Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

Камактагы Кимсановдун сабалышы боюнча сотко чейинки тергөө башталды


Эмилбек Кимсанов.
Эмилбек Кимсанов.

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун абакта сабалышына байланыштуу Жазык кодексинин 321-беренеси («Бийлигинен аша чабуу») менен сотко чейинки өндүрүш ачылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, иш Кимсановдун арызынын негизинде козголуп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Тергөө башкармалыгы жүргүзүп жатат.

Мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева өзүнүн кардары абакта сабалып жатканы тартылган видео колуна тийгенин кабарлап, аны 16-июнда "Фейсбуктагы" баракчасына жайгаштырган. Тасмада белгисиз эки адам бир кишини мыкаачылык менен сабап жатканы көрүнүп турат. Сүйүнбаева видеодогу ур-тепкиге калган киши Эмилбек Кимсанов экенин билдирип, муну талашсыз далил катары белгилеген.

Адвокат уруп-сабоо Кимсанов Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайынан №1 тергөө абагына которулган күнү, 3-апрелде болгонун маалымдаган. Кимсанов 18-июнда Кыйноолорго каршы улуттук борбордун кызматкерлери менен жолугушкан учурда видеодогу тепкиге алынган киши өзү экенин айткан.

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Эмилбек Кимсановдун сабалганы тартылган тасманы каттоого алып, кылдат текшерүүнү баштаганын билдирген. ЖАМК тараткан маалыматта «бул тасма фейк болушу мүмкүн» деп жазылган.

«Эмилбек Кимсанов камакта сабалды» деген маалымат мурда да таратылып, аны ЖАМК четке каккан.

Азыр №50 абакта отурган Эмилбек ​Кимсанов дагы бир бажы кызматкери Автандил Конгантиевдин арызынын негизинде быйыл февралда Орусиядан кармалып келген. Жубайы Мария Заворотняя күйөөсү 10-апрелде сабалганын билдирип, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аны кылмыштуу ишке түрткөнүн айткан видеосун Интернетке жарыялаган.

Райымбек Матраимов өз дарегине айтылгандарга комментарий бере элек. Агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов муну «ойдон чыгарылган фантазия» деп баалаган.

Кимсановдун Ош облусуна караштуу Алай районунда жашаган туугандары буга чейин президент Сооронбай Жээнбековго эки жолу кайрылышкан. (MiK\ErN)

XS
SM
MD
LG