Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Депутат Бекешев Кимсановду сабагандарга чара көрүүнү талап кылды


Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун абакта сабалышын уюшкан кылмыштуу топтун баш көтөрүшү катары сыпаттады. Депутат бир күн мурун тараган видеотасмага байланышкан маселени жаңы өкмөттүн курамын талкуулаган парламент жыйынында көтөрүп, бул көрүнүш боюнча жоопкерчиликке ким тартыларына кызыкты:

«Кечээ, тергөө абагында мурдагы бажы системасында иштеген Эмилбек Кимсановду сабалышы боюнча видеотасма жарыя болду. Эми бирөө чара көрүшү керек. Жаза аткаруу кызматында дайыма ушундай болуп жатат. Биз уюшкан кылмыштуу топту жоймоюнча ушундай боло берет да. Уюшкан кылмыштуу топ мамлекеттик бийликти сындаш керек. ИИМ кезинде уюшкан кылмыштуу топко карата мыйзам алып чыккан эле. Ошону качан алып келет? Бирөө жоопкерчиликке тартылабы видео тасма боюнча?»,- деп суроо койду эл өкүлү Дастан Бекешев.

Өкмөт башчылыкка талапкер Кубатбек Боронов бул видео боюнча кабары жоктугун, тактап көрүп жооп бере турганын айтты.

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева өзүнүн кардары абакта сабалып жатканы тартылган видео колуна тийгенин кабарлап, видеотасманы 16-июнда "Фейсбуктагы" баракчасына жайгаштырган. Тасмада белгисиз эки адам бир кишини мыкаачылык менен сабап жатканы көрүнүп турат. Сүйүнбаева видеодогу ур-тепкиге калган киши Эмилбек Кимсанов экенин билдирип, муну талашсыз далил катары белгилеген. Адвокат уруп-сабоо Кимсанов Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайынан №1 тергөө абагына которулган күнү, 3-апрелде болгонун маалымдаган.

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Эмилбек Кимсановдун сабалганы тартылган тасманы каттоого алып, кылдат текшерүүнү баштаганын билдирди. ЖАМК тараткан маалыматта «Бул тасма фейк болушу мүмкүн” деп жазылган.

«Эмилбек Кимсанов камакта сабалды» деген маалымат мурда да таратылып, аны да ЖАМК четке каккан.

Азыр №1 абакта отурган Эмилбек ​Кимсанов дагы бир бажы кызматкери Автандил Конгантиевдин арызынын негизинде быйыл февралда Орусиядан кармалып келген.

Жубайы Мария Заворотняя күйөөсү 10-апрелде сабалганын билдирип, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аны кылмыштуу ишке түрткөнүн айткан видеосун Интернетке жарыялаган.

Райымбек Матраимов өз дарегине айтылгандарга комментарий бере элек. Агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов муну «ойдон чыгарылган фантазия» деп баалаган.

Кимсановдун Ош облусуна караштуу Алай районунда жашаган туугандары буга чейин президент Сооронбай Жээнбековго эки жолу кайрылышкан. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG