Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

COVID-19: БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү саясий партияларга кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү парламенттик шайлоого катышып жаткан саясий партияларга кайрылып, коронавирустун жайылышына жол бербөөгө чакырды.

Уюм 7-сентябрда кайрылуу таратып, этият болууга жана бул вирустун жайылып кетишине мүмкүнчүлүк бербөөгө чакырды. Мекеме бул илдет июль айында өтө көбөйүп, кийин азая баштаганы менен, таптакыр жок болуп кете элек экенин белгиледи.

БУУнун кыргыз саясатчыларына багытталган кайрылуусунда «COVID-19 пандемиясы күн сайын бүткүл дүйнөдө миңдеген адамдарга терс таасирин тийгизүү менен мурдагыдай эле глобалдуу мүшкүл бойдон калууда. Ошондуктан парламенттик шайлоого катышып жаткан саясий партияларды эл менен жолугушууларды уюштурганда өкмөт жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) сунуш кылган бардык санитардык жана эпидемияга каршы талаптарды аткарууга, социалдык аралыкты сактоого, беткап тагынып, колду жууп же санитардык тазалоону улантууга чакырабыз. Эл менен болгон жолугушууларда жана жыйындарда COVID-19дун жайылуу коркунучуна жол бербөөнү камсыз кылуу – саясий партиялардын милдети. Ошондой эле биз Боршайкомду саясий партияларды үгүт иштерин жүргүзүүдө COVID-19дун жайылуу коркунучунун алдын алууга жетиштүү көңүл бурдурууга чакырабыз» деп айтылды.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. 4-сентябрда бир айлык үгүт өнөктүгү башталды. Шайлоого 15 саясий партия катышууда.

Быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу үгүт учурунда мурдагыдай стадиондордо жана көчөлөрдө концерт, жолугушуу, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. (RK)

XS
SM
MD
LG