Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:34

Ош: өспүрүм кыйноого кабылганбы?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарынын тургуну өзүнүн 15 жаштагы уулун «кыйноого алышты» деп милиция кызматкерлеринин үстүнөн прокуратурага кайрылды. Шаардык милиция муну куру жалаа катары сыпаттады.

«Уулумду кыйнашкан»

Ош шаарынын тургуну Роза Хамидова үч жыл мурда үч баласы менен жесир калган. 15 жаштагы уулу Илияс (аты өзгөртүлдү) Араван районундагы мектеп-интернатта окуйт. Розанын айтымында, уулун 3-июнь күнү мектептен кайтып келе жатканда милиция кармап кеткен.

«Ал мектептен келе жаткан, - деди баланын апасы. - Шаарга жетип, 136-маршруттагы автоунаа менен үйгө жакын аялдамадан түшкөн жеринен кармап кетишкен. Аны белгисиз адамдар машинеге күчтөп салып, Озгур айылы тараптагы талаага алып барып, «сен уурулук кылгансың» деп сабашкан экен. Балам уурулук кылбаганын айтса, башына желим баштык кийгизип, оозун скотч менен жаап кыйнашыптыр. Балам эти ооруганына чыдабай, кылбаган ишти моюнга алыптыр. Ошол эле күнү уулумду машинеге салып алып, дагы бир нече жерге алып барышкан, бардык жерде башына желим баштык кийгизип кыйнашкан. Ошентип жалпысынан тогуз уурулук ишин уулумдун мойнуна илип коюшкан».

Ошол күнү мектептен кечиккен уулун күтүп, тынчы кеткен эне кечки 21 чамасында гана анын дайынын угуп, Ак-Буура милиция бөлүмүнөн уулун алып келген. Бул окуядан кийин Роза Хамидова «жашы жете элек уулумду кыйноого алышты» деген арыз менен прокуратурага, Кыйноого каршы улуттук борборго жана Акыйкатчы институтуна кайрылган.

Кыйноого кабылды деген Илиястын адвокаты Мухаё Абдураупованын «Азаттык» радиосуна берген маалыматына караганда, өспүрүм толугу менен соттук-медициналык экспертизадан өттү.

«Биз 4-июнда эле прокуратурага кайрылганбыз, арызды кабыл алып, балага соттук-медициналык экспертиза дайындашты, - деди ал. - Андан толугу менен өткөн, эми жыйынтыгын күтүп жатабыз. Психологиялык-психиатриялык экспертизаны тергөөчү дайындашы керек, аны күтүп жатабыз. Прокуратура бул ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке да берген. Бул иш Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын маалымдашкан».

«Жоопкерчиликтен куткаруу максаты»

Милиция болсо бул маселени жалаа деп билдирүүдө. Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун «Азаттыкка» маалымдаганы боюнча, 15 жаштагы өспүрүм бир нече жолу уурулук менен кармалып, түрдүү себептер менен кое берилген.

Замир Сыдыков.
Замир Сыдыков.

«Бул бала ондон ашуун уурулук кылып кармалган, - деди милиция өкүлү. - Бирок анын жаштыгын, атасы жоктугун эске алышып, жабырлануучу тараптар да тосмо арыз жазып, кылмыш иши кыскартылып келген. Акыркы жолу шаар четиндеги Озгур айылындагы дүкөндөн 40 миң сомдук товарды уурдап чыгып, аны дүң базарга өткөргөн. Бул кылмышы ошол жердеги видео камерага түшүп калган. Ал кылганын толугу менен мойнуна алган. Бирок анын жакындары баласын кылмыш жоопкерчилигинен куткарып калуу максатында башка көзөмөл органдарына арыз жазып, милицияны жаманатты кылып жатышат. Баланын акыркы уурулугу боюнча тергөө иштери жүрүүдө».

Милициянын кайсы бир кылмыш боюнча шек саналып кармалган адамдан кыйноо жолу менен керектүү көрсөтмөнү алаары айтылып келет. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова өспүрүмдүн кыйноого кабылган-кабылбаганын көзөмөл органдары жакшылап иликтеши керек деген пикирде.

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

«Азыр прокуратура тергебейт, УКМК тергейт, - дейт укук коргоочу. - Ошондуктан, кептин баары ал кантип тергешинде жатат. Бирок адвокатка көп нерсе көз каранды. Ал кошумча экспертизаларды талап кылып, Стамбул протоколу боюнча колунан келген мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга тийиш. Ал эми бала кыйноого кабылганбы же жокпу - ал тергөө учурунда ачыкка чыга турган иш».

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борборго былтыр 123 арыз түшкөн. Анын ичинен 113ү милиция кызматкерлерине, жетөө УКМК кызматкерлерине, калган үчөө ЖАМКка, прокуратурага жана дарыгерлерге байланыштуу болгон.

Ал эми Башкы прокуратура өткөн жылдарга салыштырмалуу Кыргызстанда кыйноо 11 пайызга азайганын билдирген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG