Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:17

Пакистан кыргыз ЖОЖдорун кара тизмеге киргизди


Кыргызстандагы индиялык студенттер.
Кыргызстандагы индиялык студенттер.

Кыргызстан-Пакистан биргелешкен комиссиясы кыргыз окуу жайларынын ишин текшерип чыгышат. Буга Пакистан тараптын Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизиши себеп болду.

Кыргызстанда чет өлкөлүк студенттерге кандай билим берилет? Кыргыз окуу жайларынын лицензиялары кайра каралабы? «Арай көз чарай» берүүсү ушул теманы талкуулады.

Талкууга Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташуу жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Мааткеримова, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын проректору Кеңешбек Ырысов, чет өлкөлүк студенттер менен иштеген, билим берүү тармагы боюнча адис Элира Турдубаева катышты.

«Азаттык»:- Пакистандын Медициналык комиссиясы Кыргызстандын медициналык окуу жайларынын баарын кара тизмеге киргизди. Бул жагдайга Кыргызстандан бүткөн пакистандык студенттердин 90% Пакистандын Медициналык кеңешинен милдеттүү медициналык экзаменден өтпөй калганы себеп болгон. Натыйжада алардын дипломдору Пакистанда таанылган эмес.

Буга байланыштуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев медициналык багыттагы адистерди даярдаган жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жыйын курду. Чынара айым, министрлик кандай чечимдерди кабыл алды? Жыйында эмнелер айтылды?

Чынара Мааткеримова: - 2019-2020-окуу жылында Кыргызстанда 41 миң чет өлкөлүк студент катталган. Анын 6788и Пакистандан келгендер, эң көбүн индиялыктар түзөт. Алардын саны 12 миңден ашуун. Өлкөдө 19 жогорку окуу жайы медицина адистерин даярдайт.

Ал эми министрликте өткөн жыйында пакистандык студенттерге байланышкан кырдаал талкууланды. Медицина жаатында билим бергени менен көпчүлүк окуу жайлары эл аралык аккредитациядан өтпөгөнү белгиленди. Жаралган кырдаал инвестициялык климатка, аны менен катар билим экспортуна терс таасирин тийгизгендиктен, мындан ары министрлик тарабынан окуу жайлардын ишмердүүлүгүнө болгон лицензиялык көзөмөл күчөтүлөөрү айтылды.

Муну менен катар жалпы көрсөткүчтү көтөрүү максатында пакистандык студенттерге болгон кабыл алуу талаптарын катаалдаштыруу тууралуу да сунуштар айтылды.

Чет өлкөлүк студенттердин көйгөйлөрүнө, коопсуздугуна байланыштуу да тапшырмалар берилди.

Билим берүү министри менен Пакистандын Кыргызстандагы элчисинин жолугушуусунун негизинде Кыргызстан-Пакистан биргелешкен комиссиясы түзүлө турган болду.

Ушундай эле комиссия 2016-жылы да мониторинг жүргүзгөн. Андыктан мындай чечим чыгарардан мурун Пакистан тарап жеринен кайрадан изилдеп көрүшсө болмок. Бул чыныгы жагдайды көрбөй туруп кабыл алынган чечим деп ойлойбуз.

«Азаттык»: - «Азаттык» пакистандык Аббас аттуу бүтүрүү курсуна жакындап калган студенттин пикирин сурады. Ал бардык студенттер англис тилинде окушаарын, ар кайсыл окуу жайда акы ар кандай өлчөмдө экенин, орто эсеп менен бир жылдык окуу келишимине бир студент 4000$ төлөй турганын айтат. Мындан сырткары ар бир студент жашай турган жерди өзү табаарын, буга ай сайын 250$ сарпташаарын билдирди. Аббас билим деңгээли боюнча сурообузга «көпчүлүк пакистандык студенттер окубай эле убактысын жөн эле коротуп басып жүрүшөт. Мен Кыргызстандын билим берүү министринен суранып кетет элем, экзамен системасын өзгөртүү зарыл. Окуу бул жерде жаман эмес, болгону экзамендер туура эмес системада өтөт. Ушундан улам студенттердин билими төмөн болуп жатат деп ойлойм. Окуу жайга кириш үчүн бир нече критерийлер иштелип чыгышы керек. Ошондой эле бир университет 200дөн ашык эмес абитуриент кабыл алышы керек. Эң негизгиси, медициналык окуу толугу менен практикадан көз каранды эмеспи, ал эми пакистандык студенттер мындай мүмкүнчүлүктөн ажырап калган», - деп жооп берди.

Кеңешбек мырза, сиздердин медициналык академияда канча чет өлкөлүк студент билим алат? Аларга сабактар кайсыл тилде берилет?

Кеңешбек Ырысов: - КММАда жалпы 7236 студент окуйт. Анын ичинде 2111 чет элдик жарандар, дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн келип окуп жатышат. Басымдуу бөлүгү индиялык студенттер. Ал эми Медакадемияда пакистандык 235 студент окуп жатат.

Бизде чет жактан келген студенттер үчүн клиникалык, лабораториялык шарттар жакшы түзүлгөн. Окутуучулар курамы сабактарды англис тилинде өздөрү жакшы сүйлөп алып барат.

«Азаттык»: - Анда эмне үчүн КММА кара тизмеде жүрөт?

Кеңешбек Ырысов: - Биздин билим эл аралык стандарттарга жооп берет. Биз бул чечимге түшүнбөй турабыз. Биз түздөн-түз Пакистандын Кыргызстандагы элчиси менен сүйлөшкөнүбүздө, КММАнын атынан Пакистанга барып студенттерди чакырып, жыйынтыгында абитуриенттер КММАга эмес, башка жеке окуу жайларына кабыл алынып калышкан учурларды айтып беришти. Биздин атыбызды колдонуп жүргөндөрдүн айынан ушундай тизмеге кирип калып жатат окшойбуз.

«Азаттык»: - Билим берүү тармагында иштер алдыга жылыш үчүн сөзсүз түрдө ушундай окуя болушу керек беле? Элира айым, мына сиз чет өлкөлүк студенттер менен иштешип келесиз. Кыргызстандагы билим берүү системасына бул окуя канчалык көлөкө түшүрөт?

Элира Турдубаева: - Олуттуу эле таасир этет. Лицензия маселеси көп талкуу жаратып келет. Уруксат берерден мурда окуу жайынын материалдык-техникалык базасын, практикалык, лабораториялык шарттарын, окутуучулар курамынын дараметин карап чыгышы керек. Биздеги жагдай - эски заводдордун имараттарын сатып же ээлеп алып, университет кылып алышкан. Кыдырып көрсөң, таптакыр шарты жок. Ал жактагы химиялык лабораторияларда жада калса реактивдер жок. Жатакана таптакыр берилбейт. Мугалимдери да англисче эптеп-септеп сабак беришет. Англисчелери жакшы эмес. Анан кантип алар окутат? Кантип студент экзамен тапшырат? Мугалим жөндөп сүйлөй албаса. Лицензияны май токоч тараткандай эле тарата беришсе. Коррупцияны жок кылмайынча бул көрүнүш улана берет.

Мындай жагдайдан кошуна өлкөлөр пайда көргөнү жатат. Мына, Өзбекстандын университеттери дароо контексттик жарнама бере калышты. «Кыргызстандын университеттеринде медицина адистигинде окуп жаткан чет өлкөлүктөр жеңилдетилген формада Бухара мамлекеттик университетине окуусун которо алат» деп.

«Азаттык»: - Чынара айым, лицензия берүү кандай жүрөт?

Чынара Мааткеримова: - Министрликте лицензиялоо жана аккредитациялоо башкармалыгы бар. Талаптар, алгоритмдер бар. Жаңы окуу жайын же факультет ачкысы келгендер сөзсүз түрдө бир катар талаптарга жооп бериши керек. Комиссия документтерди карагандан сырткары имаратты, окуу жайынын материалдык базасын да текшере алат. Бирок лицензия алып алгандан кийин кайра текшерүү жүргүзө албайт. Бул тоскоолдук кылат.

Бүгүнкү күндө сегиз окуу жай медицина тармагы боюнча эл аралык аккредитациядан өткөн. Көпчүлүк окуу жайларынын студенттери бүтүрүү курсуна келе элек. Алар студенттери бүтөрдө гана алышы мүмкүн.

Мындан сырткары лицензия берүү комиссиясы көп учурда басымга туш болушат. Алардын арасында таасирдүү саясатчылар, жада калса бийликтин ичинен да адамдар бар. Каражаты көп адамдар. Телефон аркылуу чалып коркуткан учурлар да болот.

Адам факторун жоюш үчүн министрлик лицензияны онлайн форматка өткөрүүнүн үстүнөн иштеп жатат. Быйыл онлайн окууга тапшыруу процессин жүргүзгөн сыяктуу эле уруксат берүүдө адам факторун жоготуу жагын ойлонуштуруп жатат.

Кеңешбек Ырысов: - Чет өлкөлүк абитуриенттердин билим деңгээлине карап да кабыл алууга көңүл бурушубуз керек. Мисалы, Пакистандын абитуриентин алганда 12 жылдык орто билими тууралуу аттестатына, алардын улуттук тесттерин 60% кем эмес тапшыргандарын экзаменге киргизүү зарылдыгы турат.

Чынара Мааткеримова: - Ошол эле учурда чет өлкөлүк студенттердин коопсуздугу да алдыңкы орунда турушу керек. Бейбаш балдар кол көтөргөн учурлар көп катталат. Күч кызматкерлери тарабынан да басым көрсөтүү тууралуу арыз-арман көп айтылат.

Мисалы, беш жыл мурун 400 пакистандык студент болсо, учурда жети миңге жакындап жатат. Ошол эле учурда окууга тапшырбай жөн гана жашап, иштеп жүргөн жарандар да бар.

Кеңешбек Ырысов: - Чет өлкөлүк жарандарга билим берүүнүн жакшы жагынан да кеп кыла кетсем. Мисалы, КММАда чет жактан келип окуган студенттердин өзүнүн биримдиги бар. Алар кез-кезде жолугушуп же өздөрүнүн жаңылыктары менен бөлүшүп турушат.

Алардын арасында АКШда, Европада, Индияда алдыңкы позициядагы дарыгерлердин катарына жеткендер бар.

Мисалы, биз Индияда клиникаларды кыдырып жүрсөк, «биз Кыргызстандан билим алганбыз. Азыр эми минтип бөлүм башчы, жетекчи же профессор болуп иштеп жатам» деп алдыбыздан тосуп чыкканда аябай кубанып калабыз.

Биздин бир бүтүрүүчүбүз Непалда саламаттык сактоо министри болуп иштеп жатат. Бул да болсо сапаттын белгиси да.

Биздин азыркы алты жылдык академиялык окуу программабызга Түштүк Корея кызыгып жатат. Алардын парламенти Кыргызстандын программасы туура келет деп уруксат берген. Эми келишим түзүлсө Кореядан да студенттер келиши мүмкүн.

Элира Турдубаева: - Бул студенттер эмне үчүн келип жатат? Өзүнүн өлкөсүндө босоголордон өтө албай, анан келип жатат. Бизде оңой эле өтүп кетишет. Акчасы да арзан. Азыр сабактар онлайн өтүлүп жатат. Заманбап виртуалдык чындыкка негизделген компьютердик программалар жок. «WhatsApp» менен эле чектелген окуулар кандай натыйжа берет? Эртеби-кечпи бул студенттер окууну бүтүрөт. Натыйжада билимсиз кадрлар пайда болот. Эгер мындай жол менен кете берсек, келечекте медициналык билим деңгээли өтө төмөндөп кетиши шексиз.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG