Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:21

Кимсановдун абакта сабалышы иликтенет


Эмилбек Кимсанов.
Эмилбек Кимсанов.

Мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун сабалышы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул факт Башкы прокуратурада каттоого алынып, окуяны Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тергемей болду.

Буга чейин Кыйноого каршы улуттук борбор Кимсанов менен жолугуп, ал абак кызматкерлеринен таяк жегенин айткан билдирүүсүн тараткан.

Маалыматка ылайык, 18-июнда Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлери №50 тергөө абагында жаткан мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановго жолугуп чыккан.

Борбордун кызматкерлерине Кимсанов Интернетте тараган видеодо таяк жеген адам өзү экенин айтып берген.

Муну “Азаттык” радиосуна Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкери Гүлбарчын Ормонбекова билдирди:

Эмилбек Кимсанов.
Эмилбек Кимсанов.

“4-апрель күнү түнкү саат 3-4 чамасында уктап жатканда эшигин ачып кирип, башына баштык кийгизип, муунтуп, тепкилеп салышыптыр. Уктап жаткандыктан, алардын кебетелерин тааныбай калган экен. Бирок эшикти ачкыч менен ачып киргенине байланыштуу абактын кызматкерлери деп божомолдоп атат. Жанында формачандар карап турганын айтты”.

Ормонбекова кошумчалагандай, абакта Эмилбек Кимсанов менен камерада чогуу жаткан эки киши ага болушуп, бирок аракеттеринен майнап чыккан эмес.

Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлери абакка Эмилбек Кимсановдун арызынын негизинде жана коомчулукта чуу жараткан маалыматтардын чын-төгүнүн билүү үчүн барышкан.

Эми алар бул факт боюнча Кимсановдун арызын жана башка материалдарды прокуратурага өткөрүп беришти. Борбордун өкүлү Гүлбарчын Ормонбекова “прокуратуранын жообуна жараша мындан аркы ишибиз аныкталат” деди.

“Буга чейин Кимсанов “мага эч ким кыйноо көрсөткөн жок” деп түшүнүк жазып берген. Биз аны менен сүйлөшкөндө абактын кызматкерлери ал түшүнүктү кысым көрсөтүп жаздырып алышканын уктук. Анда Кимсанов “эч кандай доом жок, медициналык жардамга, дары-дармекке муктаж эмесмин деп жазган. Бирок ал ур-токмоктон жабыркаганда аны менен кошо бир камерада чогуу жаткандар үйүнөн дары алдыртып, Кимсановго жардам беришиптир. Бул окуя боюнча анын адвокаты биздин борборго телефон аркылуу кайрылган. 11-майдан баштап Кимсановдун сабалышы боюнча иштей баштадык. 13-майда абакка барганда Кимсановго жолуктурбай коюшкан”.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) “Кимсановду кызматкерлер сабады” деп алдын-ала айтуу туура эмес экенин билдирди. Мекеме учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын, бардык видео материалдар изилденип жатканын белгиледи. ЖАМК да териштирүүнүн жыйынтыгы прокуратура органдарына жиберилерин маалымдады.

Башкы прокуратура Эмилбек Кимсановдун сабалышы боюнча Жазык кодексинин 321-беренеси («Бийлигинен аша чабуу») менен сотко чейинки өндүрүш ачылды.

Мекеменин расмий өкүлү Наргиза Куватованын айтымында, мындан аркы тергөө иштерин Улуттук коопсуздук боюча мамлекеттик кызмат жүргүзөт.

Наргиза Куватова.
Наргиза Куватова.

“Бул факт атайын прокуратура тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Биз жазык ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын башкы тергөө башкармалыгына жөнөттүк. Арыз ээси ЖАМКнын кызматкерлерине карата “себепсиз ур-токмокко алышты” деп даттанган. Эми тергөө баа берет. “Аны эки же үч киши урду” деп айтууга эрте”.

20-июнда Атайын прокуратура Кимсановдун сабалышы боюнча маалымат таратты.

"16-июнда айрым медиа каражаттарында тергөө абагында отурган Эмилбек Кимсановдун сабалганы тууралуу маалымат видеотасма менен кошо жарыяланган. Жабык жайлардагы мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн прокуратура тарабынан бул маалыматты иликтөө ЖАМКга тапшырылган. 17-июнда Эмилбек Кимсанов 4-апрелге караган түнү саат 03:00 - 04:00 аралыгында аны №1 тергөө абагынын кызматкерлери денесин көгала кылып, себепсиз сабаганы тууралуу арыз жазып берген. Ал арызы ошол эле күнү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмыш кодексинин 321-беренеси (“Бийлигинен аша чабуу”) боюнча иши козголуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кароосуна өткөрүлүп берилди. Учурда иш УКМКнын тергөө башкармалыгынын кароосунда", - деп жазылган.

Эмилбек Кимсановдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева жабырлануучунун абакта кантип сабалганы тартылган видео колуна тийгенин кабарлап, видеотасманы 16-июнда "Фейсбуктагы" баракчасына жайгаштырган. Тасмада белгисиз эки адам бир кишини аёосуз сабап жатканы көрүнүп турат. Сүйүнбаева видеодогу ур-тепкиге алынган киши Эмилбек Кимсанов экенин билдирип, муну "талашсыз далил" катары белгилеген.

Адвокат уруп-сабоо Кимсанов Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайынан №1 тергөө абагына которулган күнү, 3-апрелде болгонун маалымдаган.

“Биз далил документтин бардыгын тергөөгө өткөрүп бердик. Калыс тергелет деген үмүт бар. Биз бул маселе боюнча апрелдин башынан бери прокуратурага кайрылып келатабыз. Андан бери эч кандай реакция болгон эмес. Далил видеону көрсөттүк. Эми туура жыйынтык кабыл алат деп күтүп жатабыз”, - деди Сүйүнбаева.

ЖАМК Кимсановдун сабалганы тартылган тасманы каттоого алып, кылдат текшерүүнү баштаганын билдирди. Мекеме башында тараткан маалыматта «бул тасма фейк болушу мүмкүн” деп жазылган.

Бул маселени 17-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйында депутат Дастан Бекешев да көтөрүп чыккан. Ал өз сөзүндө абакта болгон бул окуяны уюшкан кылмыштуу топтун баш көтөрүшү катары сыпаттаган. премьер-министр болуп жаңы шайланган Кубатбек Боронов бул фактыны өз көзөмөлүнө аларын убада кылган.

Бирок укук коргоочу Динара Ошурахунова Кимсановдун сабалышы боюнча иликтөөнүн калыс жүрүшүнөн күмөн санап турат.

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

“Мыйзам толук иштебейт. Ошондуктан бул иш калыс болобу-болбойбу деп айта албайм. Себеби, Саймаити боюнча депутаттык комиссия деле түзүлбөдү беле. Бирок анда кайра эле “Азаттык” радиосун күнөөлүү кылып коюшпадыбы. Бул мен үчүн чоң сигнал болду. Эми Кимсанов боюнча кандай чечим чыгарылат, ага мыйзамдуу чечим кабыл алынабы, ишене албайм”.

Укук коргоочулар карантин убагында жабык жайда жаткан адамдар менен жарандык коомдун байланышы үзүлүп, кыйноого кабылгандар көбөйгөнүн белгилешет.

“Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилова “пандемия учурунда абакта сабалган Эмилбек Кимсанов жалгыз эмес” деген пикирде.

Төлөкан Исмаилова.
Төлөкан Исмаилова.

“Пандемия убагында мыйзам үстөмдүк кылса дагы жабык жайда жаткан адамдардын укуктары тебеленди. Бул учурда бул жайларга мониторинг жасоо кыйын болду. Акыйкатчы менен Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлери эптеп кирип жатты. Жарандык коомдун өкүлдөрүн абакка жолотушкан жок. Мындай болбойт да. Керек болсо согуш убагында да укук коргоочулар, психологдор жабык жайларга мониторинг жасап турушу керек. Анткени Кимсановго окшоп кыйноого кабылгандар качантан бери ур-токмокко кабылып жатканын айта албайбыз. Бул - чоң кылмыш".

Азыр Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагында отурган ​Кимсанов дагы бир бажы кызматкери Автандил Конгантиевдин арызынын негизинде быйыл февралда Орусиядан кармалган.

Анын жубайы Мария Заворотняя күйөөсү 10-апрелде сабалганын билдирип, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аны кылмыштуу ишке түрткөнүн айткан видеосун Интернетке жарыялаган.

Качан тартылганы белгисиз видео тасмада Эмилбек Кимсанов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов эркине койбой жумушка тартканын, «Азаттык» радиосунун Прагадагы кеңсенин кызматкери, иликтөөчү журналист Али Токтакуновдун үй даректерин жана башка жеке маалыматтарын берип, «өлүүбү же тирүүбү таап келүү» тууралуу буйрук бергенин айтып жатканын көрүүгө болот.

Райымбек Матраимов өз дарегине айтылгандарга комментарий бере элек. Анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов муну «ойдон чыгарылган фантазия» деп баалаган.

Ал эми Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн адвокаты Татьяна Карыжинская 16-июнда "Фейсбуктагы" баракчасына Эмилбек Кимсанов тергөө абагында сабалган деген видео тасма тууралуу билдирүүсүн жарыялады.

Татьяна Карыжинская.
Татьяна Карыжинская.

"Бүгүн адвокат Назгүл Сүйүнбаева видео таратты, анда адамга карата кыжырды кайнаткан зомбулукту көрүүгө болот. Адвокаттын версиясы боюнча, тасмада болжол менен Кыргызстандын жараны, абакта отурган Эмилбек Кимсановду сабап жатышат. Тилекке каршы, видеодо сабап жаткандардын да, жабырлануучунун да жүзү көрүнбөйт, окуя болуп жаткан жерди да аныктоо мүмкүн эмес. Бул окуяны журналисттер түз же кыйыр түрүндө Райымбек Матраимовго байлаганга аракет кылып жаткандыктан, мен анын расмий өкүлү катары билдирүү жасоону чечтим".

Биринчиден, ЖАМК жана тартип коргоо органдары жарыяланган видео боюнча дыкат текшерүү жүргүзүүгө, видеодогу окуя чын эле болгонун же болбогонун териштирүүгө жана дыкат текшерүүнүн жыйынтыктарын берүүгө милдеттүү. Экинчиден, эгерде видеодогу фактылар тастыкталса, андагы жабырлануучу ким гана болбосун, чындап эле анда Кимсановбу же башка адамбы - муну тартип коргоо органдары адамга карата зомбулук фактысы катары каттап, сабап жаткандарды кылмыш жоопкерчилигине тартышы керек", - деп жазган Татьяна Карыжинская.

Эмилбек Кимсановдун Ош облусуна караштуу Алай районунда жашаган туугандары буга чейин президент Сооронбай Жээнбековго эки жолу кайрылышкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG