Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

Оштун милиция бөлүмүндөгү чуулуу өлүм


Маркум Мухамед Каныбек уулунун жакындары Ош облустук прокуратурасынын имаратынын алдында.
Маркум Мухамед Каныбек уулунун жакындары Ош облустук прокуратурасынын имаратынын алдында.

Ноокат районунун тургуну Мухамед Каныбек уулу карактоо үчүн шектүү катары кармалгандан кийин каза болгон. Анын туугандары Мухамед милиция кызматкерлеринин кыйноосунан улам көз жумганын билдирип, прокуратурага жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетке кайрылышты.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы 16-октябрь күнү муркумдун жүрөгү кармап, «Тез жардамга» барган учурда каза болгонун билдирүүдө.

Милиция кармагандан кийин каза болуп калган Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Муркут айылынын тургуну Мухамед Каныбек уулунун жакын туугандары 18-октябрь күнү Ош облустук прокуратурасынын алдына топтолушту. Алар Каныбек уулун кармаган милиция кызматкерлерине каршы арыз жазып, окуяны калыс тергеп чыгууну талап кылышты.

Маркумдун апасы Айтолгон Мамажунусованын айтымында, баласынын сөөгүн ал дайынсыз жоголгондон эки күндөн кийин издеп жүрүп табышкан.

Айтолгон Мамажунусова.
Айтолгон Мамажунусова.

«Эки-үч сааттын ичинде эле мыкаачылык менен милиция кызматкерлери өлтүрүп, моргго тапшырып коюшкан. Алты айлык баласы, жаш келиним калып жатат. Алардын убалы кимге? Менин балам жүрөгү кармай турган бала эмес. Булар көпчүлүк болушкан. Камерага түшүп калган беш бала (милиция). Мындай милициялардын бизге кереги жок. Булар өздөрү ушул кылмышты кылып, бей-бечараны алып келип, кыйнап мойнуна коюп «мыкаачылык менен өлтүргөн» дейт. Мен өзүм сөөктү көргөн жокмун».

Мухамед​ди 15-октябрь күнү Кызыл-Кыя шаарынан кармашкан. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдиргендей, ал 5-октябрда болгон карактоо үчүн шек саналган.

Ош шаарынын тургуну 5-октябрда бейтааныш адамдар төрт миллион 230 миң сомун карактап кеткенин айтып милицияга арыз берген. Кийин милиция шектүүнүн бирин Оштон кармап, анын көрсөтмөсү менен Мухамедди Кызыл-Кыя шаарынан колго түшүргөн.

Ош облустук прокуратурасы, маркумдун жакындары арыз жазышууда.
Ош облустук прокуратурасы, маркумдун жакындары арыз жазышууда.

«Белгисиз үлгүдөгү тапанча менен каршылык көрсөтүүгө аракет кылган. 16-октябрга караган түнү болжол менен саат 12-1де Ош облустук ички иштер башкармалыгынын имаратына алып келгенде эстен танган. Дароо «Тез жардам» чакырылган. Ооруканага жеткирилгенде барганда эсине келбей каза болуп калган», деп айтылат милициянын маалыматында.

Ошол эле күнү Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы прокуратура менен бирге иликтөө жүргүзө баштаган. Учурда алар соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышат.

Аширбаев милиция кызматкерлеринин кыйноосунан кийин каза болгону аныкталса, аларга карата мыйзам чегинде катуу чара көрүлө турганын кошумчалады.

Ал арада Мухамеддин туугандары мамлекеттик экспертизага ишеним артпай, көз каранды эмес экспертиза жалдай турганын айтышты. Алардын бири Арсланбек Ташов сөөктү көрүп чыкканын, анда көгала тактар бар экенин айтты.

Арсланбек Ташов.
Арсланбек Ташов.

«Биздин баланы моргдон бир ай болсо бир ай, эки ай болсо эки ай алып чыктырбаймын, жерге койдурбаймын - ушул зөөкүрлөр камалып, өз жазасын алсын. Сиздерден суранам, жардам бериңиздер».

Облустук милиция кармоо учурунда каршылык көрсөткөндүктөн денесине залал келиши толук мүмкүн деп болжоодо.

Кыйноого каршы улуттук борбордун түштүк аймагы боюнча өкүлү Худаяр Нарматов милиция кызматкерлеринин кыйноого жол бериши тутумдашкан (системалык) көйгөй экенин айтты:

«Мурунку ыкма менен тергөө, тескөө амалдары жүргүзүлөт. Ошол себептен көп учурда кармалганда милиция кызматкерлеринин үстүнөн арызданышат. «Коркутуп, адамгерчиликсиз мамиле кылышты» деп».

Кыйноого каршы улуттук борбордун 2019-жылкы статистикасы боюнча кыйноого кабылгандардын 90 пайызы ички иштер кызматкерлеринен жапа чеккени аныкталган. 2019-жылы кыйноого, катаал мамилеге жана кармоонун канааттандыраарлык эмес шарттарына даттанып 152 арыз түшкөн. Алардын эң көбү Бишкек шаарынан, андан кийинки орунда Ош шаары жана Ош облусу турат.

XS
SM
MD
LG