Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:01

IRI: Коронавируска каршы мамлекеттин саясатына элдин 63% канааттанбайт


Коронавирус илдетин аныктаган лабораториялардын биринде. Бишкек. 2020-жыл.
Коронавирус илдетин аныктаган лабораториялардын биринде. Бишкек. 2020-жыл.

Бул маалыматты АКШдагы Эл аралык институт кыргызстандыктардын арасында жүргүзгөн саясий, социалдык-экономикалык жагдай боюнча сурамжылоосуна таянып жарыялады.

Ага ылайык, коронавирус пандемиясына каршы күрөштө бийликтин саясатына канааттанарын катышкандардын 33% айткан. 63% канааттанбай турганын билдирген. Калгандары жооп бере албай турганын айткан.

Иликтөөнүн жыйынтыгында катышуучулардын 46% коронавирус илдетин олуттуу кабыл аларын билдирген. 33% кайдыгер эмес экенин, 7% ооруга ишенбей турганын айткан. 14% оору катары кабыл аларын билдирген.

Сурамжылоодо «өлкөнүн өнүгүшүнө бут тосуп жаткан маселелердин башында жумушсуздук, коррупция жана коронавирус турат» деген пикирин катышуучулардын басымдуу бөлүгү билдирген.

Саламаттык сактоо жана билим берүү тармагынын алсыздыгы, ички чыр-чатактар, социалдык жакырчылык да өнүгүүгө жолтоо болгон себептер катары айтылган.

«Биздин өлкөнүн иши туура багытта бара жатабы?» деген суроого катышуучулардын 53% «жок» деп жооп берген. 41% «туура багытта» деп жооп берген. 6% билбей турганын айткан.

Эл аралык институттун сурамжылоосу АКШнын Эл аралык каржылоо агенттигинин колдоосу менен Кыргызстандын жети облусунда жана эки шаарында жүргүзүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG