Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

Кыргызстанда коронавирус 1100дөн ашык балага жукту


Кыргызстанда пандемия шартында 1-класстын окуучулары гана мектепке барып окуп жатышат. 1-сентябрь, 2020-жыл. Бишкек шаарындагы мектептердин бири.
Кыргызстанда пандемия шартында 1-класстын окуучулары гана мектепке барып окуп жатышат. 1-сентябрь, 2020-жыл. Бишкек шаарындагы мектептердин бири.

Август айында чыгарылган статистикага ылайык, Кыргызстанда COVID-19 илдети 1120 баладан табылды.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 2-сентябрдагы маалыматына караганда, алардын 117си бир жашка чейинки наристелер. 354ү бир жаштан 5 жашка чейинки балдар. 6-14 жашка чейинкилер 649 баланы түзгөн.

Буга чейин Санжарбек Данияров атындагы Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча мамлекеттик медициналык институттун педиатрия кафедрасынын башчысы Венера Шүкүрова Кыргызстанда балдар арасында коронавирус менен байланышкан мультисистемалык сезгенүү учурлары кездешип жатканын билдирген. Дартты аныктоо жана дарылоо аракети протоколго киргенин айткан.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган март айынан бери Кыргызстанда коронавирустун курмандыктары 1060 кишиге жетти. Илдетке чалдыккандардын расмий эсеби 44036 адамды түзүп, анын 38 895и айыкты.

Кыргызстанда 18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылып жаткан. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

Азыр стационарларда 670, үй шартында 4 799 бейтап дарыланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG