Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

Азимов Орусиянын түрмө башчыларын сотко берди


Аброр Азимовдун кармалган учуру.
Аброр Азимовдун кармалган учуру.

Санкт-Петербургдун метросундагы жардыруу үчүн айыпталып, Орусияда 28 жылга соттолгон эки кыргызстандык абак шартына арызданып, Федералдык жаза аткаруу кызматын сотко берди.

Жалал-Абад облусунда туулуп-өскөн 32 жаштагы Акрам Азимов - былтыр декабрь айындагы Санкт-Петербургдун метросундагы жардыруу үчүн айыптуу деп соттолгон 11 борбор азиялык мигранттын бири.

Дээрлик эки жарым жылга созулган тергөөнүн жүрүшүндө өзүнө коюлган айыптардын баарын четке кагып, жалган жалаа жабылып жатканын айткан Акрам 28 жылга, анын иниси - 30 жаштагы Аброр Азимов «теракттын негизги уюштуруучусу» катары өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилген.

18-майда Акрам Азимов тергөө-сот иштеринин жүрүшүндө аны абакта кармоо шарттарына, адам укуктары бузулганына арызданып, Федералдык жаза аткаруу кызматынын аймактык бөлүмүнө каршы сотко доо арыз бергени маалым болду.

Доо арызды Санкт-Петербургдагы Колпинский соту карайт. Акрам Азимов 2019-жылдын март айынан бери Ленинград облусундагы «Кресты» №1 тергөө изоляторунда отурат.

«Азыр Акрамдын абалы жакшы. Ага туугандары менен байланышууга буга чейин тоскоол болушкан. Каттарды өткөрбөй, телефон чалууга тыюу салышкан. Бир камерада ондой адам менен кармашкан. Дем жетпеген кичине бөлмөдө башкалар чылым чеккендиктен Акрам аябай кыйналган. Ичүүгө таза суу беришкен эмес. Сот жыйындарына барарда ысык тамактын ордуна кургак азык берип тим болушкан. Аны кышында суук автозакта ары-бери ташып, ден соолугуна зак кетиришти. Буга окшогон укук бузуу тергөө-сот иштеринин жүрүшүндө болгон. Азыркы абалы жакшы», - дейт жашыруун негизде маалымат берген жактоочусу.

Акрам Азимов доо арызында соттон абак шартын жакшыртып, укук бузууну токтотууну жана федералдык органдан 240 миң рубль кенемте өндүрүүнү суранган.

Азимов менен бирге Федералдык жаза аткаруу кызматына каршы сотко доо арызы менен 28 жаштагы кыргыз жараны Мухамадюсуп Эрматов кайрылган. Эрматов да метродогу жардыруу боюнча айыпталып, 28 жылга эркинен ажыратылган.

Ош облусунда туулуп-өскөн Мухамадюсуп Эрматов Санкт-Петербургда курулушта, таксиде иштеп жүргөн. Бир баланын атасы. Ал 2017-жылы 5-апрелде уурдалып, белгисиз бир жайда токмоктолуп, аны камакка алуу 11-майда гана жасалма уюштурулганын айтууда.

20-майда Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматынын Санкт-Петербург шаарындагы башкармалыгы үч жыл мурдагы жардыруу боюнча соттолгон эки кыргызстандыктын арызына жооп кайтарды.

Аталган башкармалык арызда айтылгандарды четке кагарын «РИА Новости» маалымат агенттиги жазып чыкты. Ага ылайык, Петергбургдун Жаза аткаруу башкармалыгы соттолгон адамдарга абакта шарт бар экенин, алар тамак-аш менен туруктуу камсыз болуп жатканын билдирген.

Жалпысынан теракт катары мүнөздөлгөн 2017-жылдагы окуя үчүн беш кыргыз жараны, Кыргызстанда туулган дагы үч киши 19 жылдан 28 жылга чейин соттолгон.

Кыргызстандыктардан тышкары эки өзбек жараны, бир тажикстандык эркинен ажыратылган. Алар суракта кыйноого кабылганын айтып, ар бир сот отурумунда айнек камактын ары жагынан «Бизге жалган жалаа жабышты», «Күнөөлүү эмеспиз» деп жазылган кагаздарды көтөрүп турушкан.

Акрам жана Аброр Азимов атасы менен.
Акрам жана Аброр Азимов атасы менен.

Ал эми ага-ини Акбар жана Аброр Азимовдор башынан айыпты моюнга алган баштапкы көрсөтмөлөрүн кыйноо алдында жазганын айтышууда.

Акрам орус жарандыгын алып, үч баласы менен Московский шаарында жашаган. Ал 2017-жылы 15-апрелде Оштогу ооруканада дарыланып жаткан жеринен белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалып, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилгенин айтып келет.

Ал эми Орусиянын коопсуздук кызматы аны төрт күндөн кийин, 19-апрелде Москванын четиндеги бир аялдамада чөнтөгүнө граната салып отурган жеринен кармаган видеосун таркаткан.

Бул төрт күн ичинде Акрам Азимовду Москванын четиндеги ФСБнын «жашыруун түрмөсүндө» ур-токмокко алып, электр тогу менен кыйнап, баштапкы көрсөтмөсүн жаздыртып алышканын мурдагы адвокаты Ольга Динзе «Азаттыкка» берген жоопторунда белгилеген.

Кийинки адвокаты учурда Акрам Азимов Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылыш үчүн жол-жоболорго ылайык алгач Орусиядагы сотторго доо арызы менен кайрылып, адилеттик издеп жатканын белгиледи:

«Адам укуктары боюнча Европа конвенциясынын 3-беренеси кыйноого жана адамдын кадыр-баркына доо кетирген мамилеге тыюу салат. Ал эми 6-беренеси адамдын калыс сотко болгон укугун коргойт. Европа соту Орусияда чыгарылган сот өкүмүн өзгөртө албайт. Бирок сот ишинин жүрүшүндө адам укуктары бузулган учурларды аныктап, бул фактылар боюнча Орусиядан кылмыш ишин кайрадан карап чыгууну талап кыла алат. Орусия Европа сотунун сунушун аткарбай коюшу да ыктымал. Бул нерсенин баары илгери үмүт менен жасалып жатат. Бул бир нече жылды талап кылган, узак жол».

"Азаттыктын" архиви: Жандырмагы жок жардыруу. 2018-жыл

Санкт-Петербургдун метросунда жарылуу 2017-жылы 3-апрелде болуп, андан 15 киши каза таап, 50дөй киши жабыркаганы кабарланган. Орусиянын ФСБ кызматы «терактты мурда Кыргызстанда туулган Орусиянын жараны, 22 жаштагы жанкечти Акбаржон Жалилов уюштурганы тергөөдө аныкталды» деп жарыялаган.

Ал кезде бир да террордук уюм бул окуя үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алган эмес. Орусиянын Тергөө комитети жардыруудан эки жыл өткөндөн кийин террордук бирикме деп таанылган «Катиба Таухид валь-Жихад» деген топту айыптаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG