Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Венгр премьери АКШдагы шайлоодо Трампты колдой турганын билдирди


Виктор Орбан.
Виктор Орбан.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан АКШдагы президенттик шайлоодо Дональд Трампты колдой турганын билдирди. Ал Кошмо Штаттардагы Демократиялык партияны «дүйнөгө моралдык империализмди таңуулайт» деп айыптады.

«Биз Дональд Трамптын жеңишин жактайбыз. Себеби биз АКШнын Демократиялык өкмөтүнүн дипломатиясын жакшы билебиз. Ал моралдык империализмге негизделген. Биз муну буга чейин да көргөнбүз. Жаккан эмес. Экинчисин каалабайбыз», деп белгиледи Орбан 21-сентябрда «Магяр Немзет» гезитине жарыяланган макаласында.

Кошмо Штаттарда президенттик шайлоо 3-ноябрга белгиленген. Анда республикачылардын атынан президент Дональд Трамп жана Демократиялык партиядан мурдагы вице-президент Жо Байден ат салышат. Демократтар Орбандын билдирүүсүнө жооп бере элек.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан ашкере оңчул, улутчул саясатчы катары белгилүү. Ал Евробиримдиктин жалпы саясатын көз жаздымда калтырганы үчүн сынга кабылып келет. Маселен, Орбан өз макаласында «Еврошаркет климатка байланыштуу максаттарды абсурдга жеткирди» деп айтты.

Буга чейин «Freedom House» уюму соңку жылдары Венгрияда демократия артка кетип баратканын билдирген.

XS
SM
MD
LG