Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:39

Иран уран байытууну тездетет


АКШ президенти Дональд Трамп жана Ирандын Жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи.
АКШ президенти Дональд Трамп жана Ирандын Жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи.

Ирандын Атом энергетикасы боюнча агенттиги уран байытууну тездете турганын 26-июнда билдирди. Ушул тапта АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу курчуп турат.

Ирандын Атом энергетикасы боюнча агенттигинин маалымат катчысы Бехруз Камалванди 26-июндан тарта уран байытууну тездетерин билдирди. Ал Тегеран урандын көлөмүн өзөктүк келишимде белгиленген чектен же 300 килограммдан көбөйтөөрүн кошумчалады.

Иран мындай кадамга барарын он күн мурда эле эскерткен. Өлкө президенти Хасан Роухани 2015-жылдагы макулдашууга кол койгон тараптар Иранды АКШнын санкцияларынан сактоо үчүн эч кандай чара көрбөсө документте белгиленген шарттарды ишке ашыруудан баш тартышарын ишара кылган. Ал эми АКШ санкцияларды тескерисинче күчөтүп, жума башында дагы жаңы айлампасын киргизерин жарыялады. “Кара тизмеге” Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи баш болгон бир катар жетекчилер да киргизилди.

Хасан Роухани Вашингтондун бул кадамын “акмакчылык” деп бааласа, Али Хаменеи Иран эч качан басынбастыгын белгиледи:

"Алар Иран элин кемсинтпеген жана айыптаган бир да күн болбойт. Ирандыктар мындай мазактоолордон басынбайт. Артка кайтпайт. Иран элине салынган санкция бул абдан катаал чара. Ирандыктар кыйналып жатат, бирок эч качан алсырабайт. Иран эли күчтүү".

Санкциялардын жаңы айлампасын киргизүү тууралуу буйрукка кол коюп жатып, Трамп режим өзүнүн кооптуу ишмердүүлүгүн токтопосо басымды уланта берерин айтты:

"Мындай болуп жатканы өкүнүчтүү. Азыр алардын жашоо шарты начар. Экономикалык жактан кыйналып турушат. Бул кырдаалды оңой эле өзгөртсө болот. Бирок алардын жетекчилиги душманчыл көз караштан арылышы керек".

АКШ президенти Дональд Трамп. 25-июнь, 2019-жыл.
АКШ президенти Дональд Трамп. 25-июнь, 2019-жыл.

Иран «согушту көздөбөй турганын» Хасан Роухани 25-июнда француз президенти Эмануэл Макрон менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатканда да айткан.

"Иран аймактагы чыңалуунун курчушуна кызыкдар эмес жана эч бир мамлекет, анын ичинде АКШ менен да согушка барууга умтулбайт".

Иран менен АКШ ортосундагы чыңалуу АКШ президенти Дональд Трамп былтыр 2015-жылдагы келишимден чыгып кеткенден кийин курчуду. Иран менен дүйнөнүн алты державасынын - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германиянын ортосунда кол коюлган келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга салынган эл аралык санкциялар алынышы керек эле.

Тегеран менен Вашингтондун ортосунда согуш чыгып кетиши мүмкүн деген кооптонуу өткөн аптада Иран Кошмо Штаттардын учкучсуз аппаратын атып түшүргөн соң күчөдү. Иран бул кадамга дрон алардын аймагына кирип кеткен үчүн барганын жүйө келтирген. Кошмо Штаттар окуя Ормуз кысыгында болгонун ырастап жатат.

"Kokuka Courageous" кемеси чабуул коюлгандан кийин. 13-июнь, 2019-жыл
"Kokuka Courageous" кемеси чабуул коюлгандан кийин. 13-июнь, 2019-жыл

Андан мурда Оман булуңундагы мунай танкерлерине жасалган чабуулдарды да АКШ Ирандын көргөн. Расмий Тегеран бул айыптоолорду четке каккан.

2018-жылдан бери Трамп Иран экономикасын, анын ичинде мунай тармагын алсыратуу максатында 900дөн ашык компанияга санкция салды. 2018-жылы Ирандын экономикалык өсүш ыргагы 4 пайызга төмөндөдү. Эл аралык Валюта фондунун божомолуна ылайык, быйыл ал алты пайызга азайышы мүмкүн. Акыркы жылдары Ирандын валютасынын наркы түшүп, азык-түлүк жана дары-дармек жетишпей жатканы тууралуу кабарлар да айтылып келатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG