Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Токтогазиева: Бишкек БУУнун аянтчасын колдоно албай жатат


Сания Токтогазиева, Юридикалык илимдеринин доктору, конституциялык укук боюнча эксперт
Сания Токтогазиева, Юридикалык илимдеринин доктору, конституциялык укук боюнча эксперт

Президент Сооронбай Жээнбековдун БУУнун Башкы Ассамблеясындагы сөзүндө белгилүү болгондой, Кыргызстан Уюмдун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин койду. Конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиева президенттин эл аралык трибунадан көтөргөн маселелерин талдады.

- Кыргызстан Адам укуктары боюнча Кеңешке жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин койду. Мындай чечим эмнеге негизделген? Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Кыргызстандын талапкерлигин колдойт деп үмүттөнсө болобу?

- Бул эмне менен негизделгенин деле билбейм, бирок мен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Кыргызстандын талапкерлигин колдобойт деп ишеничтүү айта алам. Коопсуздук Кеңешинен Азия менен Африкага бериле турган беш орундун экөө гана Азияга берилет. Азия тобунда Кыргызстандан башка дагы 55 өлкө бар. БУУнун Башкы Ассамблеясынын колдоосун табыш үчүн ал жакта күчтүү лобби керек.

Сооронбай Жээнбековдун сөзү да, БУУнун жыйынындагы Кыргызстандын тышкы иштер министринин сөзү да кагазда гана кала берерин айта кетиш керек. Ал эми иш жүзүндө Кыргызстандын БУУдагы өкүлдөрү биздин кызыкчылыктарды сүрөөдө, күчтөрдү мобилизациялоодо эч кандай чара көрбөй келет. Себеби, Бириккен Улуттар Уюму - бул ар тараптуу сүйлөшүү моделдеринин негизинде түптөлгөн уюм.

Азыркы учурда БУУну реформалоонун алкагында өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө ар кандай маселелерди БУУнун күн тартибине чыгарууга көптөгөн мүмкүнчүлүк берилип жатат. Бирок аны ишке ашыруу үчүн күчтүү дипломаттар керек. Ал эми бизде тилекке каршы андайлар жок, ошондуктан биздин талапкерлигибизди колдойт деп ойлобойм.

- Президент өз сөзүндө Кыргызстанда адам укуктары корголуп, масштабдуу сот реформасы жүрүп жатканын билдирди. Бул чындыкка дал келеби?

- Атамбаев бийликте турган чактан бери эле бизде адам укуктары корголуп жатканын айтып келебиз. Бирок 2016-жылы Кыргызстанда конституциялык реформа болгон. Анда адам укуктарына тийиштүү болгон эл аралык келишимдердин артыкчылыгы таптакыр эле төмөндөтүлгөн. Алар жада калса Конституциядан да төмөн турат.

Кыргызстан монисттик позициядан дуалисттик позицияны жактаганга өттү (автордон кошумча - дуалисттик концепцияны жактаган өлкөлөр эл аралык укук менен улуттук укукту эки башка деп тааныйт, монисттик концепцияны жактаган өлкөлөр эл аралык укук менен улуттук укуктун биримдигин тааныйт).

Биз ошондой эле БУУнун Адам укуктары боюнча Комитетинин сунуштарынын аткарылышына көз чаптырсак болот. Ошол эле Азимжан Аскаровдун ишин алып карасак болот. Кыргызстан Адам укуктары боюнча Комитетте мүчө болуп туруп ушундай конституциялык реформаларды жүрүзгөнү анын макамына карама-каршы келет.

Конституциялык реформадан кийин Жогорку Кеңеш Адам укуктары боюнча Комитеттин сунуштамалары кандайча ишке ашырылышы керек экенин аныктаган мыйзам кабыл алышы керек. 2016-жылдан бери канча убакыт өттү, андай документ жок. Жогорку Кеңеш тескерисинче Кылмыш кодексине, Кылмыш жазык кодексине БУУнун Адам укуктары боюнча Комитетинин сунуштамалары ишти кайра кароого негиз боло албайт деген өзгөртүүлөрдү киргизди.

- Келерки парламенттик шайлоого токтолсок. Президент Улуттар Уюмунун трибунасынан сүйлөп жатып, дүйнөлүк коомчулукка келерки шайлоону таза жана ачык өткөрүүгө убада берди. Бул, албетте, чоң милдет. Президент бул убаданы аткара алабы? Негизи эле дүйнөлүк коомчулук Кыргызстандагы шайлоого көз салып турабы?

- Биздеги шайлоо дүйнөлүк коомчулукка канчалык маанилүү экенин билбейм, бирок Орусия жана Кытай сыяктуу биздин стратегиялык өнөктөштөр үчүн, коңшу өлкөлөр үчүн маанилүү. Биз азыр көрүп тургандай Евразия жана Кытай менен мамилелер боюнча ар кайсы саясий партиялардын позициясы ар кандай болуп жатат. Путин жакында эле интеграция, аймактык кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирди. Ошондуктан Орусия Евразиялык интеграцияны күчөтүү демилгеси менен чыгып жаткан партиялардын утушун каалайт.

- Акыркы суроом болсун. Президент эмне жөнүндө айтпай калды? Дагы кандай маселелерди көтөрүшү керек эле? Негизи эле Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасын кандайча колдонсо болот эле?

- Жалпысынан Жээнбеков Кыргызстан лидер боло алчу маселелерди көтөрдү десек болот. Мисал катары ошол эле мөңгүлөрдүн эриши, биологиялык ар түрдүүлүктү сактап калуу сыяктуу экологиялык маселелерди айтсак болот. Бирок мен мурда айткандай эле бул билдирүүлөр жөн гана билдирүүлөр болуп кала берет.

Башкы Ассамблеяга чыгып сүйлөөнүн негизги максаты башка өлкөлөрдү көтөрүлгөн маселелерди колдоп берүүгө ынандыруу. Башкы Ассамблея конференциянын форматында иш алып барат.

Ал эми конференциядан сырткары өлкөлөр өз кызыкчылыктарын сүрөп, алар көтөргөн маселелер Башкы Ассамблеянын негизги күн тартибине киргизилишин камсыз кылуу керек. Жээнбеков тышкы саясат үчүн жооп берген командасы менен аны кыла алган жок. Бул биздин БУУнун алкагындагы мүчөлүгүбүздү толук кандуу жана натыйжалуу колдоно албай жатканыбызды билдирет. Бул айланып келип эле чабал кадр саясатына такалат. Тилекке каршы, БУУда биздин кызыкчылыктарды коргоп келген дипломаттардын иши канааттандырарлык болбой жатат.

XS
SM
MD
LG