Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-октябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 11:52

COVID-19: Борбор Азиядагы бурмаланган эсептин залакасы


Бишкектеги ооруканалардын бири

20-26-июлдагы дүйнөлүк басма сөзгө баяндама.

«Diplomat» журналынын талдоочусу Кэтрин Пуздун Борбор Азияда пандемиялык статистикага байланышкан талдоосу жарыяланды. Автор: «Калптын үч түрү бар: калп, каргыш тийген калп жана статистика», - деген учкул сөз менен макаласын баштап, Кыргызстанда 16-июлда пневмония менен коронавирусту чогуу санай баштагандан бери өзгөргөн статистиканы, Казакстанда да дал ушундай өзгөрүү болору күтүлүп жатканын баяндайт.

«Коронавирус пандемиясы сыяктуу проблемада маалымат абдан чоң мааниге ээ, чыныгы сандар өкмөттүн кандай иштеп жатканын көрсөтүп, элге тобокел факторлордун бетин ачат. Айрыкча жугуштуу оору тууралуу маалыматты чогултуу өтө кыйын, аны илимий негизде далилдегени менен саясий маанайда өзгөрткөндөр да болот. Дал ушул так эмес сандар Борбор Азияда коронавирустун арышын тездетти. Себеби, биринчи толкун маалында элди дүрбөлөңгө түшүрбөйлү деген бийликтин айынан инфекциянын экинчи толкуну калкка оор тийди. "Human Rights Watch" уюму Кыргызстанда 16-июлдан тартып статистиканын өзгөрүүсүн кубаттап «ачык-айкын санактын болуусу элдин саламаттыгына кам көрүүгө өбөлгө түзөт» деп билдирди.

Казак бийлиги 1-августтан тартып кыргызстандыктардын жолун улап, пневмония менен коронавирустун эсебин бириктирмекчи. Кандай болгон күндө да эки өлкөнүн саламаттык системасы бул оорудан өтө катуу жабыркоодо.

Мүмкүнчүлүктөр абдан тартыш болгондуктан, бир топ бейтаптар тест жасаганга үлгүрбөй эле пневмониядан кайтыш болушту. Эки ача эсептен улам бийлик ооруган адамдарга карата эки башка мамиле жасап, абал курчуп кетти».

Автор 11-майдан кийин Казакстандагы карантиндин токтошу, ага улай эле бизнестин кайрадан ачылып, оорунун катуу күчөшү вируска байланыштуу калпыс маалыматтардан улам болду деген пикирин жазды.

Түркмөнстан беткапты "чаңдан коргонуу үчүн" тагууда

Британияда чыккан «Economist» журналы Борбор Азиянын бийлиги COVID-19 вирусу менен күрөшүүдө алсыздыгын көрсөтүп жатканын, ошол эле маалда Түркмөнстанда «чаңдан коргонуу үчүн» беткап тагынуу талабы коюлганын кабарлады.

Вирус жок деген дүйнөдөгү эң аз өлкөлөрдүн катарында Түркмөнстан турат. Бирок акыркы күндөрү президент Гурбангулы Бердымухамедов балык кармоого беткап тагып барганы, өлкөгө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрүн иликтөө үчүн киргизгени шек жаратууда.

«Казакстанда диагнозу такталган адамдардын саны майдагы карантин чаралары жумшаргандан кийин 1400 пайызга көбөйдү. Себеби казактын той маданиятынан улам ооруну жугузгандар он миңдеп саналууда.

Анткен менен казак бийлиги коронавирусту 80 миңдей киши жуктурганын белгилеп, дагы 163 миң адам пневмония болгонун тастыктады.

Пневмония болгондор былтыркы жылга салыштырмалуу алда канча көп. 1-августтан тартып эки эсеп бириксе, оорунун таасири алда канча оор экени билинет.

Казакстандын ири шаарларында ооруканалар бейтаптарды батыра албай, коомчулуктун нааразычылыгы күч алды. Ошентсе да бийлик нааразы элдин үнүн Нур-Султанда экс-президент Нурсултан Назарбаевдин 80 жылдыгына карата уюштурулган фейерверктин добушу менен жабууга аракет кылууда.

Өзбекстан туристтик сезонду ачык деп жарыялап, кокус чет элдик турист оору жуктурса акчалай кенемете төлөнөрүн да билдиргени менен эпидемиологиялык абалы курч бойдон. Вирустан кооптонгон чөлкөмдөгү эл медициналык тейлөөгө жете албай калып, бээнин сүтү, иттин эти, имбирдин тамыры сыяктуу каражаттардан даба издөөдө», - деп жазды журнал.

Пандемия көп элди көчмөнгө айлантат

«The Guardian» гезити Кызыл чырым уюмунун жетекчисинин пандемиядан улам миллиондогон көчмөндөрдүн жаңы агымы башталат деген билдирүүсүн жарыялады.

Кызыл чырым эл аралык федерациясынын жетекчиси Жаган Чапагейн вирус басаңдагандан кийин чек аралар ачылса миграциянын жаңы толкуну башталышы ыктымал деген ойдо.

«Бул оору бир топ адамдын жашоосун өзгөртүп, тиричилигин токтотуп койду. Көптөр оору жуктурганга караганда ачка калуу коркунучу менен жашап жатышат. Чек аралар ачылса эле көчүп кетүүгө даярлар өтө көп. Алдыдагы айларда жана жылдарда миграция тыным албай көбөйөрүнө даяр турушубуз керек», - деди.

Жан сактоонун айынан башка өлкөдөн арга издөө адамдардын өтө көп санда өлүмгө учуроосуна да жол ачарын эскертип: «Бара турган өлкөсүнө чейин жеткирүү мигрантты колдоо болуп саналбайт, анын өз өлкөсүндө жашоосун, медициналык тейлөөгө жетүүсүн, билим алуусун камсыздоо аркылуу гана көйгөйдү тамырынан чечсе болот. Бул вирус чек аралардын баарын жапты. Бирок вакцина чыкмайынча баары бир кооптуу абал улана берет», - деген оюн да кошумчалады.

Аскаровдун өлүмүнөн кийин эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сындоодо

«Pen International» уюму Азимжан Аскаровдун өлүмү тууралуу «Твиттерге» анын камакка алынуусун «адилеттикти шылдыңдоо» катары баалашканын жазды.

«Биз ушул жылдын башында маркумдун саламаттыгы начарлагандан улам аны бошотууну талап кылганбыз. Ал түрмөдө коронавирусту жуктуруп алышы мүмкүн эле», - деген билдирүү таркатты.

«Pen International» уюмунун камактагы жазуучулар комитетинин жетекчиси Салил Трипази май айында Азимжан Аскаровдун өкүмүн Жогорку сот күчүндө калтырганда «адилеттикти шылдыңдоо» деп баалап, Кыргызстандын бийлигинен аны тез арада бошотууну чакырган эле.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG