Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:25

Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларынын баарын кара тизмеге киргизди


Кыргызстанда билим алган индиялык жана пакистандык студенттер. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда билим алган индиялык жана пакистандык студенттер. Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистандын Медициналык комиссиясы Кыргызстандын медициналык окуу жайларынын баарын кара тизмеге киргизди. Бул тууралуу Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Анда айтылгандай, мекеме бул маалыматты Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинен алды. Бул жагдайга Кыргызстандан бүткөн пакистандык студенттердин 90% Пакистандын Медициналык кеңешинен милдеттүү медициналык экзаменден өтпөй калганы себеп болгон. Натыйжада алардын дипломдору Пакистанда таанылган эмес.

Маселени Билим берүү жана илим министрлиги медициналык багыттагы адистерди даярдаган жогорку окуу жайлардын ректорлору менен кошо 28-октябрда талкуулады. Анда дээрлик бардык окуу жайлары эл аралык аккредитациядан өтпөгөнү жана мындан ары аларга көзөмөл күчөтүлөрү белгиленди. Ошондой эле министрлик пакистандык студенттерге кирүү талаптарын күчөтүүгө чакырды.

Окуу жайлары бул жана башка талаптарды аткарбаса алардын лицензиясы кайра каралмакчы.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда билим алып жаткан 8700дөй пакистандык, тогуз миңден ашык индиялык студент бар. Алардын көбү Эл аралык университеттин медицина боюнча жогорку мектебинде, Ош мамлекеттик университетинде, Кыргыз-Орус (Славян) университетинде жана Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академияда билим алат. (ErN)

XS
SM
MD
LG