Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 14:36

Курамы өзгөрбөгөн парламент, энелерди кыйнаган вирус


Кыргызстандын эски жүздүү жаңы парламенти кандай болот? Коронавирустун зыянын өлкөлөр жапа тырмак жоюшу керек. COVID-19 вирусу өзгөчө энелерге зыян тийгизүүдө. Дүйнөлүк басма сөзгө баяндаманы сунуш кылабыз.

«Eurasinet» онлайн басылмасынын баяндамачылары Крис Риклтон менен Айзирек Иманалиева Кыргызстандагы парламенттик шайлоого талапкер болгон партияларды, шайлоону талдаган, шайлоодон кийин окуялар кандай нукта өнүгөрүн болжолдогон макала жарыялашты. Авторлор бир нече эксперттин пикирине таянып, саясий партиялардын багыты менен сапатын анализдешкен.

«Расмий жараяндын өзү - парламенттеги 120 орунга ат салышуу. Ал эми бейрасмий - шайлоону бийликке келчү кландардын таймашы менен биригүүсү десе болот.

ЕККУнун Бишкектеги академиясынын профессору Эмил Жороев коронавирус өлкөнү болушунча кыйнаган маалдагы шайлоого карата сын көз карашта. Анын ою боюнча, эгер шайлоодон кийин чечим чыгаруу бийлигинде өзгөрүү болбосо Кыргызстан туңгуюкка кептелет. Ошондой эле бул шайлоо 2023-жылдагы президенттик шайлоонун да тагдырын чечет».

Авторлор «Бүтүн Кыргызстан», «Кыргызстан» партияларынын айланасында болгон талаш-тартыштуу учурларды тизмектеп, шайлоодо 5-6 партия алдыга озуп чыгарын божомолдошот.

«Президент Сооронбай Жээнбеков болушунча бейтарап болуу аракетинде. Бирок «Биримдик» партиясынан анын иниси Асылбек Жээнбеков да шайлоого баратат. Эл арасында «Матраимовдордуку» делген «Мекеним Кыргызстанды» да айрымдар Жээнбековго байланыштырышат. Бирок бул эки партия тең азыркы парламентте жок.

Кыргызстанда саясий партиялар шайлоо үчүн гана, кайсы бир саясий максатты көздөп, убактылуу түзүлөрү айтылып эле жүрөт. Буга мисал 2010-жылкы шайлоодо эң чоң добуш алып, ийгиликке жетишкен Кыргызстан социал-демократтар партиясы бул ирет шайлоого катышпай да калды.

Анткен менен августтагы сурамжылоодо КСДПны элдин көбү эң таанымал партия катары аташкан. Партиялардын программасында жакырчылык, жумушсуздук менен күрөшүү барбы? Эл аралык саясатка карата көз караштары кандай?» - деген суроого «Реформа», «Мекеним Кыргызстан», «Ата Мекен» партияларынын программаларынан мисал издешкен.

Шайлоо жараяны коронавирус пандемиясына дал келгендиктен аны өткөрүү, үгүт иштеринде элди чогултуу сыяктуу иш-чараларга чектөөлөр киргенин, бирок шайлоо маалында аралыкты сактоо, беткап тагынуу өңдүү тазалык нормалары сакталары күмөн экенин жазышты. Дарыгер Эрмек Исмаилов «Бийлик вирустун экинчи толкуну октябрь же ноябрда болот деп жатат. Андыктан ага чейинки үгүт иштери салттуу түрдө болсо талапкерлер менен активисттер аймактарга вирусту өтө тез ылдамдыкта таратышы мүмкүн», - деген божомолду айткан.

Басылма "Кыргыз саясатчылары жашарып баратабы?" деген суроого жооп издеп, «Бир Бол» жана «Ата Мекен» партиялары салыштырмалуу жаш экенин, анткен менен талапкерлердин орточо жашы 56-57 болгонун жазды.

Коронавирус менен күрөшүү үчүн дүйнө биригиши керек

«Foreign Policy» журналына Эл аралык валюта фондунун директору Кристалина Георгиевна менен уюмдун экономисти Гита Гопинаттын «Улуу карантинден күч топтоп чыгуу» деген аталыштагы макаласы жарык көрдү. Анда авторлор пандемиянын экономикага тийгизген кесепеттерин санап, оор кырдаалдан чыгуунун бир нече жолун сунуш кылышкан.

«Глобалдык экономика 2020-жылдын экинчи кварталында урап калды. Себеби, жалпы экономиканын 85% бир нече апта бою камакта калды.

Азыркы карантиндин кесепетин 1929-жылдагы «Улуу депрессияга» салыштырса болот. Анткен менен азыркы кыйынчылыктын өтө өзгөчө өңүттөрү да бар. Март, апрель айларында эле АКШдагы жумушсуздук үч эсе көбөйүп, 14,7 пайызга жетти. Мындай көрүнүш «Улуу депрессия» учурунда эки жылда араң болгон. Карантиндик чаралар жеңилдеп, эл ишке кайтканы менен көп өлкөлөрдүн абалы чеке жылытпайт.

Эл аралык эмгек уюму 2020-жылдын алгачкы алты айында 400 миллион адам ишсиз калганын аныктады. 71 миллион адам жакырчылыктын чегинде жашап жатат.

Бул абалдан чыгуу үчүн үч багытта иш алып баруу керек. Биринчиси - адамзатты вирустан куткаруу үчүн вакцина чыгарууну тездетүү, экинчиси - адамдар баары бир жумуш табууга аргасыз. Банкрот болуп калган ири фирмалар жумушчуларынын камын кандай болгон күндө да көрүшү керек. Анан эң эле маанилүүсү - биздин келечек мурдагыга караганда туруктуу жана инклюзивдүү болгону дурус. Ал үчүн климаттын өзгөрүүсү, теңсиздикти жок кылуучу аракеттер зарыл.

Вакцина чыгарууда азыр ири өлкөлөр ат салышууда. Байгер мамлекеттер вакцинаны өзүнө гана чыгарбай, жалпы адамзатка таратмайынча ооруну ооздуктоо мүмкүн эмес. Бул мурда да болуп келген тажрыйба.

Вирустук оорулардын вакцинасын орток колдонуу үчүн эл аралык COVAX уюму түзүлгөн. Туруктуу келечек туруктуу каражатты талап кылат. Азыркы кризис фискалдык ресурстарга абдан чоң талапты койду. Көптөгөн өлкөлөр карызга батты. Карыздардын санын кыскартуу үчүн бийлик болушунча үнөмдөгөнү дурус».

Авторлор өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө берилип жаткан узак мөөнөттүк насыялар тууралуу маалымдады. Эл аралык валюта фонду пандемия башталганы 75 өлкөгө каржылык колдоо көрсөткөн, алардын 47си кирешеси эң аз мамлекеттер.

Пандемияда дайынын таппай калган лидерлер

Беларуста болуп жаткан каршылык акцияларын «New York Times» гезитинин блогери Иван Кратсев 1980-жылдары Чыгыш Европада болгон саясий жараяндарга салыштырат.

«Жазында дүйнө вирустан коркуп, карантинге жабылса, Александр Лукашенко аны тоготпой, глобалдык дүрбөлөңдөн оолак болуп, беларустар көчөдө ээн-эркин жүрүп, канчасы вирус жуктурганын, канчасы кайтыш болгонун эми билүү кыйын. Кызыгы, беларустар азыр COVID-19дан улам көчөгө чыкпаганы менен, бийликтин пандемияга карата саясаты алардын кыжырын кайнаткан себептердин бири болушу мүмкүн.

Беларустагы каршылык акцияларынан улам авторитаризм менен пандемиянын ортосундагы байланышты байкасак болот. Вирус авторитардык башкаруудагы өлкөлөргө көп тарап, демократиянын иммунитетин арттырабы? Айрымдар ден соолукка байланышкан апааттар бийликтин темир чеңгелин курчутуп, ага ыйгарым укукту чексиз береринен чочулашат.

Пандемия чектөөлөргө чыдамкайлыкты арттырганы менен АКШ, Германияда карантинге каршы демонстрацияларды да шарттады. Ошол эле маалда пандемия авторитардык бийликтин кубатын арттырды. Александр Лукашенко, Владимир Путин, Жейр Болсанаро, Дональд Трамп сыяктуу лидерлер өзгөчө абалдын олуттуулугун бийликти чыңдоого жумшады. Бирок эмнеге өзүн күчтүү авторитардык лидер катары калыптандырган лидерлер кризистик маалда башкаруучу мыкты сапатын көрсөтө алышкан жок? Себеби автократтар болгону өзү жараткан гана кыйынчылыкты чече алышат. Алар проблеманы чечпей эле душманды талкалаганды жакшы билишет. Дал ушул өзгөчөлүгү менен алар бийлигин чыңдашат.

Мисалы, коронавируска чейин Путин бир көйгөйдү чечүүдө экинчисин жок кылып отурчу. 2011-2012-жылдары кадыр-баркы түшүп баратканда Крымды аннексиялап, рейтингин кайра көтөрүп алган. Дональд Трамп Мексикадан келген эмгек мигранттары эң чоң көйгөй деп, климаттын өзгөрүүсүнө көз жумган.

Бирок пандемияда мындай кылуу мүмкүн эмес. Себеби бир гана көйгөй - пандемия. Ар бир бийлик аны менен күрөшүү жолдоруна жараша сыналды. Авторитардык лидерлер эми кайсы бир саясий оюнду ойлоп табуу менен вирусту жеңе албай калды», - деп жазат автор.

Вирустан энелер өзгөчө кыйналууда

«The Guardian» гезити пандемия бала баккан энелердин психологиясына оор таасир тийгизгенин жазды. Британияда жүргүзүлгөн изилдөөгө катышкандардын 20% депрессия болгонун айткан.

Начар психологиялык саламаттык, бактысыздык сезими иштермандыкка зыянын тийгизет. 16 жаштан 39 жашка чейинки адамдар арасында депрессиянын белгилери 30 пайызга арткан.

Германиялык илимпоздор балалуу адамдар менен баласы жокторго пандемиянын психикалык таасирин иликтеп, натыйжада балалуу энелер бул карантинде депрессияга көбүрөк кабылганын аныкташканын баяндайт гезит.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG