Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Питер метросундагы окуя үчүн өкүм чыкты


Cот өкүмү чыкканда. 10-декабрь, 2019-жыл.
Cот өкүмү чыкканда. 10-декабрь, 2019-жыл.

Санкт-Петербург шаарындагы теракт катары мүнөздөлгөн окуя үчүн беш кыргыз жараны, Кыргызстанда туулган дагы үч киши кесилди.

Орусияда метродогу жардыруу үчүн 11 адамга карата сот өкүмү чыкты. 10-декабрда Москвадагы Экинчи батыш округдук аскер соту Санкт-Петербургдун метросундагы жардырууну уюштуруу менен каржылоого айыптуу деп таап, 11 борбор азиялык мигрантка сот өкүмүн жарыялады.

Алардын ичинен Кыргызстандын беш жараны 19 жылдан 28 жылга чейин түрмөгө кесилди. Алар:

- 28 жаштагы Мухамадюсуп Эрматов, 28 жылга;

- 26 жаштагы Ибрагимжон Эрматов, 27 жылга;

- 22 жаштагы Дилмурод Муидинов, 20 жылга;

- 41 жаштагы Сайфилла Хакимов, 19 жылга;

- 41 жаштагы Бахром Эргашев, 19 жылга.

Соттолгондордун арасында Орусияда миграцияда жүрүп, орус жарандыгын алган дагы үч кыргызстандык бар. Сот теракттын негизги уюштуруучусу деп тапкан 29 жаштагы Аброр Азимов өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилди. Анын агасы, 31 жаштагы Акрам Азимов 28 жылга эркинен ажыратылды. Ошто туулуп-өскөн 24 жаштагы Мухамадюсуф Мирзалимов 20 жылга соттолду.

Өзбекстандын жарандары Шохиста Каримова менен Азамжон Махмудов 20 жылдан, Тажикстандын жараны Содик Ортиков 22 жылга соттолду. Мындан тышкары аскер соту ар бирине 800 миң рублга чейин айып пул салган.

Санкт-Петербургдун метросунда жарылуу 2017-жылы 3-апрелинде болуп, андан 15 киши каза таап, 50дөй киши жабыркаганы кабарланган. Орусиянын ФСБ кызматы «терактты мурда Кыргызстанда туулган Орусиянын жараны, 22 жаштагы жанкечти Акбаржон Жалилов уюштурганы тергөөдө аныкталды» деп жарыялаган.

Ал кезде бир да террордук уюм бул окуя үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алган эмес. Орусиянын Тергөө комитети жардыруудан эки жыл өткөндөн кийин террордук бирикме деп таанылган «Катиба Таухид валь-Жихад» деген топко айыпты жүктөгөн.

Дээрлик эки жарым жылга созулган тергөө-сот иштеринин жүрүшүндө айыпталуучулар өздөрүнө коюлган айыптардын баарын четке кагып келишкен. Сот отурумдары башталганда алар айнек камактын ары жагынан «Бизге жалган жалаа жабышты», «Күнөөлүү эмеспиз» деп жазылган кагаздарды көтөрүп чыгышкан. Айрымдары кыйноого кабылганын айтышкан.

Санкт-Петербургга ар кандай убакта келип, курулуш, кафе, таксиде иштеп жүргөн борбор азиялык мигранттардын алтоо Питердин Товарищеский көчөсүндөгү батирде бирге жашашканын, 2017-жылы 6-апрелге караган түнү ФСБ кызматкерлери батирди басып кирип, жардыргыч затттарды кызматкерлери ыргытып коюшканын бир ооздон айтып келишет.

Ал эми аны метродогу жардырууну уюштурган деп соттолгон, Кыргызстанда туулуп, кийин Орусиянын жарандыгын алышкан ага-ини Акбар жана Аброр Азимовдор башынан жалган жалаага кабылып, айыпты моюнга алган баштапкы көрсөтмөлөрүн кыйноо алдында жазганын айтышкан.

Аброр Азимов.
Аброр Азимов.

Санкт-Петербургдагы Коомдук байкоочу комиссиянын мүчөлөрү тергөө абагындагы Аброр Азимов менен жолукканда аны ФСБнын кызматкерлери бир жертөлөдө электр тогу менен кыйнашканын айтып берген.​

«Мына, алар суроо берип, бирок, жообун күтпөй эле ток менен урдуруп жатышат. Мен аларга кыйкырып жооп беришим керек», - деген анда Аброр Азимов.

Азимов ФСБнын кызматкерлери белгисиз бир адамдардын сүрөттөрүн көрсөтүп, аларды «тааныйм» деп айтууга мажбурлашканын айткан. Укук коргоочулар менен бул жолугушууга тергөө изоляторунун кызматкерлери жолтоо болуп, токтотуп коюшкан.

Уулдарынын актыгын айткан Жалал-Абад шаарындагы Азимовдордун ата-энеси Орусиядагы соттун калыстыгына акырына чейин ишенишкен эле.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG