Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

Трамптын Иранга каршы сунушу колдоо тапкан жок


Мындан беш жыл мурун Иран менен дүйнөнүн алты державасы Тегерандын өзөктүк программасын чектеген келишимге кол коюп, Иранга каршы эл аралык санкциялар алынган.
Мындан беш жыл мурун Иран менен дүйнөнүн алты державасы Тегерандын өзөктүк программасын чектеген келишимге кол коюп, Иранга каршы эл аралык санкциялар алынган.

АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы эл аралык санкциялардын баарын «кайра калыбына келтирүүнү» сунуш кылды.

Трамптын мындай планын Иран менен Европа Биримдиги сындап чыкты. Мунун алдында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши Тегерандын курал-жарак сатып алышына салынган эмбаргонун мөөнөтүн дагы узартуу тууралуу Вашингтондун резолюциясын четке каккан болчу.

Дональд Трамптын Тегеранга каршы эл аралык санкцияларды калыбына келтирүү планы тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф комментарий берди. Ал Кошмо Штаттар өзөктүк келишимден эки жыл илгери чыгып кеткенин белгилеп, Вашингтондун кадамын мыйзамсыз деп сыпаттады:

«АКШнын санкцияларды кайра кайтаруу тууралуу айткандары мыйзамсыз жана таптакыр мүмкүн эмес. Муну америкалыктар өздөрү деле билет. Алардын мындай чоң билдирүүсү буга укугу бар дегенди билдирбейт. АКШ санкцияларды кайра калыбына келтире албай турганын билет».

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча мекемесинин жетекчиси Жозеп Боррелл да АКШ өзөктүк келишимдин мүчөсү эмес экенин эскертти. Ал тараткан билдирүүдө «АКШ 2018-жылы келишимден бир тараптуу чыгып кеткен, ошондон бери анын кайсы бир түзүмдөрүнө жана иш-чараларына катышпаганын эске алганда, Кошмо Штаттар ал келишимдин мүчөсү болуп эсептелбейт. Ошондуктан АКШ мындан ары ал келишимдин мүчөлөрү сымал андагы жол-жоболорду колдоно албайт», деп жазылган.

АКШ болсо дагы эле өзөктүк келишимдин мүчөсү болуп эсептелерин, буга байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы бар экенин, ошондуктан санкцияларды кайра калыбына келтирүүнү сунуш кыла аларын жүйө келтирип жатат. Андан сырткары Вашингтон Тегеран документтеги айрым бир милдеттенмелерин азайтып жатканын да белгиленген.

БУУнун Коопсуздук кеңеши 14-августта Ирандын курал-жарак сатып алышына салынган эмбаргонун мөөнөтүн дагы узартуу тууралуу АКШнын резолюциясын колдобой койгон эле. Эми курал-жарак боюнча салынган чектөө 18-октябрдан тартып акырындап жумшара баштайт.

Дональд Трамп 15-августта журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ушундан улам АКШ Иранга каршы бардык эл аралык санкцияларды кайра калыбына келтирүүгө аракет кыларын айткан:

«Биз Коопсуздук кеңешинде добуш берүү кандай болорун алдын-ала билгенбиз. Биз санкцияларды калыбына келтиребиз. Силер муну кийинки аптада көрөсүңөр».

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 16-августта Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен өзөктүк келишим тууралуу саммит өткөрүүнү телефондон талкуулады. Анын алдында орус президенти Владимир Путин документке кол койгон өлкө башчыларын саммитке чогултууну сунуш кылган. Трамп ага катышпай турганын айткан.

Расмий маалыматта Лавров Помпео менен сүйлөшкөндө өзөктүк келишимдин маанилүү экенин белгилеп, документти «Жакынкы Чыгыштагы аймактык коопсуздук жана өзөктүк чектөө режими үчүн ири дипломатиялык жана саясий жетишкендик катары сыпаттады» деп айтылат.

Бир катар дипломаттар жана талдоочулар АКШнын Иранга каршы санкцияларды калыбына келтирүү планы дипломатиялык чөйрөдө да ыйкы-тыйкы мамиле жаратып, БУУнун Коопсуздук кеңешинин ишин үзгүлтүккө учуратып, өзөктүк программа тууралуу сүйлөшүүлөрдү туңгуюкка алып келиши мүмкүн деп эскертишет.

Мындан беш жыл мурун Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия өзөктүк келишим деген ат менен таанылган документке кол койгон. Ага ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектөө тууралуу милдеттенме алган жана Иранга салынган эл аралык санкциялар токтотулган.

2018-жылы АКШ бул келишимден бир тараптуу чыгып кетип, Тегеранга каршы экономикалык санкцияларды калыбына келтирген. Андан бери Иран да келишимдин айрым талаптарын аткарууну токтотуп жатканын билдирген. Ошондон бери бул эки өлкөнүн ортосундагы алака-катыш чыңалып турат.

Быйыл жыл башында АКШ Ирандын таасирдүү генералы Кассем Сулейманини өлтүргөндөн кийин Вашингтон менен Тегерандын алакасы ого бетер курчуду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG