Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:37

15 жылдан кийин ордуна келген акыйкат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку сот Бириккен Улуттар Уюмунун тыянагына ылайык, абакта каза тапкан адам боюнча өкмөттү кенемте төлөөгө милдеттендирди.

28-сентябрда Жогорку сот 2005-жылы Ош шаарындагы милициянын убактылуу кармоочу жайында алган жарааттан көз жумган Рахмонберди Эрназаровдун өлүмү үчүн кенемте төлөө тууралуу маселеге чекит койду. Анын үй-бүлөсүнө мамлекет 300 миң сом кенемте төлөп бериши керек.

Маркумдун бир тууганы Маматкарим Эрназаров жакыны жок өткөн 15 жыл анын үй-бүлөсү үчүн тирүүнүн тозогуна айланганын айтты:

«Мен өткөндө аянтка чыгып, нааразылыгын билдирген элдин абалын жон терим менен сездим. Себеби, 15 жыл ичинде адилетсиздик, мыйзамсыздыкка тойдум. Агамдын үч баласына каралашып жатам. Жакынын жоготкон адамдын абалын 300 миң сом менен чечсе болобу? Материалдык чыгымдан мурда, моралдык жактан ушуга чейин мага, жакындарыма күчтүү басым болду».

Рахмонберди Эрназаров 2005-жылдын 4-ноябрында зомбулук үчүн шектүү катары кармалып, 3х3 метрлик камерага алты киши менен чогуу отургузулуп, алардын ур-токмогуна кабылган.

16 күндөн кийин Эрназаров бычакталган абалда облустук ооруканага жеткирилип, эки сааттан кийин көз жумган. Анын өлүмү боюнча кылмыш иши маанилүү медициналык далилдер келтирилгенине карабастан беш жолу токтотулуп, акыры жабылган жана эч ким жазага тартылган эмес.

2019-жылы БУУнун комитетинин чечиминин негизинде Жалал-Абаддагы «Справедливость» уюмунун адвокаты Сардор Абдухалилов Эрназаровдун өкүлү катары өлүм калыс иликтенбегени үчүн компенсация төлөө тууралуу арыз менен сотко кайрылган.

«Алты жылга созулган тергөө натыйжалуу жүргүзүлгөн эмес. Эч ким жазаланган эмес. Ошондуктан, анын үй-бүлөсү «Кыйноого каршы коалиция» аркылуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитетине арыз жазган. Комитет арызды төрт жыл карап, «Кыргызстан Эрназаровдун укугун бузган, коргой алган эмес, ошондуктан компенсация төлөнүшү керек» деген чечим чыгарган. Биз адвокаттары сотко арыз жазып, ушундай чечимге ээ болдук. Бирок буга чейинки эки окуя көрсөткөндөй өкмөт соттун чечимин аткарбай коюшу да мүмкүн. Кыйноого кабылган адамга карата ушундай эле кенемте өндүрүү тууралуу соттун чечими чыгып, бирок бир жылдан бери жабырлануучулар колуна бир сом алган эмес».

Дагы караңыз

Акча маркумдун үй-бүлөсүнө мамлекеттик бюджеттен Финансы министрлиги аркылуу төлөнө турган болду. Бул Кыргызстанда кыйноого кабылган адамга кенемте өндүрүп берүү чечими чыккан сейрек учурлардын бири.

«Кыйноого каршы коалиция» уюмунун өкүлү Нагима Озокеева Жогорку соттун бул чечими Кыргызстан үчүн эл аралык укук нормаларын иш жүзүндө колдонуу жагынан маанилүү кадам болгонун белгиледи:

«Мындай чечимдер абдан маанилүү, себеби мамлекеттик соттор эл аралык органдарын чечимдерин эске алып, карап чыгышы керек. Ошондуктан, ар бир адам кандайдыр бир укук бузууга күбө болсо кайрылып, өзүн коргой алат деген бүтүмгө келдик».

Кыргызстанда укук коргоо органдарынан кыйноо көргөн учурлар азыр да бар. Маселен, 16-октябрда Ноокат районунун тургуну Мухамед Каныбек уулу карактоо үчүн шектүү катары кармалгандан кийин каза болгон. Анын туугандары Мухамед милиция кызматкерлеринин кыйноосунан улам көз жумганын билдирип, прокуратурага жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кайрылышты.

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда кыйноо фактылары негизинен кылмышка шектүү адам жаңы кармалганда, милиция бөлүмүндө катталат. Ички иштер министрлиги мындай окуялар жок эмес экенин, кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүрүп турарын билдирип келет.

Кыйноого каршы улуттук борбордун 2019-жылкы статистикасы боюнча кыйноого кабылгандардын 90 пайызы ички иштер кызматкерлеринен жапа чеккени аныкталган. 2019-жылы кыйноого, катаал мамилеге жана кармоонун канааттандырарлык эмес шарттарына даттанган 152 арыз түшкөн. Алардын эң көбү Бишкек шаарында катталган, андан кийинки орунда Ош шаары жана Ош облусу турат.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG