Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Орусиядагы элчилик мигранттарды Кыргызстанга шашылбоого чакырды


Аликбек Жекшенкулов.
Аликбек Жекшенкулов.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул өлкөдөгү эмгек мигранттарына кайрылып, мекенге кайтууга азырынча шашылбоого чакырды. Элчи Аликбек Жекшенкулов бүгүнкү күндө элчиликтин, Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн сайттарында жана социалдык түйүндөрдө Орусияда бош турган 4 миңден ашык жумуш орду тууралуу маалымат бар экенин айтты.

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу туруктуу авиакаттамдар ачыла электигин, орус-казак чек арасы жабык турганын белгилеп, мигранттарды чыдамдуу болууга чакырды жана Орусиянын Казакстан менен чек арасына барбоого үндөдү.

Элчи мекенине тез арада кайтууга себеби жокторду кырдаал турукташканча кайтпай турууга чакырды.

Элчиликтин маалыматына караганда, 20-марттан 20-июлга чейин Орусиянын 21 аймагынан 18 285 кыргыз жараны мекенине кайтты. Алар үчүн 74 авиакаттам жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург, Самара облустарынан 52 автобус уюштурулган.

Элчиликтин 2019-жылдагы маалыматына караганда, Орусияда 1 миллион 200 миң кыргызстандык бар, алардын 500 миңдейи орус жарандыгын алган. (RK)

XS
SM
MD
LG