Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:16

Курсан Асановдун иши боюнча сотто адвокат алмашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун ишине жаңы адвокат киришкенине байланыштуу 8-сентябрга белгиленген сот отуруму болгон жок. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады. Кийинки отурум 18-сентябрга белгиленди.

Асановдун укугун сотто үч жактоочу коргоп жатат. Алардын бири Таалайгүл Токтакунова парламенттик шайлоодо партиянын өкүлү катары иштеп жаткандыктан бир ай сотко катыша албай турганын, ордуна башка адвокат иштеп турарын «Азаттыкка» билдирди.

Курсан Асановго карата үч иш козголгон. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, биринчиси боюнча ИИМдин эки кызматкерин өзүнө мыйзамсыз жол менен жеке иштери үчүн жардамчы жана жансакчы кылып дайындап алгандыктан, мамлекетке 793 миң сом зыян келтирилген деп кине коюлууда. Экинчиси боюнча Асанов өзү жана өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков мурдагы вице-премьер Разаковду өтө оор кылмыштарга байланыштуу айыптаган жалган маалыматтарды тараткан деп айыпталууда. Үчүнчү иш 2019-жылдагы Кой-Таш окуясына байланыштуу. Ал боюнча Асановго «тергөө үчүн маанилүү далилдерди жашырып, кийин аларды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп берген» деген негиздеги айып коюлган.

Бул үч ишти райондук сот бириктирип карап жатат.

Асанов ИИМдеги кызматынан «Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен алынган.

Соттук териштирүү 2020-жылдын 14-февралында башталган. Асанов өзү 2019-жылдын 27-августунан бери үй камагында жана коюлган айыптардын бардыгын негизсиз деп айтып келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG