Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Борбор Азиядагы боору таш зомбулук


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбор азиялык эксперттердин карантин маалындагы үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу сукбаты.

«Азаттык»: - Карантин маалында Борбор Азиядагы үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу кеп кылууга Өзбекстандан эркин изилдөөчү Зайнаб Мухаммад-Достту, Казакстандан «Айт, унчукпай турба, KZ» фондунун жетекчиси Дина Смаилованы, Кыргызстандын кризистик борборлорунун аткаруучу директору Толкун Төлөкованы чакырдык.

Үй-бүлөлүк зомбулук маселеси карантин маалында күчөгөн жокпу? Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 60% ашуун көбөйүп кеткени тууралуу маалымат чыкты. Дина, Казакстанда жагдай кандай?

Дина Смаилова: - Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, үй-бүлөлүк зомбулук 23,6% көбөйгөн. Бул эми ачыкка чыгып калгандары. Ишеним телефондоруна чалгандар боюнча, күнүгө 10-15 жолу телефон чалынып турат. Телефон чалган он аялдын экөө гана зомбулукка кабылганын ачык айтып, полицияга барууга макул болот.

Жагдай чынында эле төбө чачты тик тургузчудай. Мисалы, март айында үй-бүлөлүк чатактан 30 киши өлтүрүлгөн. Анткен менен бул жагдай негедир өкмөттү сестентпейт.

Грузияда 14 аял киши колдуу болгону ачыкка чыккандан кийин өкмөт ал жерде мыйзамды күчөттү. Бизде азыр «күйөөсү аялын балталап салды», «балдарынын көзүнчө апасын өлтүрдү», «кимдир-бирөөнү өрттөп жиберди» деген дене-бойду титиретчү окуялар март-апрелде жайнап кетти. Биз өкмөткө кайрылып, жагдайды көзөмөлгө алып, мыйзамды катаалдаштырууну сунуш кылдык. Эч кандай жооп болгон жок.

Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча сот иштерине келсек, 15-февралдан 15-апрелге чейин үй-бүлөлүк зомбулук боюнча полицияга 20 миңден ашуун арыз түшүптүр. Жыл башынан бери соттордо 7 миңден ашуун иш каралган. Көбү кийин жарашып алышат. Зомбулук көрсөткөндөр эч кандай жазасыз калышууда.

«Азаттык»: - Тараптардын жарашуусу болуп калат да?

Дина Смаилова: - Бир жагынан жарашып алуу, экинчи жагынан тууган-уруктарынын басым-кысымы чыгат. Карантин маалында токмоктолгон аял полицияга барып, медициналык ырастама алып, иш сотко жеткиче убакыт өтөт. Ушундай тоскоолдуктардан улам азапка малынган аял ыйлап кала берет, эркектин зөөкүрдүгү токтобойт. Мамлекет мындай иштерге ыкчам кийлигишкен жок. Ал эми кризистик борборлор баарына жетише албайт.

Казакстан боюнча 280 аял гана кризистик борборлордун жардамын алат. Кандайынан келгенде да, аялын, балдарын азапка салгандарга каршы мыйзам күчөтүлүшү керек. Кечээ мен жаңылыктан окудум. Латвия жараны колунда коргоо кагазы бар аялын уруп койгону үчүн үч жылга камалат экен. Ошондой эле кылмыш үчүн бизде «тентектик кылды» деп беш күнгө камалат. Мисалы, Грузияда 4,6 миң адам үй-бүлөлүк зомбулук үчүн камалгандар экен. 3,5 миллион калкы бар өлкөдө бул көп.

Казакстанда 18 миллион адам жашайт. 600 адам «Зомбулук» беренеси боюнча соттолгон. Калганы административдик жазага кабылышат. Ашып барса 10 күн абакта отурат же айып төлөйт, болбосо эскертүү берилет.

«Азаттык»: - Зайнаб, карантин башталганы Өзбекстанда да үй-бүлөлүк зомбулук күчөгөнү айтылууда...

Зайнаб Мухаммад-Дост: - Ошондой болуп жатат, үй-бүлөлүк чыр-чатактар карантин маалында күчөп кетти. Кыргызстан менен Казакстандан айырмаланып, Өзбекстанда зомбулук боюнча жалпы улуттук статистика жок. Ушундай маселе бар экени айтылат, бирок көрсөткүчтөр жок. Жыл сайын, ай сайын үйдө болгон кылмыштардын саны канча экенин билбейбиз.

Расмий каналдарда, сайттарда үй-бүлөлүк зомбулук күчөп жатканы маалымдалат, кайрылуулар жиберилет, бирок анын артындагы жалпы улуттук жагдай айтылбайт. Статистиканын жоктугу проблеманын масштабына байланыштуу болушу мүмкүн. Өкмөт «маалыматты ачыкка чыгарып жиберсек, арты күтүлбөгөн жыйынтыктарга алып келет» деп коркот шекилдүү. Кандайынан келгенде да этияттануу бар.

Ачык айтпаган статистика

«Азаттык»: - Ачыкка чыгып калган иштер боюнча, азапка кабылган аялга мамлекет, кризистик борборлор тарабынан кандайдыр бир жардам берилеби?

Зайнаб Мухаммад-Дост: - Карантин башталганда «Ишонч» ишеним телефону иштей баштаганы кабарланган. Кайрылгандардын саны айтылат. Эсимде, 11-16-апрелде ишеним телефону аркылуу 121 киши кайрылган. Кийинки аптада ал 300 адамга жеткен. Кийин бир аз азайган – 131 киши болгон.

Кайрылган аялдарга психологиялык жардам берилгени, юристтер иштей баштаганы, айрым балдар энелери менен реабилитациялык борборго жаткырылганы кабарланды. Күйөөсүнүн зомбулугуна туш келген аялдардын айрымдары сотко кайрылышат.

Үй-бүлөдөгү зомбулук тууралуу маалымдоо каражаттары аз жазышат. Биз жагдайдын кандайлыгын көбүнесе социалдык желеден алабыз, мамлекеттик каналдарда, маалымдоо каражаттарында чагылдырылбайт.

Дина Смаилова: - Биз статистиканы өзүбүздүн булактар аркылуу чогултабыз. Курман болгон аялдар тууралуу маалыматты ИИМден алабыз. Көпчүлүк маалыматтарды прокуратурадан, соттон алабыз. Бул көп өлкөлөргө тийиштүү нерсе, чыныгы статистиканы жашырып коюшат. Статистиканы медициналык мекемелер аркылуу көзөмөлдөөнү сунуш кылганбыз. Токмоктолгон аял ооруканага келет. Бирок ал жерде жалпы статистика катталат, үй-бүлөлүк зомбулук өзүнчө бөлүнбөйт, авария, капыс кырсык ж.б. Бизде деле так статистика жок, анын үстүнө бул масштабдуу маселе.

Карантинде жардам издеген аялдар

«Азаттык»: - Кыргызстанда карантин маалында үй-бүлөлүк зомбулук балдарга карата күчөп кеткени маалымдалды. Тилекке каршы, өз жанын кыйган балдар көбөйдү.

Толкун Төлөкова: - Өткөн жылдын ушул кезине карата салыштырсак, быйылкы статистика үй-бүлөдөгү зомбулук 65% көбөйгөнүн көрсөттү. Эл өзү маселе оорлошуп калганын кабатырлануу менен белгилеп жатат, үй-бүлөдө зомбулук күчөп кетти.

Былтыр бизде жаңыланган Жазык, Жоруктар кодекстери иштей баштады. 2019-жылдан үй-бүлөдөгү зомбулук кылмыштар жана жоруктар боюнча өз алдынча катталат. Карантин учурунда 354 жорук, болгондо да 75-берене («Үй-бүлөдөгү зомбулук») боюнча катталган. Туура, бул аябай көп сан, карантин маалында катталган иштер өткөн жылдын көрсөткүчүнө жетип турса ким да болсо чочуйт.

Биздин кризистик борбор 26-мартта өзгөчө абал киргизилгенден тартып психологиялык көмөк көрсөтүү боюнча жарыя бергенбиз. Биздин кызматкерлер өз демилгеси менен психологиялык жардам тармагын ачышты. Анда жалаң эле зомбулуктан жабыркагандарга эмес, турмуштук оор жагдайда калгандарга да психологиялык колдоо көрсөтүлөт. Карантин башталган алгачкы 20 күндө бизге телефон аркылуу 700дөн ашуун маалымат келип түштү. Булардын көбү тамак-аш, гуманитардык жардам кандай берилет, республика ичинде кантип жүрүүгө болот өңдүү суроолор болду. Эң көп суроолор гуманитардык жардам тууралуу, андан кийин психологиялык оор абалга кептелгендер кайрылышты. Андан кийин үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө көп чалышты.

Телефон чалгандардын 90% гуманитардык жардам, калганы 10% үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча кайрылышты. Белгилей кетчү маселе, биз бейөкмөт уюмдар, мамлекет, эл аралык уюмдар карантин шартында үй-бүлөлүк зомбулукка каршы ыкчам иштерди жасоого даяр эмес экенбиз. Өзгөчө абал учурунда зомбулукка туш келген аялды кайсы жерге кантип алып кетүүнү билбей калдык.

Карантин маалында көп аялдар паспортторун таштап, бир райондон экинчисине каттай албай калышты. Биз Жазык кодексине өзгөртүү киргизип, карантин шартында кылган кылмышы үчүн 48 саат кармоого, 15 күн камакка алуу каралышы керек деген сунуш киргиздик. Биздин демилгени парламент колдоп, 48 саат кармоону киргизүүнү колдоду.

Дина Смаилова: - Биз Казакстанда да ушундай эле сунуш киргиздик. Алгач 10 сутка, эгер андан кийин да жинин тыйбаса карантин аягына чыкканча абакта кармаш керек экенин айттык. Карантин эки айга белгиленген.

Дагы бир жагдай бар: бизде арак ичкендер 40% көбөйдү. Ичимдик, албетте, үй-бүлөдөгү зомбулукту күчөтөт. Тилекке каршы, өзгөчө абалдын жоболорун караган кезде президент коомчулуктун пикирине көңүл бурган жок.

Бизде үйдөгү чыр-чатактар, зомбулук боюнча жаңы мыйзам долбоору даярдалып жатат. Мен жумушчу топтун мүчөсүмүн, парламентте талкуудан өтүүдө. Жаңычыл жакшы мыйзам, бир топ катаал жазалар каралган. Бирок ал азырынча даярдалып жатат, жумушчу топ аны удулуна келтиргенче кыйла убакыт өтөт. Ага чейин аялдар азап тартып отурушат.

Ириң жарылганда...

Зайнаб Мухаммад-Дост: - Кызматташтар, Борбор Азия республикаларында кандай иштер жүрүп жатканынан кабардар болуш бизге кызык. Өзбекстанда мурдагы кезге караганда ушу тапта мамлекет тарабынан көп иштер жасалууда. Проблема мурда деле бар болчу. Мыйзамдар кабыл алынды. Аялдарды үйдөгү кысымдан, зомбулуктан коргоо, аял менен эркектин тең укуктуулугу боюнча кепилдиктер тууралуу мыйзамдар кабыл алынган. Карантин маалында бул мыйзамдардын болгону жакшы болду, булар болбосо эмне болор эле – муну эч ким билбейт.

Азыр реабилитациялык борбордо 42 киши мамлекеттин коргоосунда турат. Аялдар менен балдар. Үйдөгү зомбулуктан аял гана жабыр тартарын айтабыз, андан балдар да көп жапа чегишет. Аялдар укуктарын билишет, бирок ыйын ичине катып, үйүндө же маалеге билинген чатагын жаап унучукпай отуруп калышат. Маале жергиликтүү өз алдынча башкаруу катары бул ишке киришип, үй-бүлөнү сактап калууга аракет кылат.

Үй-бүлөнү сактап калуу жакшы, бирок ал ичтен ыдырап, зордук-зомбулук, зөөкүрдүк үстөмдүк кылып калган шартта сакташ кыйын. Мына ушул маселени түшүнүү кыйынга турат. Аны аял өзү билбесе ал эч жакка кайрылбайт, жардам сурабайт. Анын натыйжасын кийин чоң апаат болуп өткөн соң, өлтүрүп же майып кылып койгондон гана билип калабыз.

Кылмыш тууралуу жазылган кабарларда да үй-бүлөлүк зомбулук айтылбай калат, үйдө эмне болгонун саналуу гана кишилер билип, калганы кабарсыз калышат. Айрым социалдык тармакта гана айтылбаса, жабык бойдон калат. Менимче, муну ачык айтышыбыз керек. Маалыматты ачыкка чыгарып, так сандарды жарыялап туруш керек. Мурдагы азыркы жагдайды салыштырып, колдо так сандар турса бул көрүнүш менен кантип күрөшүүнүн жолун билебиз, аны кантип жоюунун жолун издейбиз.

Өзбекстанда «Зордукка жол жок» каналы иштейт. Гендердик комиссия канча киши кайрылганын айтып турат. Зордук-зомбулук тууралуу ачык, айкын маалыматтар болуп, ал элге таралып турмайын көпчүлүк бул маселенин олуттуу, маанилүү экенин билбей калат.

«Азаттык»: - Сиз айткандарга кантип жетишүүгө болот?

Дина Смаилова: - Казакстанда мыйзам боюнча күйөөсүнүн мурдагы аялдары үй-бүлө мүчөлөрү болуп эсептелет. Алар үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун айынан мыйзам боюнча мүчө болуп калышат. Статистиканы карап отуруп бир жагдайга туш келдик. Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча полицияга арыз менен кайрылгандардын 70% - күйөөсүнүн мурдагы аялдары. Алар чоң муштум күйөөсүнөн кете албай жүрүшкөнүн айтышат. Бул жагдайды изилдеп көрсөк мындай кырдаал көп өлкөлөрдө болот экен. Уруп-токмоктоп, артынан түшүп алып коркутуп, денесине залал келтиришет. Азап тарткандардын көбү мурдагы аялдары.

Францияда мурдагы аялдарды коргоо боюнча мыйзам иштейт, ал мурдагы аялдардын укуктарын коргойт. Мурдагы аялы үй-бүлө мүчөсү болуп эсептелгендиктен аны кордоо, ага зөөкүрдүк кылуу кылмышка кирбей, администртивдик жоопкерчиликке гана тартылып калат. Биз ушундан кийин «Мурдагы аял эркинби?» деген флешмоб баштадык.

Борбор Азиянын бардык жеринде бирдей эле жагдай. Биз аялдарга «жашырбагыла, айткыла, жазгыла, социалдык тармакка сүрөтүңөрдү, зөөкүр күйөөңөрдүн сүрөтүн илгиле, эл билсин» деп жатабыз. Карантин маалында 15 аялдын таржымалын чыгардык, алар өздөрү кайрылышты. Окуя маалымат каражатына чыгар замат полиция департаменти ыкчам ишке киришет. «Фейсбукка» чыккандын эртеси кимди кармашканы, кимди кылмыш жоопкерчилигине тартканы тууралуу маалымат келип түшөт. Социалдык тармакка чыккан окуя жаңырык жаратып, жооп берилүүдө.

Казакстанда Үй-бүлө министрлиги жок. Үй-бүлө мамлекеттин негизи го. Үй-бүлөнүн проблемасын системалуу, комплекстүү чечмейин бул маселе ушинтип чечилбей кала берет.

Саясатты кайрадан карап чыгып, анын башына үй-бүлө маселесин, казакстандыкпы, өзбекстандыкпы, кыргызстандыкпы – эң башына коюп, ал өкмөттүн негизги иши болуш керек. Андай болгуча бул проблема ушинтип чечилбей кала берет.

Толкун Төлөкова: - Азыр милиция кызматкерлеринин колу бош эмес, постто турушат, айыл-шаарлардын ичинде эл кыдырышат. Алар карантин шартында иштеп жатышат. Ушундай жагдайда алар зомбулукка кабылган аялга укуктарын түшүндүрүп, мыйзам негизинде күйөөсүнө кандай чара көрүлөрүн жакшы билдирип койсо бул да чоң таасир этмек. Милиция кызматкерлеринен укук маселелерин мыкты билген көчмө бригадаларды түзүү зарылбы деп ойлойм.

Зомбулукту токтотуунун аргасы

Зайнаб Мухаммад-Дост: - Көп маселени билим чечет. Кишилер эмне туура, эмне туура эмес экенин билишпейт. Азыркы карантин эмес, башка убакта деле гендердик теңчилик, аял укуктары тууралуу эл арасында агартуу иштерин жүргүзүш керек. Аялдын укуктары эркектин укуктарына каршы келбейт. Гендердик маселелер системалуу, такай жүргүзүлүп турушу зарыл. Аялдар элементардуу нерселерди билиши кажет.

Дина Смаилова: - Баарынын укуктары бирдей - балдардын, карылардын укуктары. Бир үйдө жашагандардын баарынын укуктары бирдей. Биз дайым зомбулуктан жапа чеккен адамдын укуктарын коргоп, аны калкалап, жардам берип жүрсөк, андан зөөкүрдүн жүрүм-туруму оңолуп кетпейт. Ал башка бирөөгө кетип калышы мүмкүн. Зөөкүрдү камап, аны мыйзам негизинде жазага тартсак, жалгыз бирөөнү эмес, көп адамдарды тарбиялайт элек.

«Биз унучукпай коё албайбыз!» аттуу кыймылыбыз менен төрт жыл ушул адам укуктарын коргоо алкагына киргенибизде Казакстанда жылына 3,5 миң зордуктоо болуп турчу. Жаш балдарды зордуктоо 1,5 миңге жетчү. Бул аралыкта биз мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө жетише алдык, мыйзамда тараптардын жарашуусу жок. Бүгүнкү күнгө карата зомбулук үч эсе азайды. Бизде кризистик борборлор жок, биз сөз менен күрөшүп келатабыз, элге чыгабыз.

«Азаттык»: - Мындан ары эмне кылабыз? Мына карантин, баары камалып отурушат. Зөөкүр да, анын курмандыгы да бир үйдө. Зомбулукту болтурбай коюш үчүн кандай кадамдарга барышыбыз керек, кайсы багытка бурулушубуз керек?

Дина Смаилова: - Унчукпай калбаш керек. Айтыш керек. Айласы куруган аялды колдоп, зомбулукка каршы чогуу турушубуз керек.

Зайнаб Мухаммад-Дост: - Аял кайрылчу кризистик борборлор, ишеним телефондору көп болушу керек. Жардам керек деген аялга ал барчу жерлердин дарек-дайыны белгилүү болсун. Жанында кызыл камчы күйөөсү турса аял кантип телефон чалат? Мыйзам сактоо органдары кийлигиши үчүн кабарлоонун кеңири жолдору, ал түгүл коддолгон белгиси болушу керек. Ыкчам жардам көрсөтүү, көптөгөн көмөк көрсөтчү жерлер болсун.

Толкун Төлөкова: - Болгон окуялардын эсеби так болушу керек. Анан зомбулукка каршы иштечү мобилдүү топтор, түз байланыштар тынбай иштеп турсун. Милицияга психолог адистерди кошуп берип бул маселени коштой жүрчү башка проблемаларды чечүүнүн жолун издөө зарыл.

«Азаттык»: Рахмат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG