Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:31

Иранда тыңчылыкка айыпталган жаран дарга асылды


Махмуд Мусави-Мажд.
Махмуд Мусави-Мажд.

Иранда таасирдүү генерал Касем Сулейманини аңдып, ал тууралуу маалыматты "АКШ менен Израилге берип турган" деп айыпталган Махмуд Мусави-Мажд дарга асылды.

Махмуд Мусави-Мажддын өлүм жазага тартылганын Ирандын соту билдирди. Анын алдында былтыркы "нааразылык акцияларга катышкан" деп айыпталган үч кишини өлүм жазасына тартуу убактылуу токтотулган. Социалдык тармактарда ал өкүмгө каршы жүрүп жаткан ири кампанияга Ирандын өзүндө жана сыртында карапайым адамдардан тышкары бир топ таанымал кишилер, мурдагы саясатчылар катышууда.

Ирандын сот бийлигинин сайтында 20-июлда жарык көргөн маалыматта “тыңчылык үчүн айыпталган Махмуд Мусави-Маждын өкүмү дүйшөмбү күнү эртең менен ишке ашырылды жана бул чыккынчылык иши түбөлүккө жабылды” деп жазылган.

Тегеран ал Израилдин чалгын кызматы - Моссад менен да "байланышта болгон" деп эсептейт.

Июнь айында Ислам жумуриятынын сот бийлиги Мусави-Мажд Революция сакчылары корпусунун тандалма “Аль Кудс” бөлүгүнүн кол башчысы, генерал Касем Сулейманинин кайда жүргөнү тууралуу маалыматты Кошмо Штаттарга өткөрүп берип, бул үчүн акча алганы аныкталганын, жакын арада Жогорку соттун өкүмү менен өлүмгө тартыларын билдирген.

Таасирдүү генерал быйыл 3-январда Багдаддын четиндеги аэропорттун жанында америкалык дрондун соккусунан каза тапкан.

АКШнын аба соккусунан мерт болгон ирандык генерал Касем Сулеймани.
АКШнын аба соккусунан мерт болгон ирандык генерал Касем Сулеймани.

Вашингтон Сулейманини АКШнын Жакынкы Чыгыштагы объектилерине жана аскерлерине кол салууларды "уюштуруунун артында турган" деп эсептейт.

19-июлда Багдаддагы басма сөз жыйында Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Сулейманинин киши колдуу болушун дагы бир жолу "теракт" деп мүнөздөп, АКШны айыптады.

"Биздин аймакка тынчтык керек. Тилекке каршы, Кошмо Штаттардын террордук аракетинен генерал Касем Сулеймани, Абу Мажди аль-Мухандис жана башкалар шейит кетти. Бул - аймактагы террорчулукка каршы күрөшкө чоң сокку болду. Ошол кылмыштан зыян тарткан Иран менен Ирак маселеге биргелешип байкоо салып турат".

Тегеран Сулейманинин өлүмүнө жооп кайтарып, АКШнын Ирактагы базасын ракета менен аткылаганда 110дой жоокер жабыркаган.

Көп узабай Ирандын куралдуу күчтөрү украиналык жүргүнчү учакты кокусунан атып алып, борттогу 176 кишинин баары каза болгон.

Июндун этегинде Ислам жумуриятынын бийлиги генералдын өлүмүнө байланыштуу АКШ президенти Дональд Трампты жана дагы 35 адамды камакка алуу тууралуу буйрук чыгарган. Тегерандын прокурору Али Алкасимехр аларга "Киши өлтүрүү" жана "Террордук аракет" беренелери боюнча сыртынан айып тагылганын кабарлаган.

Бул чечимге жооп кайтарып, АКШнын Иран боюнча чабарманы Брайан Хук Тегеран "үгүт" менен алек болуп жатканын, анын билдирүүсүн эч ким олуттуу кабыл албаганын айткан.

Ал арада жекшембиде Ислам жумуриятынын борбордук телеканалы былтыр өкмөткө каршы нааразылык акцияларга катышкан деп айыпталган үч кишинин жогорку жазасын аткарууну токтото туруу чечими чыкканын жарыялады.

"Өлүмгө өкүм кылынган үч соттолуучунун өкүмүн ишке ашыруу убактылуу токтотулду. Былтыр ноябрда талап-тоноо, тополоңго катышканы үчүн айыпталган үч кишинин адвокаттары арыз бергенден кийин алардын иши кайра каралмакчы", - деп кабарланды телеканалдын билдирүүсүндө.

Бир нече күндөн бери Иранда өлүм жазасына тартууга каршы өнөктүк жүрүп жатат. Онлайн акцияга катышкандардын арасында катардагы жарандардан тышкары бир катар таанымал интеллектуалдар, мурдагы сасатчылар менен белгилүү маданият ишмерлери да бар.

Талдоочулар социалдык медиадагы үгүткө Ирандын өзүндө жана сыртында мурда болуп көрбөгөндөй көп киши катышканын белгилешет.

Солдон оңго: Амирхосейн Моради, Мухаммад Ражаби жана Саид Тамжиди.
Солдон оңго: Амирхосейн Моради, Мухаммад Ражаби жана Саид Тамжиди.

Өкүмдөрү кайра каралып чыгары айтылган Амирхосейн Моради, Мухаммад Ражаби жана Саид Тамжиди 2019-жылдын ноябрында Ирандын жер-жеринде өткөн нааразылык акциялар маалында кармалган демонстранттардын арасында болгон.

Элдин жапырт көчөлөргө чыгышына өкмөттүн бензиндин баасын көтөрүү, күйүүчү майды сатууну чектөө чечими негиз болуп, кийин саясий ураандар жаңырган. Полиция демонстранттарды ырайымсыз, күч менен тараткан.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар полиция менен кагылышууларда жүздөгөн киши каза тапканын билдиришкен.

Amnesty International укук коргоо уюмунун маалыматына ылайык, былтыр Ислам жумуриятында соттун өкүмү менен 251 киши өлүм жазага өкүм кылынган. Өлкө өлүм жазасы боюнча Кытайдан кийинки экинчи орунда турат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG