Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:58

АКШ Ирандын лидерине санкция салды


Дональд Трамп Иранга каршы жаңы санкцияга кол койгон учур. 24-июнь, 2019-жыл.
Дональд Трамп Иранга каршы жаңы санкцияга кол койгон учур. 24-июнь, 2019-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп Иранга, анын ичинде жогорку лидер Аятолла Али Хаменеиге «катаал санкция» салган буйрукка кол койду.

Ал муну Ислам Республикасынын акыркы апталардагы «чагымчыл» аракеттерине жооп экенин билдирүүдө. Бул эки өлкө ортосунда чыңалуу мурдагыдан да күчөп турган учурга туура келди. Иран болсо АКШны «согушту көксөп жатат» деп айыптап жатат.

АКШнын 24-июнда жарыялаган жаңы санкциялык тизмесине Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун сегиз жогорку аскер кызматкери да киргизилди. Бул чаралар алардын АКШдагы активдерин камакка алып, юридикалык жана жеке тараптарга алар менен каржылык алыш-бериш кылууга тыюу салат.

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи.
Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи.

Дональд Трамп Вашингтон Иран өзүнүн кооптуу аракеттерин, анын ичинде өзөктүк курал ишмердигин, баллистикалык ракета жасашын жана терроризмди колдоосун токтотмоюнча басым көрсөтүү улана бере турганын билдирүүдө.

«Аятолла Хаменеинин жана анын администрациясынын активдери санкциялардан четте калбайт. Бул чаралар катаал жана Ирандын чагымчыл аракеттерине ылайык жооп болот. Биз Тегеранга режим өзүнүн коркунучтуу ишмердигин, анын ичинде өзөктүк курал аракетин токтотмоюнча басым кылууну уланта беребиз. Иран өзөктүк куралга ээ болбойт. Ошондой эле биз анын терроризмди колдоосун тезинен токтотушун каалайбыз. Алар терроризмди буга чейин эч ким көрбөгөн деңгээлде колдоп жатат», - деди АКШнын президенти.

Ошол эле кезде Дональд Трамп: «АКШ - тынчтыкты сүйгөн өлкө, биз Иран же кайсы бир өлкө менен жаңжалга барбайбыз» деди.

Ал эми финансы министри Стивен Мнучиндин айтымында, жаңы санкциялар Ирандын миллиарддаган активдерин тоңдурат. Ошондой эле Мнучин Трамп ага бул жумада Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зарифке санкция салуу милдетин да жүктөгөнүн билдирди.

Зариф «Твиттер» баракчасына Трамптын администрациясын «согушту көксөп жатат» деп айыптады.

Ал эми Ирандын БУУдагы өкүлү Мажид Тахт Раванчи анын өлкөсү «санкциялык басым» менен коркутуп жаткан чакта Кошмо Штаттар менен сүйлөшүүгө барбай турганын билдирди.

АКШнын жаңы санкцияларына Иран парламентинин депутаттары да пикир айтышты. Иран парламентинин депутаты Мухаммад Жавад Жамали:

«Бул адамдар дайыма согуш жарыялайт да, ошол эле кезде сүйлөшүү тууралуу суранат. Помпео мырза кечээ эле дипломатиялык алакаларды түзүүнү каалай турганын билдирсе, бир канча сааттан кийин эле Зарифке санкция салганы жатышат. Булардын сөздөрү бири-бири туура келбейт», - деди.

Иран 20-июнда АКШнын пилотсуз учагын атып түшүргөндөн бери эки өлкө ортосунда чыңалуу мурдагыдан да күчөдү. Бул окуядан кийин президент Трамп Иранга сокку уруу планын жактырып, бирок ал операцияны баштоого аз калганда кайра токтоткону белгилүү болгон.

Тегеран америкалык пилотсуз учак өлкөнүн түштүгүндөгү Хормозган провинциясында атып түшүрүлгөнүн кабарлаган. АКШнын Борбордук командачылыгы Тегеран америкалык пилотсуз учакты атып түшүргөнүн ырастап, бирок окуя Ирандын аймагында эмес, Ормуз кысыгында болгонун билдирүүдө.

Пилотсуз учак боюнча жаңжал 13-июнда Оман булуңунда Жапония менен Норвегиянын мунай ташыган кемелерине чабул коюлгандан кийин болуп отурат. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео чабуул үчүн Иранды айыптаса, Тегеран бул окуяга тиешеси жок экенин билдирип, бул чагымчыл аракет болушу мүмкүн экенин ишарат кылган.

Май айында Бириккен Араб Эмираттарына таандык акваторияда да төрт кеме «диверсиялык чабуулга» кабылганы кабарланган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 24-июнда Тегеранга каршы глобалдык коалиция түзүү ниети менен Сауд Арабиясына жана Бириккен Араб Эмираттарына барды.

Дональд Трамп Иранга каршы жаңы санкцияга кол койгон учур. 24-июнь, 2019-жыл.
Дональд Трамп Иранга каршы жаңы санкцияга кол койгон учур. 24-июнь, 2019-жыл.

Дональд Трамп Иранга жана анын өзөктүк программасын 2016-жылы талапкер кезинен бери эле сындап келе жатат. Ал эми бул көз карашын президент болуп шайлангандан кийин да улантып, былтыр май айында Вашингтон Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимден чыгарын жарыялаган. Андан бери Кошмо Штаттар Иранга каршы кабат-кабат экономикалык санкцияларды киргизишти.

2015-жылы Тегеран менен дүйнөнүн алты державасы кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын токтотмок. Бул үчүн Ислам Республикасына салынган санкцияларды алуу каралган. Кошмо Штаттардын мурдагы расмий адамдары жана келишимге кол койгон Орусия, Кытай, Германия, Франция жана Улуу Британия Трампты келишимди сактоого чакырган.

2018-жылдан бери Трамп Иран экономикасын, анын ичинде мунай тармагын алсыратуу максатында 900дөн ашык компанияга жана адамга санкция салды. 2018-жылы Ирандын экономикалык өсүш ыргагы 4 пайызга төмөндөдү. Эл аралык Валюта Фондунун божомолуна ылайык, быйыл ал 6 пайызга азайышы мүмкүн. Акыркы жылдары Ирандын валютасы кунсузданып, азык-түлүк жана дары-дармек жетишпей жатканы тууралуу кабарлар да айтылып келе жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG