Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:05

«Мажбурлап баңгизат салдырышты»


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абадда эки милиционерге карата Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишин УКМК териштирип жатат.

«Милиция кызматкерлери кылмышты жалаа жана кыйноо аркылуу моюнга алдырып жатышат» деп Сузак районунун үч тургуну мурдараак тиешелүү органдарга кайрылышкан. Аларга «баңгизаттарды мыйзамсыз сактады» деген күнөө коюлууда. Милиция кылмышка шектүүлөрдүн дооматтарын төгүндөп жатат.

Сузак районунун Лавдан-Кара айылынын 32 жаштагы тургуну Давран Хасанов милициянын көрсөтмөсү менен эки кишинин чөнтөгүнө баңгизат салганын билдирип, муну милициянын мажбурлоосу менен түшүндүрдү:

Давран Хасанов.
Давран Хасанов.

«Ушул жылдын февраль айында Жалал-Абад шаарынан жанымда паспортум жоктугу үчүн милиция кызматкери Абдыкалыков Руслан мени Сузак РИИБине алып барган. Анткени ошол учурда паспорттук режим жүрүп жатканын түшүндүрдү. Ал жактан тинтүү учурунда милиция кызматкерлеринин бири «чөнтөгүңдү карайынчы» деп колун салып эле баңгизат таап чыгышты. Мен баңгизат меники эмес экенин айтсам, Ибрагимов Шумкар деген кызматкер менен бирге мени токмоктоп, «бизге акчаңдын кереги жок, Давлетбек деген адам бар, биз баңгизат беребиз, ошону «подстава» кылып, карматып бересиң» дешти. Ал адам шаарда жок болуп, ал ишке ашпай калган. Кийин «Арзыбек деген досумду карматып бересиң» дешти. Аны чакырып, машинесинин бардачогуна баңгизат салганда кызматкерлер келип кармашты. Кийин Шакир деген адамга да ушундай мамиле жасатышты. Ал учурда камакта, соту болуп жатат. Соттук отурумда милиция кызматкерлеринин мажбурлоосу менен мен «подстава» кылганымды айттым. Башыма баштык кийгизип кыйнашкандыктан, мен коркконумдан алардын айткандарына макул болгонумду билдирдим».

Давран Хасанов эки адамга окуянын чоо-жайын айтып, аймактан качып кетүүнү суранган. Хасанов айткан Арзыбек Умаралиевди милициянын ыкчам кызматкерлери ушул жылдын 6-мартында кармашкан.

Арзыбек Умаралиев.
Арзыбек Умаралиев.

Бирок облустук ички иштер башкармалыгы баңгизатка байланышкан бул иш бирдиктүү реестрге катталбаганын маалымдайт. Умаралиев жагдайды мындайча чечмеледи:

«Давран Хасанов менин машинеме отургандан кийин дароо орган кызматкерлери келип, машиненин ичин тинте башташты. Анан дароо «Баңгизатты кимден алдың?» дей башташты. Мен эч кандай баңгизат жок экенин айттым, алар менин сөзүмдү деле угушкан жок. Экөбүздү Сузак милициясына алып барып, 150 миң сом таап келишим керек экенин айтышты. Бирок менде андай чоң суммадагы акча жок болчу. Досумду чакырдым, кийин атам келди. Менин ордума атамды алып калып, 40 миң сом таап баргандан кийин гана атам экөөбүздү коё беришти. Сузак райондук прокуратурасы ишти созуп отуруп, эми УКМКга тергөөгө берди. Досума болгон ишеним жоголду, бир чети анын мажбур болуп жасаганын билдим».

Абдулазиз Сатыбалдиев.
Абдулазиз Сатыбалдиев.

Ушундай эле окуяга Сузак районунун дагы бир тургуну Абдулазиз Сатыбалдиев да кабылган. Былтыр ноябрь айында ал жашаган үйдүн короосунан бир литрлик желим бөтөлкөдө баңгизат табылган. Кийин ал акча менен ички иштер бөлүмүнөн бошотулганын айтты. ИИМдин облустук башкармалыгы бул багыттагы иш да ИИМдин кылмыш каттоо китебине катталбаганын билдирди.

Бул иштерде Сузак райондук жана Жалал-Абад облустук ички иштер органдарында иштеген Руслан Абдыкалыковдун, Шумкар Ибрагимовдун, Эрлан Абдаловдун жана Улан Бакиевдин аттары аталып жатат. Кызматкерлер бул багытта комментарий берген жок.​ Алардын ордуна ​Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгын басма сөз кызматкери Нурдин Жээнтаев дооматтардын баарын төгүндөп, ал боюнча эч кандай даттануу болбогонун айтты:

Нурдин Жээнтаев.
Нурдин Жээнтаев.

«Бизге милиция кызматкерлеринин үстүнөн эч кандай арыз же даттануу түшкөн эмес. Эгер алар ур-токмокко алынса ОИИБге кайрылышсын, ички иликтөө кызматы иликтөө жүргүзөт. Ал эми Шакир аттуу адам баңгизаттарды сатып жатканы боюнча маалымат келип түшкөн, ыкчам иликтөөнүн натыйжасында ал баңгизат сатып жаткан жеринен кармалган. Жазык кодексинин «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен айыбы угузулуп, иш азыр сотто каралууда. Ага карата Давран Хасанов көрсөтмө берген. Ушул эле жагдай боюнча Арзыбек Умаралиевдин да иши каралып жатат».

Маалыматка ылайык Башкы прокуратура тарабынан Сузактын тургуну Давран Хасановдун арызынын негизинде милиция кызматкерлеринин үстүнөн «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде кылмыш иши ачылып, учурда УКМКнын облустук башкармалыгы тергөө жүргүзүүдө.

Бул иш боюнча жабырлануучу катары Арзыбек Умаралиев да көрсөтмө берген. ИИМдин эс алуудагы ардагери Сейдалы Жаналиев ички иштер органдарындагы мындай көрүнүштү реформанын жыйынтыкталбай жатканы менен байланыштырды:

Жоопкерчилик болбосо органдын ичиндеги кылмыштулук токтобойт.

«Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери фискалдык органдардын ишин текшерүү толук болбой калды. Бирин бири мыйзамдык алкакка чакырган, ИИМ, прокуратура, УКМК, сот тармагы андай жумуштарды жасай албай жатат. Кылмыш кылган же кемчилик кетирген орган адамдары жоопкерчиликке тартылбай жатат. Анын натыйжасы тартипсиздикке алып келүүдө. Жалал-Абаддан кызматынан алынган кызматкер башка облуска барып орношуп жатат. Жоопкерчилик болбосо органдын ичиндеги кылмыштулук токтобойт. Реформа деп министри менен орун басарларын алмаштырганы менен маселе чечилбейт. Азыр эң коррупциялашкан тармак катары ИИМ баштаган фискалдык органдар болуп жатпайбы».

Былтыр декабрда сузактык жеке ишкер Искандар Хамракулов Сузак райондук ИИБинин кызматкери Улан Бакиев тууралуу прокуратурага «басым көрсөтүп жатат» деп кайрылган. Ишти УКМК тергөөгө алып, өткөн жумада милиционерге байланыштуу ачылган иште кылмыштын курамы жок деген негизде кыскартылганын билдирген.

ИИМдин маалыматына ылайык баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу былтыр 1400гө жакын факты катталган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 16 тонна 280 кг психотроптук каражаттар жана прекурсорлор алынган. Ошондой эле 2018-жылы ички иштер органынын кызматкерлерине карата 67 кылмыш иши козголуп, 83 кызматкер жоопкерчиликке тартылган. Мындан сырткары ар кандай тартип бузуу фактылары боюнча 5811 кызматкер тартиптик жазага тартылып, 270тен ашыгы ички иштер органдарынан бошотулган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG