Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:29

Трамп: Иранды өзөктүк державага айлантпайм


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп өзү кызматта турганда Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербей турганын айтты.

Ал 8-январда Жакынкы Чыгыштагы соңку жагдайларга байланыштуу кайрылуу жасады.

Мунун алдында Иран АКШнын Ирактагы эки аскер базасына баллистикалык ракета менен сокку урган.

Вашингтон менен Тегерандын мамилеси өткөн аптада Багдадда Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулеймани өлтүрүлгөндөн тарта курчуп жатат.

Дональд Трамп Ирандын Ирактагы АКШнын аскердик базаларына койгон чабуулуна 16 сааттан кийин гана жооп кайтарды.

Ал Кошмо Штаттарынын президенти болуп турганда Тегеранды өзөктүк державага айлантпай турганын эскертти.

Ирактагы америкалык базаларга урулган соккудан эч ким жабыркабаганын, базалар гана азыноолак зыянга учураганын билдирди.

Ал Тегеранды "эл аралык терроризмди колдойт" деп дагы бир ирет айыптады жана Вашингтон аларга жаңы санкция саларын эскертти.

- Иран чегинип жатат, бул дүйнө үчүн жакшы жаңылык. Британия, Германия, Франция, Кытай жана Орусия сыяктуу державалар Иранга байланыштуу маселелерди чечүүдө активдүү роль ойной турган мезгил келди. Алар Иран менен өзөктүк келишими боюнча өз позицияларын кайрадан карап чыгышы керек. Вашингтон Иранга чукул арада кошумча санкцияларды салат. Иран өзөктүк амбициясын тыйып, террорчулукту колдогонун токтотушу керек.

Трамп Ирандын ракеталык аткылоосуна Вашингтон жооп берерин же бербесин айткан жок, бирок Кошмо Штаттары Иранга жооп кайтара аларын белгиледи.

Ирандын күчтөрү 8-январга караган түнү Ирактагы АКШнын Айн-Асад жана Эрбил базаларын баллистикалык ракеталар менен аткылаган. Ислам революциясынын сакчылар корпусу бул чабуулду таасирдүү генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу деп билдирген.

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары жалпысынан 15 ракеталык сокку урулганын кабарлап, «80дей америкалык аскер жок кылынганын жана бир катар техника, анын ичинде тик учактар жана учкучсуз аппараттар жабыркаганын» жарыялап жиберишкен.

Ирандын жогорку руханий лидери Аятолла Али Хаменеи буга байланыштуу телеканал аркылуу кайрылуу жасап, бул соккуну "Кошмо Штаттарын жаакка чабуу" деп сыпаттаган.

- Кечээ кечинде биз аларды жаакка чаптык. Эң маанилүүсү Американын күчтөрү аймактан чыгарылып кетиши керек, - деп айтты Ирандын руханий башчысы.

Бул соккулардан кийин бир нече ири авиакомпания Ирак менен Ирандын аба майданынан өтчү каттамдарын башка багытка бурганын жарыялашты.

Иранда парламент 7-январда Коргоо министрлигин баш кылып АКШ армиясын террорчу катары аныктаган мыйзам кабыл алган.

Ирак парламенти өткөн жекшембиде кезексиз чукул жыйынга чогулуп, «Ислам мамлекети» террордук уюмуна каршы уюшулган коалиция менен түзүлгөн макулдашууну токтотуу жана чет өлкөлүк аскерлерди чыгаруу боюнча резолюцияны колдогон.

Тегеран анда АКШны «Ирактын эгемендигине жана коопсуздугуна шек келтирди» деп айыптап, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешине кайрыларын билдирген.

АКШ президенти Дональд Трамп эгер Багдад америкалык аскерлерди чыгара турган болсо, аларга «мурда болуп көрбөгөндөй катаал» санкция саларын эскерткен.

Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири, «Кудс» тандалма аскер бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулеймани 3-январда Багдад аэропортунун жанында аба соккусунан курман болгон. Анда таасирдүү командир түшкөн автоунаага дрондон сокку урулганы айтылган.

АКШнын армиясы бул операцияны жүргүзгөнүн моюнга алып, аны «коргонуу» максатында уюштурганын, Сулеймани Кошмо Штаттардын чөлкөмдөгү кызыкчылыктарына сокку урууга камынып жүргөнүн билдирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG