылган жана долбоорду даярдаган комиссиянын башында өзү турган.

Катаал башкаруудагы өлкө деп сыпатталып келаткан Түркмөнстанда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизилсе, парламент Элдик кеңешке бириктирилип, эки палаталуу орган болот.

Элдик кеңеш 2017-жылы Аксакалдар кеңешинин базасында түзүлгөн, ага президент Гурбангулы Бердимухамедов төрагалык кылат.

XS
SM
MD
LG