Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-декабрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 17:25

«Жаңы бийлик адам укуктарын коргосо утат»


Ивар Дале

27-октябрда АКШнын Хелсинки комиссиясы Кыргызстанды эркин жана калыс шайлоо өткөрүүгө, коррупцияга каршы күрөшүүгө, адам укуктарын коргоого чакырды. Буга чейин Норвегиянын Хелсинки комитети буга үндөш билдирүү тараткан.

Комитеттин улук кеңешчиси Ивар Дале эл аралык коомчулук Кыргызстандагы шайлоолорго жакындан байкоо саларын, жаңы бийликке азыркы оңой эмес кырдаалда чоң жоопкерчилик жүктөлөрүн, адам укуктары жаатында көп иштер жасалууга тийиш экенин белгиледи.

- Кыргызстандагы азыркы кырдаалды кандай баалайт элеңиз? Эл аралык уюмдардын тынчсыздануусуна негиз барбы?

- Кыргызстандагы кырдаалды кадыресе көрүнүш деп сыпаттаганга албетте болбойт. Себеби бийликтин алмашуусу ырааттуу эмес, башкача жол менен ишке ашты. Албетте, айрым адамдар Кыргызстанда буга чейин болгон эки ыңкылапты мисал келтирип, өлкө үчүн бул көнүмүш адат болуп калган деп эсептешет. Бирок бул жолу болуп жаткан окуялар мурдагылардан бир аз айырмаланат.

Легитимдүү бийлик кантип орноору түшүнүксүз. Шайлоолор качан өтөөрү да бүдөмүк. Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жөнүндө да айтылып жатат. Мунун бардыгы айрым учурда ачык, кээде көшөгө артында талкууланып келатат. Норвегиянын Хелсинки комитети бардык жараяндар ачык, адилет жана эркин жүргүзүлөрүнө үмүттөнөт. Демократиялык шайлоолор дал ушундай шартта өтүүгө тийиш.

- Өлкөдөгү кырдаалды эске алганда эркин жана калыс шайлоо өткөрүү канчалык реалдуу?

- Акыркы жолу парламенттик шайлоодогу мыйзам бузуу даана байкалып турду. Өзгөчө добуш сатып алуу учурлары видеого тартылып, Интернетте байма-бай жайылганын көрдүк. Мындай көрүнүш Кыргызстанда көнүмүшкө айланып, буга чейинки көптөгөн шайлоолор учурунда да болуп келген. Бирок ошол эле маалда кыргызстандыктар шайлоонун жүрүшүнө, жыйынтыгына таасир этүү аракеттерине туруштук берүү жагынан бир топ тажрыйба топтогон.

Административдик ресурс пайдалануу, добуштарды ачыктан- ачык сатып алуу аракеттери элди бир топ иренжитти. Эл мыйзам бузулганын көргөндө шайлоо комиссиясына даттанып кайрылуудан коркпой калган.

Жаңы бийлик да добуш берүүнүн жыйынтыгын өз пайдасына бурмалоого же таасир этүүгө аракет кылса, бул да жакшы болбойт. Азыркы окуялар шайлоону бурмалоодон келип чыкканын унутпаш керек. Бийликке келген жаңы адамдар буга чейин болгон окуялардан сабак алып, мыйзам бузуудан оолак болууга тийиш. Ушундай оңой эмес мезгилде азыркы бийликке чоң жоопкерчилик жүктөлүүдө.

- Баш мыйзамды өзгөртүү, күчтүү президенттик системага өтүү демилгесине кандай карайсыз?

- Чынын айтсам, Конституцияны өзгөртүүгө канчалык муктаждык бар экенин түшүнбөй турам. Менин алгачкы реакциям сынчыл маанайда болду. Жапаров Баш мыйзамды өзгөртүүгө эмне үчүн ушунчалык умтулганы түшүнүкүз. Бул маселени айрым кесиптештер менен да талкуулаганбыз.

Азыркы де-факто өкмөт же кантип аташ керек экенин билбейм, жаңы болгондуктан адам укуктарын бузуу фактылары үчүн айыпты аларга коюу эрте, бул туура эмес болуп калат. Бирок бизди түйшөлткөн, биз баса белгилеген адам укуктары маселелерине алар көңүл бура элек. Демократиялык принциптерди, адам укуктарын урматтаган өкмөтпүз деп далилдеш үчүн азыртадан эле далай нерселерди жасашса болмок.

- Кыргызстан авторитардык ыкмага ооп кетиши мүмкүн деген кооптонуу канчалык орундуу? Мисалы, депутат Өмүрбек Текебаев «парламентаризм жолунан кайтсак, Түркмөнстанга айланып калышыбыз ыктымал» деп эскерткени бар.

- Кыргызстан Түркмөнстандын кейпин кийип калышы мүмкүн деп ойлобойм. Өзгөчө азыркыдай муун бар кезде андай болбойт. Буга далил катары өткөн ыңкылаптарды эле алсак болот.

Анын үстүнө өлкөдө күчтүү, өнүккөн журналистиканы көрүп келатабыз. Ири коррупциялык схемалардын бетин ачып, фактыларды казып чыгууга батынган, жөндөмдүү журналисттер бар. Мисалы, Райымбек Матраимовго байланышкан иликтөөгө «Азаттык» да катышты. Күчтүү жарандык коомду да унутпайлы. Мунун бардыгы өлкөнүн Түркмөнстанга айланышына жол бербейт.

- Бир күндө болбосо да бара-бара айланышы мүмкүн да?

- Албетте, бара-бара бардык нерселер болушу мүмкүн. Ошон үчүн Кыргызстан эркин жана калыс шайлоону камсыз кылышы керек. Коомчулук авторитардык режимге айландыруу аракетин көргөндө унчукпай карап отурбоого тийиш. Мисалы, Тажикстанда андай процесс дээрлик байкалбай жүрүп кетти. Мурда Өзбекстан Тажикстанга караганда көбүрөөк авторитардык болчу десек болот. Тажикстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен демократиянын деңгээлин алганда орто жерде турчу. Азыр болсо өлкө Түркмөнстандын катарына кошулуп калды. Ал эми Өзбекстандагы абал жакшырып бараткандай көрүнөт. Айтайын дегеним, көп нерсе өзгөрүп кетиши ыктымал, Кыргызстан мурдагыдай «демократиянын аралы» бойдон кала берет деген кепилдик жок.

- 28-октябрда премьер-министр Садыр Жапаров баш болгон жаңы өкмөт ант берди. Муну менен легитимдешүүгө карай дагы бир кадам жасалгандай. Бирок эл аралык деңгээлде легитимдүү болуу үчүн эмнелер жасалууга тийиш? Дегеле жаңы бийликтен эл аралык коомчулук эмнелерди күтөт?

- Биринчиден, шайлоо качанкыга белгиленбесин, эркин жана калыс өтүшү керек. Бирок мүмкүн болушунча эрте, бардык саясий партиялардын пикири эске алынып өткөрүлүүгө тийиш. Менимче, дүйнөлүк коомчулук ошол шайлоолорго жакындан, кунт коюп көз салып турат.

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандагы окуяларды «элдин шору» деп сыпаттабадыбы. Бирок Батыштагы дипломаттардын Кыргызстандагы кырдаалды ушул өңдүү мазмунда баалаган сөздөрүн уккан жокмун. Алар күтө туруп, анан баа берүүнү тандаган өңдөнөт.

Ооба, Евробиримдик акчалай жардамды токтото турууну чечти. Бирок жалпысынан адегенде шайлоо кандай өтөөрүн байкап турууну туура көргөндөй. Азыркы бийлик туура кадамдарды жасап, эл аралык коомчулук Кыргызстан менен кызматташкыдай аракеттерди көрүүгө тийиш. Бул кыргызстандыктар үчүн абдан маанилүү.

Адам укуктарын алсак, Кыргызстан бийлиги азыр бир да тыйын жумшабай туруп, маанилүү кадамдарды жасай алат. Бул үчүн саясий эрк гана керек. Буга чейинки бийлик тарабынан «персона нон грата» деп жарыяланган бир нече укук коргоочулар, журналисттер бар. Азыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башына Камчыбек Ташиев келиптир. Ал киши буйрук чыгарып эле «Хьюман Райтс Уотчтун» (HRW) изилдөөчүсү Мира Риттман өңдүү укук коргоочуларга Кыргызстанга кирүүгө уруксат бере алат. Риттманга Атамбаевдин учурунда өлкөгө кирүүгө тыюу салынган, Сооронбай Жээнбековдун маалында ал тыюу күчүндө кала берди. Москвадагы «Мемориал» укук коргоо борборунун өкүлү, орус жараны Виталий Пономарев да ушундай абалда. Мен билгенден британиялык журналист Крис Рикелтон Кыргызстанга кире албайт. Ошол кишилерге уруксат берилсе, өз ишин уланта алышат.

10 жылга кесилип, абакта каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун реабилитациясы үчүн кадамдар жасалса болот эле. БУУнун Адам укуктары боюнча комитети аны бошотууга чакырганына карабай, Атамбаев же Жээнбеков бийликте турганда андай болгон жок. Аскаров Роза Отунбаеванын тушунда эле камалган. Маркумдун артында калган жесирине, балдарына компенсация төлөө жаатында аракеттер көрүлүшү керек. Азыркы бийликтин курамында улутчул күчтөр бар деп камтама болгон адамдарга Аскаровдун реабилитациясы менен андайды төгүнгө чыгарса болот.

Аялдар укуктарынын абалын жакшыртуу зарыл. Үй-бүлөлүк зомбулук учурлары тилекке каршы дагы эле көп катталып келет. Милиция андай фактыларга каршы жетиштүү аракет көрбөйт же көз жаздыма калтырып коёт. Кыз ала качуу да мүшкүл бойдон калууда. Кыскасы, кыргыз бийлиги көп нерселерди жасай алат.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG