Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Жаңы бийлик, эл аралык мамиленин эпкини


Садыр Жапаров Кочкордо. 2020-жылдын 25-октябры.
Садыр Жапаров Кочкордо. 2020-жылдын 25-октябры.

Саясат талдоочулар Садыр Жапаровдун премьер-министрлик кызматка келип, аны менен кошо президенттин милдетин аткарууга киришкени жана анын соңку кадамдары эл аралык коомчулукка түшүнүксүз болуп жатканын белгилешет. Эл аралык коомчулук шайлоого чейин Жапаровдун бийлигин таанууга шашпай жатканы айкын болуп калды.

Бул жагдай өлкөнүн эл аралык кызматташтыгына таасир этип, президенттик шайлоого чейин мурда убада кылынган каржылык жардам үзгүлтүккө учурап, социалдык чыңалууга өбөлгө түзүп жатканы талкууланды.

Ал арада тышкы иштер министри Руслан Казакбаев алгач Орусияга, көп өтпөй Казакстанга барып, өнөктөштөргө өлкөдөгү абал өз калыбына келгенин айтып, ынандырууга аракет кылды. Бул аралыкта каржылык жардам алуу маселеси көтөрүлгөнү белгилүү болду.

Казакбаевдин Казакстандагы сапары

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 29-октябрда Нур-Султан шаарына барып, алгач Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин, анын эртеси президент Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Бул жаңы кыргыз бийлигинин жогорку деңгээлдеги алгачкы жолугушуусу болду.

Буга чейин Руслан Казакбаев Москвада болуп, Орусиянын тышкы иштер министри менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулаган.

Руслан Казакбаев Нур-Султандагы жолугушуу учурунда Кыргызстанда кырдаал турукташканын айтып, казак инвестициясынын коопсуздугун камсыздоо чаралары көрүлөрүн белгилеген. Башкы дипломат пандемияга байланыштуу дары-дармек, коргонуучу каражат, бюджетти колдоого акчалай жардам көрсөтүүнү сураганын казакстандык маалымат агенттиктери жазып чыгышты.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди 30-октябрда Нур-Султанда кабыл алып, анда Кыргызстанга көмөк көрсөтүү маселеси боюнча сөз болгон. Бул тууралуу Акордонун расмий сайты 30-октябрда кабарлады. Маалыматка ылайык, Токаев казак тарап Кыргызстандагы кырдаалга өзгөчө көңүл буруп жатканын, болгон окуяларды «өлкөнүн ички иши» деп эсептей турганын белгилеген.

Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

«Боордош кыргыз элинин келечегине кайдыгер карабайбыз. Ошондуктан Кыргызстанга көмөк көрсөтүш үчүн бардык аракетти көрөбүз жана көргөнбүз. Эки мамлекеттин ортосундагы карым-катыш буга чейинки келишимдердин негизинде өнүгүшү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү караштырабыз», - деген Токаев.

Кыргызстанда октябрь айындагы бийлик алмашуудан кийин кызматка келген тышкы иштер министри Руслан Казакбаев өлкөдө кырдаал турукташып, саясий жараяндар укуктук нукка кайтып жатканын айткан. Ал кыргыз тарап эл аралык милдеттенмелердин, бир тараптуу жана көп тараптуу мурдагы келишимдердин аткарылышына бекем турарын билдирген. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин сайты жазды.

Ошондой эле сайт кыргыз тарап кошуна өлкөнүн тынчсыздануусун эске алып, Казакстандын инвестициясынын коопсуздугун сактоого чара көрүү жөнүндө убада кылганын жазган. Тараптар сүйлөшүүдө коронавирустун жайылышына каршы биргелешкен аракеттерге өзгөчө маани бергени да белгиленген. Жолугушуунун соңунда «Казакстандын президенти Кыргызстандын жаңы жогорку бийлигинин ишине ийгилик каалаганы» жазылган.

Бир күн мурда Казакбаев казак премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушуусунда казак бийлигинен Кыргызстандын бюджетин колдоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында акчалай жардам берүүнү өтүнгөнү кабарланган.

6-октябрдагы саясий окуялардан кийин Кыргызстанда бийлик толугу менен алмашты. Октябрь айынын ортосунда Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кеткен. Алгач өкмөт башчылыкты колуна алган Садыр Жапаров 16-октябрдан бери президенттин да милдетин аткарууда.

Жаңы бийликти таанытуу аракети

Буга чейин өнөктөш өлкөлөрдүн өкмөттөрү Кыргызстандын жаңы бийлигин таанып, аны менен кызматташууга шашылбай жатканы айтылган болчу. Бирок Нур-Султанда иш сапары менен жүргөн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев андай болсо соңку сапарлар болмок эмес деген жүйө келтирди:

Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.

«Эгерде биздин азыркы жаңы бийликке карата ошондой мамиле болуп жатса, анда биздин Орусиядагы жана Казакстандагы соңку иш сапарларыбыз болмок эмес. Анда деги эле жогорку деңгээлдеги расмий жолугушуулар уюштурулмак эмес. Азыр бизде легитимдүү парламент, Жогорку Кеңеш бекитип берген легитимдүү өкмөт иштеп жатат. Азыр дүйнөдөгү бир катар мамлекеттер, алардын арасында биздин өнөктөш өлкөлөр Кыргызстандагы шайлоодон кийинки кыска мөөнөттөгү саясий кризистен чыгуу аракеттерине кызыгуу менен көз салып турушат. Бирок бул жерде Кыргызстандын жаңы өкмөтүн тааныбоо тууралуу маселе жок. Азыр эми биздин стратегиялык өнөктөштөр Орусия, жакын кошуналар Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай алдыдагы президенттик шайлоого байланыштуу абалга кызыгуу менен көңүл буруп турушат. Ошол эле кезде буга чейинки макулдашуулардын жана өз ара долбоорлордун шарттары сакталып, алар мындан ары да аткарыла берет».

Токтогон жардам, толбогон бюджет

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев өткөн аптада бюджеттин жетишпестигин толтурууга Европа Биримдигинен да жардам сураган. Орусия буга чейин убада берген 100 миллион доллар жардамын Кыргызстандагы туруксуз кырдаалга байланыштуу токтоткон. Европа Биримдиги да санариптештирүүгө багытталган алты млн. евро өлчөмүндө гранттык акча берүүнү парламенттик шайлоо өтүп, кийинки өкмөт келгенге чейин деген негиздеме менен кийинкиге калтырды.

Саясий аналитик Айданбек Акмат уулу мындай абалга жаңы бийликтин өз кадамдары негиз түзүп жатканын белгиледи:

Айданбек Акмат уулу
Айданбек Акмат уулу

«Биздин өкмөттүн улам бир түшүнүксүз кадамы менен мыйзам алкагынан чыгып жаткан учурлары эл аралык коомчулукту ушундай чоочуркаган абалга алып келди. Эгерде бюджетте акча жетиштүү болуп, экономика кубаттуу болуп, «биз өзүбүз билебиз, өз үйүбүздө өзүбүз гана саясат жүргүзөбүз» деген деңгээлде болсок, анда бир жөн эле. Анан эми азыркыдай абалда «эл аралык коомчулук эмне десе ошо десин, биз өзүбүз каалагандай жасайбыз» деген мамиле - бул мамлекетке жана элге жасалган кыянаттык».

Пандемиядан улам быйыл бюджет толбой, таңкыстык 36 млрд. сомго барабар болгон. Мурдагы өкмөт бул үчүн эл аралык донорлордон 500 миллион долларга жакын каражат сурап, анын тең жарымы алынган. Өкмөт ал акча бюджеттик кызматкерлердин айлыгына, пенсия менен жөлөкпул төлөөгө жумшалып жатканын жашырган эмес.

Дипломат Аскар Бешимов президенттик шайлоого чейин четтен жардам алуу мүмкүн эмес экенин айтты:

«Өлкө азыр эл аралык каржылык жардамга аябай муктаж. Бирок биздеги президенттик шайлоонун алдында бир да мамлекет бизге каржылык жардам берип, колдобойт. Буга мен кепилдик берем. Анткени азыр бюджетти колдош үчүн финансалык жардам берүү бир талапкерди колдоо катары бааланып калышынан алар чочулашат. Анан калса азыркы президенттин милдетин аткаруучу шайлоодон өтпөй калса, анда кандай болот деген маселе бар. Ал эми сырттан акча бере турган тарап аны жөн эле бере бербейт. Кандайдыр бир милдеттенме болууга тийиш. Ошондуктан алар кайсы бир талапкер менен тымызын жең ичинен сүйлөшсө да мамлекетти колдоого ачык түрдө акча бөлбөйт. Ушундан улам алар азырынча бул бийликти таанып, аны менен бир үстөлгө отуруп, кызматташуу тууралуу сүйлөшпөй турушат».

Сыртын салуунун сыры эмнеде?

Премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстандагы чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары менен жолугушуусу өкмөттүн ант берүү аземине байланыштуу башка күнгө жылып кеткенин, болбосо элчилердин дээрлик көпчүлүгү келмек болгонун айтып, билдирүү жасады. Ага чейин айрым агенттиктер чет элдик элчилер Садыр Жапаров менен жолугушууга келбей коюшканын жазып чыгышкан эле.

Саясат талдоочу Табылды Акеров башка өкмөт башчылары жана элчилер Садыр Жапаров менен түз байланышпай, оолактап жатканын мындайча түшүндүрдү:

Табылды Акеров.
Табылды Акеров.

«Садыр Жапаровду элдин баары колдоду дегенге болбойт. Мына ошол Бишкекке чогултулуп, «Ысык-Көл» мейманканасына автобустар менен ары-бери ташылып жүргөн адамдар кимдер экенин биздин коомчулук, дүйнөлүк коомчулук билип калды. «Ал жакта негизги күч бандиттер, улутчулдар жана башка күчтөр» деп айтып жатышты. Муну бардыгы билет. Ал жагдайда легитимдүү президентти мажбурлап кетирген эки адам гана болду. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев. Ошол күн мамлекеттик төңкөрүш катары эсептелип калышы мүмкүн. Аны бардык эл-журт, дүйнөлүк коомчулук деле көргөн. Ошондо элдин бардыгы «эми эмне болот, каякка баратабыз, согуш чыгып кетпейби» деп кооптонду. Эмне себептен азыркы мезгилде бизге эл аралык коомчулук кооптонуу менен карап жатат? Анткени алар мындай аракеттердин арты эмнеге алып бара турганын жакшы билишет».

Анткен менен башка бир талдоочулар эл аралык коомчулук Садыр Жапаровду президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы катары баары бир тааный турганын, мындай көрүнүш 2005-2010-жылдардагы бийлик алмашууга алып келген окуялардын учурунда деле болгонун мисал келтиришти.

Ошондуктан эксперт Максат Чакиев жаңы бийликке карата учурдагы ички-тышкы мамилени жана жалпы эле кырдаалды ашкере тирукмуш коркунучтуу мүнөздө сүрөттөгөнгө негиз жок деп эсептейт.

«2005-2010-жылдардагы төңкөрүштөрдөн кийин деле ушундай болгон, - деди ал. - Орусия, АКШ, Кытай жана кошуна мамлекеттер азыркыдай эле позицияда карашкан. Чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөр бизге 2-3 айга чейин байланышка чыкпай коюшкан. Бирок Кудайга шүгүр. Кийин бардык катнаштар жөнгө салынып кеткен. Азыр деле ошондой эле болот. Анан эми коомчулуктү дүрбөлөң кылып, «андай-мындай, согуш болот» деп тирукмуш сөздөрдү чыгарып, аша чаап коркутуштун кереги жок. Бардыгы өз жолуна түшөт. Башка мамлекеттер биздин өкмөттү тааныбай жаткан жок, болгону кырдаалды байкап, пауза гана кармап турушат. Ал эми биз болсо «ал антти, бул минтти» дей бербей, өз жолубуз менен кете беришибиз абзел».

Быйыл парламенттик шайлоодон соң, 6-октябрдагы окуялардан кийин Кыргызстанда бийлик алмашты. Президент Сооронбай Жээнбеков элдин тынчтыгы үчүн мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетти. Анын ордуна алгач өкмөт башчылыкты колуна алган Садыр Жапаровго 16-октябрдан бери президенттин милдетин аткаруу укугу да ыйгарылган.

XS
SM
MD
LG