Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:57
Жо Байден
Жо Байден

АКШда шайлоодо Байден Трамптан көп добуш алды

Жо Байден АКШнын 46-президенти болуп тандалды. Мурдагы вице-президент шайлоочулар коллегиясынын 279 добушу менен учурдагы президент Дональд Трампты утуп чыкканын бир катар америкалык маалымат каражаттары кабарлашты.

Жоржия, Аризона, Түндүк Каролина жана Аляска штаттарында добуштар саналып бүтө элек.

Трамптын шайлоо штабы Байдендин президенттикке шайланганы жөнүндө кабарды "шашылыш тараткан жалган маалымат" деп баалады.

Бул шайлоодо Республикалык партиядан 74 жаштагы президент Дональд Трамп жана Демократиялык партиядан 78 жаштагы мурдагы вице-президент Жо Байден ат салышты. АКШда шайлоонун жыйынтыгы штаттардын деңгээлинде чечилет. Штатта шайлоодо алдыга чыккан талапкер ошол штаттагы белгилүү сандагы шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрүнүн добушуна ээ болот. Шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ине ээ болгон талапкер жеңүүчү болуп табылат.

3-ноябрда АКШда президенттик шайлоодон тышкары Конгресстин Өкүлдөр палатасынын 435 мүчөсүн жана 100 орундуу Сенаттын 35 мүчөсүн шайлоо да өттү.

Добуш берүүнүн картасын бул жерден көрсөңүз болот.

Жо Байдендин саясий сапары
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Твиттер” баракчасы аркылуу Жо Байденди куттуктады.

“Жо Байден мырзаны Америка Кошмо Штаттарынын президенти болуп шайланышы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Биздин өлкөлөр ортосунда эки тараптын тең кызыкчылыктарына төп келген тармактарда алгылыктуу кызматташууну чыдамсыздык менен күтөбүз”

Камала Харрис - АКШ тарыхында алгачкы аял, теги афроамерикалык жана азиялык ындыкара вице-президент болмокчу. Ал узак убакыт бою Калифорнияда башкы прокурордун кызматын аркалап, 2017-жылы Сенатка шайланган. Харрис Окленд шаарында иммигранттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы индиялык, атасы ямайкалык.

Жо Байден "Твиттердеги" баракчасына "биздин улуу өлкөнү жетектөө үчүн элдин тандоосуна ээ болуу мен үчүн сыймык" деп жазды.

«Алдыбызда чоң иш турат, мага добуш берген жана бербегенине карабай, бардык америкалыктардын президенти болууга убада берем. Силердин ишенимиңерди актайм",- деди Байден.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG