Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:19

Эмилбек Кимсанов кыйноого каршы борборго абакта сабалганын айтып берди


Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Эмилбек Кимсанов сабалды деген сүрөт. Сүрөт Кимсановдун аялы Мария Заворотняянын «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.
Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Эмилбек Кимсанов сабалды деген сүрөт. Сүрөт Кимсановдун аялы Мария Заворотняянын «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.

18-июнда Кыйноолорго каршы улуттук борбордун кызматкерлери №50 тергөө абагында жаткан мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсанов менен жолугуп чыгышты.

Борбордун кызматкерлерине Кимсанов Интернетте тараган видеодо өзү экенин айтып берген. Муну “Азаттыкка” Кыйноолорго каршы улуттук борбордун кызматкери билдирди:

“4-апрель күнү түнкү саат 3-4 чамасында уктап жатканда эшигин ачып кирип, башына баштык кийгизип, муунтуп, тепкилеп салышыптыр. Уктап жаткандыктан, алардын кебетелерин тааныбай калган экен. Бирок эшикти ачкыч менен ачып киргенине байланыштуу абактын кызматкерлери деп божомолдоп атат. Жанында формачандар карап турду дейт”.

Кыйноолорго каршы улуттук борбор Кимсановдун арызын жана башка материалдарды прокуратура органдарына өткөрүп берген.

Улуттук борбордун билдирүүсүнө Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) “Кимсановду кызматкерлер сабады” деп алдын-ала айтуу туура эмес экенин билдирди. Мекеме учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын, бардык видео материалдар изилденип жатканын белгиледи. ЖАМК териштирүүнүн жыйынтыгы прокуратура органдарына жиберилерин маалымдады.

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева анын абакта кантип сабалганы тартылган видео колуна тийгенин кабарлап, видеотасманы 16-июнда "Фейсбуктагы" баракчасына жайгаштырган. Тасмада белгисиз эки адам бир кишини мыкаачылык менен сабап жатканы көрүнүп турат. Сүйүнбаева видеодогу ур-тепкиге калган киши Эмилбек Кимсанов экенин билдирип, муну "талашсыз далил" катары белгилеген. Адвокат уруп-сабоо Кимсанов Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайынан №1 тергөө абагына которулган күнү, 3-апрелде болгонун маалымдаган.

ЖАМК Кимсановдун сабалганы тартылган тасманы каттоого алып, кылдат текшерүүнү баштаганын билдирди. Мекеме тараткан маалыматта «бул тасма фейк болушу мүмкүн” деп жазылган.

«Эмилбек Кимсанов камакта сабалды» деген маалымат мурда да таратылып, аны ЖАМК четке каккан.

Азыр Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагында отурган ​Кимсанов дагы бир бажы кызматкери Автандил Конгантиевдин арызынын негизинде быйыл февралда Орусиядан кармалып келген.

Анын жубайы Мария Заворотняя күйөөсү 10-апрелде сабалганын билдирип, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аны кылмыштуу ишке түрткөнүн айткан видеосун Интернетке жарыялаган.

Матраимов өз дарегине айтылгандарга комментарий бере элек. Агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов муну «ойдон чыгарылган фантазия» деп баалаган.

Кимсановдун Ош облусуна караштуу Алай районунда жашаган туугандары буга чейин президент Сооронбай Жээнбековго эки жолу кайрылышкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG