Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-ноябрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Үсөнбаев: Сасык тумоо жана респиратордук оорулар күчөшү мүмкүн


Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Кыргызстанда күз-кыш айларында сасык тумоо жана респиратордук оорулар күчөйт деген божомол бар экенин саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 2-сентябрдагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, мындай божомолго байланыштуу коронавирустун алдын алуу боюнча бир катар пландар иштелип чыгып, даярдыктар көрүлүп жатат.

«Көптөгөн жарандар вирус менен ооруп, дарыланып жатышат. Коронавирустун жайылышы дагы деле уланып жатат. Анын азайганы байкалып жатат, бирок эс алууга азырынча эрте. Чет мамлекеттерде коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну байкалууда, - деди министрдин орун басары.

- Биздин республикада пандемия башталгандан бери бир катар масштабдуу иштер жүргүзүлдү. Карантин киргизүү, санитардык талаптардын күчөшү жана башка иш-чаралар өз убагында оорунун алдын алып, туруктуу кармап турууга жардам берди деп эсептейбиз. Тилекке каршы, коронавирус менен бирге пневмония оорусу күчөп, статистикалык маалымат бириктирилди».

Нурболот Үсөнбаев Кыргызстанда коронавируска байланыштуу абал толук турукташа элек экенин эскертти. Ал элди санитардык талаптарды сактоого чакырды.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган март айынан бери Кыргызстанда коронавирустун курмандыктары 1060 кишиге жетти. Илдетке чалдыккандардын расмий эсеби 44036 адамды түзүп, анын 38 895и айыкты. Кыргызстанда 18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылып жаткан. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын билдирген.

Азыр стационарларда 670, үй шартында 4 799 бейтап дарыланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG