Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:15

Кытайдын тамакты үнөмдөгөн саясаты


Шанхай базары, Кытай.
Шанхай базары, Кытай.

Кытай ысырапкорчулукту токтотууну чечти. Түркия уйгурлардын таламын талашпай калды. Навальный Путиндин курмандыгына айланчудай. ДCСУ пандемия эки жылда бүтөрүн жар салды. Жума ичинде дүйнөлүк басма сөзгө чыккан макалалар тууралуу баяндама.

“The Diplomat” басылмасы Түркия Кытайдагы уйгурлар кабылган кысымга каршы чыкпай, унчукпай туруп берген мусулман өлкөлөрүнүн катарына киргенин жазды.

Өзүн “мусулман дүйнөсүнүн лидери” санаган Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 2019-жылы июль айында НАТОго мүчө 22 өлкө Кытайдагы уйгурларга каршы массалык кысымды токтотууга байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмуна кат жолдогондорго кошулган жок.

Эрдоган башында турган “Адилеттик жана өнүгүү” партиясынын оппоненти - Улуттук кыймыл партиясы июль айында Кытайдагы уйгурларга кысымды токтотууну талап кылган демонстрацияга чыгып, “бийлик уйгурларды Бээжинге 50 миллиард долларга сатты” деп айыптаган.

2012-жылы уйгурлардын Америкадагы биримдигинин мурдагы лидери Нури Туркел “Wall Street Journal” басылмасына берген маегинде Түркияны “Кытайдагы этностук азчылыктарды жактайт” деп мактаса, сегиз жылдан кийин анын көз карашы өзгөрдү. 27-июлда ал Түркия бийлигин баш калка издеген уйгурларды жашыруун экстрадициялап жатканы үчүн айыптап чыкты”, - деп жазылган.

Басылма Түркиянын азыркы позициясын Батыш инвесторлору кеткенден бери Эрдогандын Кытайга экономикалык жактан көз каранды болгону менен түшүндүрөт.

“Биринчиден, Кытай менен Түркиянын 2012-жылдан бери юань, лира алмашуу кызматташтыгы бар, экинчиден, “Бир алкак – бир жол” долбоору Түркиядан да өтүп, Стамбулдун инфратүзүмү үчүн миллиарддаган доллар инвестиция жасалууда”, - дешет авторлор.

Кытай тамакты төгүп-чачууга каршы

Кытайдын коммунисттик партиясынын лидери Си Цзиньпиң “таза табак” чакырыгын жасады.

“New York Times” гезити пандемиянын айынан 1,4 миллиард калкы бар бул держава азык-түлүктү үнөмдөө маселесине көңүл буруп жатканын жазды.

Кытайда социалдык медиа аркылуу түз эфирден эсепсиз тамак жеген видео блогдорду токтотууга, ашыкча тамакка буюртма бербөөгө, окуучулар менен студенттерди тамакты ченеп сатып алууга чакырып жатышат.

Быйыл өлкөдө түшүм жакшы болгону менен пандемиянын айынан пайда болгон каатчылык, Кытайдын сырткы дүйнө менен дипломатиялык алакасынын бузулушу баары тамак-аш коопсуздугун эске салып жаткансыйт.

Кытайдагы көчө ашканаларынын бири.
Кытайдагы көчө ашканаларынын бири.

Си Цзиньпиңдин “таза табак” чакырыгы Кытайдын мейманды дасторконду жайнатып тосуп, мактанган маданиятына сокку урууда.

Кытайдын Илимдер академиясы жылына 30 миллиондон 50 миллионго чейин адамга жете турган 17-18 миллион тоннадай азык-түлүк таштандыга ыргытылып жатканын изилдеген.

1958-1962-жылдары Мао Цзэдун башкарып турган каатчылык жылдары да тамак-ашка болгон керектөө чектелген. Ал маалда арпанын машагын кайнатып, жүгөрү кесме жеп калгандардын бири, 79 жаштагы байбиче Уанг Якин Си Цзиньпиңдин азыркы чакырыгын колдоп, учурунда 45 миллион киши ачарчылыктан кыйналганын, азыр анын неберелери мантыны таштандыга ыргытып жатканына капа экенин айткан.

Ал эми жаш муундун өкүлдөрүнө “таза табак” саясаты жаккан жок. Маселен, Гуанчжоу шаарындагы 21 жаштагы студент Саманта Пэн “Канча кааласам ошончо тамак жейм, ашып калса ыргытканга толук акым бар, бул менин эркиндигим”, - деп эсептейт.

Ошондой эле социалдык медиа аркылуу тамак жеген видеолорду чыгарып, миллиондогон адамдарды тамшандырган блогерлердин ишин чектөө да каралууда. Басылма пандемия жана өлкөнүн айыл чарба аймактарындагы селден улам Кытайда тамак-аштын баасы июль айынын башында 13% кымбаттаганын баяндады.

Навальныйдын кейиштүү абалы

Британиянын Москвадагы мурдагы элчиси Тони Брентон “The Telegraph” гезитине Алексей Навальныйдын ууланышы боюнча өз пикирин жазды.

“Путин баарынан мурда Навальныйдан коркот” дешет. 2008-жылдан бери Алексей Навальный Орусиядагы эң атактуу блогер-оппозиционер болуп калды. Өлкөдөгү чириген коррупцияны ашкерелеп, демократияны анын дарысы катары талап кылып келет. 2017-жылы оппозиционердин бетине кислота чачышса, андан кийин улам камакка алып, уулантууга да аракеттер болду.

Ушундан улам анын ууланып, комага түшүп калганы трагедиялуу да, күтүлгөн да окуя болду”, - деген ойдо мурдагы элчи.

Тони Брентон өз макаласында Путин каршы пикирлердин көптүгүнө карабай, орус саясатында туруктуулукту камсыз кылган башкы фигура бойдон калып, өлкөнү саясий репрессия, коррупциялык жол менен башкарып келе жатканын, Орусиядагы жашоо деңгээли азыркы пандемиядан кийин дагы ылдый турганын божомолдойт.

2014-жылы Крым аннексиясынан кийин көтөрүлгөн Путиндин рейтинги азыр кайра түшкөнүн, бир жагынан Беларуста Батыштын таасири артканын жазат.

Автор “мындай оор кырдаалда Кремль өзүнө каршы ички жана тышкы күчтөргө белгилүү дагы бир оппонентти өлтүрүп, жооп бергиси келди”, - деп шектенип, 2015-жылы киши колдуу болгон Борис Немцов менен Навальныйдын азыркы абалын эске салат.

Пандемия эки жылда токтойт

“Japan Times” гезити дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясы эки жыл ичинде ооздукталыш мүмкүн деген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдирүүсүн басып чыгарды.

Женевада 21-августта өткөн басма сөз жыйынында ДССУнун баш катчысы Тедрос Гебреисус 1918-жылдагы пандемиядан айырмаланып, азыркы вирус эки жылда толугу менен токтошу ыктымал экенин айткан. Декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында катталган COVID-19 инфекциясы Жер жүзүнө чагылгандай тез тарап кетти.

Бирок илимий өнүгүү, технологиялык мүмкүнчүлүктөр 1918-жылга салыштырмалуу алда канча алдыда болгондуктан, вирус эки жылда жок болушу же аны токтотуу мүмкүн экени божомолдонууда.

COVID-19 ушу тапта 23 миллиондон ашуун кишиге жугуп, 800 миңден ашык адам көз жумду. “Испанка” деп аталган вирус 1918-1920-жылдар аралыгында 500 миллион кишиге жугуп, 50 миллион адамдын өмүрүн алган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG